Б. Талгарбеков: Өзбекстандын азыркы айыл тагдыры кудум 1994-жылдагы Кыргызстанга окшош. Бизден 26 жыл кечигишти.

-Бекболот байке, айыл реформасы боюнча маегибизди уланталы. Бүгүн постсоветтик айылдарда болгон өзгөрүүлөрдү айтып берсеңиз?

- Макул. Алгач айыл реформасы жемиштүү болгон өлкөлөргө көз чаптырып алалы. Өткөн кылымда орус эли эки ирет мыкты айыл реформасын жүргүзгөн. Биринчи. Улуу реформатор Петр Столыпин 1906-жылы Россиянын өкмөт башчысы болуп бекип, айыл реформасын баштап, аны жүргүзүүгө 20 жыл сураган. Бирок ал 1911-жылы террористтин колунан курман болот. Анын беш жылда жасаган эмгеги “тарыхый” деп баалоого татыктуу. Айыл эли өнүгүү жолуна түшкөн, азыктүлүк импортер өлкө экспортерго айланган. Орус элинин экинчи жемиштүү айыл реформасы Ленинге тиешелүү. Ал НЭП (жаңы экономикалык саясат) деген наам алган (1923-29-жж.). Дыйкандарга соода эркиндиги берилген, айыл кооперациясы өскөн, айыл жери тынымсыз өнүгүп турган. Бирок Лениндин тактикалык жеңиши социализмди орнотуу стратегиясына дал келбеген. НЭПке 1929-жылы чекит коюлган.

- Орус элинен башкаларда жемиштүү айыл реформасы болгонбу?

- Албетте. Кытайдын кеменгер жетекчиси Дэн Сяопин 1978-жылы реформаны айыл жеринен баштаган болчу. Айыл калкына жер, чарба жүргүзүү, соода эркиндиги берилген. Айыл реформасы жемиштүү болду. Айтмакчы, реформа шыр жүргөн эмес. Дэн Сяопинден эки жыл соң, “Айылда реформа кандай жүрүүдө?”- деп сурашканда, ал “Жаңы жолдо жаңы ыр менен бараткандар бар, эски жолдо эски ыр созгондор бар, алар аз, көбү эски жолдо жаңы ыр менен баратышат”,- деп кыйынчылыкты билгизген.

Вьетнамды көрөлү. СССРдин “колтугунда” жан баккан бул өлкөдө да чарбалар ири дотацияда иштеп келген. Бирок 80-жылдардан баштап кризис күчөйт. 1987-88-жылдары өлкөнүн калкы түнкү саат үч-төрттөрдөн баштап кезекте турушчу. Бир адамга күнүгө бир кесе күрүч берилчү. Өлкө жетекчилиги 1989-жылы мамлекеттик чарбаларды жоюп, жерди айыл элине бөлүп берет. Жаңы дыйкандар эки жылда 90 млн калкы бар өлкөнү азык-түлүк кризисинен куткарышкан. Вьетнам соңку чейрек кылымда күрүчтү экспортоодо дүйнөдө үчүнчү, кофе данын экспорттоодо биринчи орунда.

- СССР кулаган мезгилде дүйнөлүк тажрыйба болгон экен да. Постсоветтик өлкөлөрдө кандай болду?

- Постсоветтик он беш өлкөнүн алтоосунда гана айыл реформасы жүргүзүлдү. Аларды талдайлы. Үч Прибалтика өлкөсү (Литва, Латвия, Эстония) 1940-жылы СССРге күч менен киргизилген. Ага чейин жер жеке менчикте болчу. СССР Прибалтикада да колхоз-совхоз системасын орноткон. Бирок алар 1988-жылы эле эркин дыйкан чарбаларды түзө башташкан. Ал эми 1990-жылы жерлерди мурдагы ээлерине кайтаруу мыйзамын кабыл алышып, колхоз-совхоздорду толук жоюшкан. Прибалтиканын айыл чарбасы учурда жогорку деңгээлде. Айыл реформасын жүргүзгөн төртүнчү өлкө - Армения. СССР кыйраган мезгилде армян эли оор тагдырга дуушар болгон. Өлкө Азербайжан менен согушуп, толук блокадада калган. Энергетикалык, азык-түлүк кризиси өлкөнү муунтуп турган. Президент Л.Тер-Петросян 1991-жылы январь айында колхоз-совхоздорду жоюп салган. Алардын ордуна 320 миң дыйкан чарбасы түзүлгөн. Арменияда биздегидей “колхоз-совхоздор кан-жаныбыз, ата-энебиз”- деген “булбулдар” болгон эмес. Жыйынтыгы, мисалы, эгер 1991-96-жылдары Россия, Грузияда айыл чарба өндүрүшү 60 пайызга төмөндөсө, Арменияда 120 пайызга өскөн. Учурда Арменияда айыл чарбада эмгек өндүрүмдүүлүгү мамлекети бай, айыл калкы жакыр Азербайжанга салыштырмалуу алты эсеге (!) жогору. Биз караган төрт өлкөдө (Прибалтика, Армения), Дэн Сяопиндин накыл сөзүнө таянсак, айыл эли “жаңы жолдо жаңы ыр менен” өнүгүүдө. Айыл реформасын жүргүзгөн бешинчи өлкө, Кыргызстан, “жаңы жолдо түгөнбөгөн эски ырлар менен” келе жатат. Ал реформанын күңгөйтескейин кийинки маекте талдайлы. Алтынчы өлкөдө, Грузияда 2004-жылга чейин кыйрап жаткан колхоз-совхоздордун жетекчилери жерлерди чарбанын “тыңдарына” арендага бере беришкен. Ошентип, озунгандар бардык жерлерди бөлүп алышкан. Көпчүлүк куржалак калган. 2004-жылы бийликке Михаил Саакашвили келет. Анын реформатору Каха Бендукидзе жер реформасына киришип, дилеммага такалат. Биринчиси – кыргыз айыл реформасынын жолуна түшүп, жерлерди үлүшкө бөлүп берүү. Экинчиси – “тыңдар” ээлеп алган жерлерди аларга биротоло жеке менчикке өткөрүп берүү. Жан дүйнөсү капиталист Бендукидзе экинчи жолду тандаган. Бул реформанын “мафиялык” варианты. Бирок башкы маселе чечилди. Жер ээсин тапты. Грузия да “жаңы жолдо жаңы ыр менен” айыл жерин өнүктүрүүдө.

- Кошуналарга кезек келди окшойт…

- Казак туугандардан баштайлы. Аларда да 90-жылдары айылда кыйроо жүргөн. Жерлер айдалбай, мал кырылып, жумушсуздук күчөгөн. Анан 1994-жылы казак бийлиги бизде кабыл алынган айыл реформасын жүргүзүү документин көчүрүп, реформага аттанды. Ал документке бир түзөтүү киргизилген. Эгер бизде айыл эли жер, мал-мүлк үлүшүн алууга түздөн-түз укук алса, казактар “акимдин чечими менен”- деген жобо киргизишти. Акимдер жакшы жерлерди, мал сарайларды, техниканы дос-тууган, өң-тааныштарына беришти. Реформа чала-бучкак жүргүзүлдү. Казак бийлиги 2007-жылдан баштап айылга чоң көңүл бөлүп, андан бери миллиарддаган акча берип келүүдө. Бирок, ишкерлик, эмгекчилдик жагынан казак дыйкандары кыргыз дыйкандарынан 10-15 жыл артта. Казакстан жан башына айдоо аянтынын көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда. Ал эми эмгек өндүрүмдүүлүгү боюнча арткы орундарда. Айыл чарбадагы бир адам жылына 5 миң долларлык продукция өндүрөт. Ал эми Европада - 100 миң доллар. Өзбекстанда 90-жылдары айыл чарба ири кыйроого учураган эмес. Буга президент Ислам Каримовдун диктаторлук режими жана өзбек калкынын эмгекчилдиги себепкер болду. Каримов айыл элин баш көтөртпөй, мажбурлап иштетип, пахта экспортунан жылына 5 млрд доллар киреше тапчу. Өзбекстанда колхоз-совхоз системасы сакталып турганынан ири пайданы жаңы кыргыз дыйкандары көрдү. Анда чек ара ачык эле. Өзбектер түнүчүндө жер семирткич, ГСМ ж.б. каражаттарды өздөрү ташып, кыргыздарга текейден арзан баага сатышчу. Менин эсебимде, чек ара жабылганга чейин, кыргыздар болжолу 10 млрд долларлык байлыкты өзбек колхоз-совхоздорунан алышкан. Каримов 2000-жылдары “реформа кылабыз, фермерчиликти колдогула”- дей баштады. Өкмөтү кызык реформа ойлоп тапты. Жеке чарба жүргүзүүгө белсенгендерге арендага жер берилип жатты. Бирок мамлекет аларга план берчү. Аны аткарып, анан калган кирешеге өз үй-бүлөңдү багасың. Аткарбасаң соттолосуң. Бул өтө оор шарт эле. Мисалы, 2013-жылы фермер Сафарбай Каримов планды аткара албай калып, асынып өлдү. Каримовдун тушунда өзбек эли эски жолдон чыга алган жок. Соңку чейрек кылымда өзбек айыл калкы кыргыз айыл калкынан алда канча жакыр жашап келди.

Жаңы президент Шафкат Мирзиёев дыйкандарды колдоодо, айыл чарба продукциясын экспорттоодо жакшы иштерди жасап жатат. Соңку 3-4 жылда айыл жери бир топ оңолду. Бирок прогрессивдүү лидер өзбек айылы өткөн 29 жылда туура эмес жолдо келгенин түшүндү. Жер реформасын жүргүзүү зарылдыгын жарыялап, учурда ал да Каха Бендукидзедей дилеммага кабылды. Өзбектерде чарбалардын болжолу төрттөн бир айдоо аянты фермерлерге узак мөөнөткө өтүп кеткен. Алардын арендага алган жерин кайра алып үлүшкө бөлүү же аларга жерди биротоло менчикке өткөрүп берүү Мирзиёевге татаал дилемма. Анткени анын жан дүйнөсү капиталист эмес, ал – гуманист. Өзбекстандын азыркы айыл тагдыры кудум 1994-жылдагы Кыргызстанга окшош. Бизден 26 жыл кечигишти. Агезде биз, агрореформаторлор, кыргыз айылын туура, келечектүү жолго сала алганбыз. Эми өзбек бийлиги андай кадамга бара алабы? Карап туралы.

Тажикстан 90-жылдары атуулдук согушка кабылып, айыл реформасын ойлогон да эмес. Өлкөдө тынчтык орногондо, 2005-жылы колхоз-совхоздордун мамлекетке карызы 500 млн долларга барабар болчу. Айласы куруган тажик бийлиги “айыл реформасын жүргүзөбүз”- деп Дүйнөлүк Банкка кайрылган. Анын жардамы менен жарым-жарты реформа жүрдү. Ошентсе да өлкөдө азык-түлүк маселеси оор. ФАОнун отчетуна таянсак, айрым аймактарда айыл калкы жана беш жашка чейинки балдар ачарчылык чегинде (недоедание) жашашат. Быйыл Орозо жана Курман айт маалында Дүйшөмбү шаарында базарларда эл эт талашып, мушташып, жаңжалдар болду. Мындай көрүнүш Бишкекте мүмкүнбү? Биздин дыйкандар этти кааласаң үйүңө алып келип берет эмеспи.

- Постсоветтик эки ири өлкөнүн, Россия жана Украинанын айыл тагдыры кандай болду?

 - Өткөн кылымда эки жемиштүү айыл реформасы турмушка ашкан Россиянын соңку айыл тагдырына көз салсак, анда жүрөк ооруйт. Кыргыз айыл реформасын каралап, жаңы кыргыз дыйкандарын “ара туулгандар”, “арам сийдиктер”- деп мазактап, “Акаев, Талгарбековдор колхоз-совхоздорду кыйраткан”- деп дөөрүп келатышкан биздеги бирин-серин дөөпөрөстөр эгер орус жарандары болушса, анда Россиянын айыл тагдырын көрүп, кара кийинишип, беттерин кызыл жаян тытып, айлап-жылдап кошок кошуп олтурушмак. Россияда Чубайстын менчиктештирүүсү жүрүп, колхозсовхоздор акционердик коомдорго айлантылган. Натыйжада, колхоз-совхоздорду мындай кой, орустардын жүз миң айыл-кыштактары жер жүзүнөн жоголду. Жаңы Россиядагыдай айыл чарба кыйроо процесси граждандык (1917-24-жж.) жана Улуу Ата мекендик (1941-45-жж.) согуштарда да болгон эмес. СССР жоюлганда (1991-ж.) Россияда 639 миллион гектар айыл чарба багытындагы жер аянты болгон. Өткөн чейрек кылымда анын 256 миллион гектары жок болду. Бул аянт Европанын ири мамлекети Франциянын жалпы аянтынан төрт эсеге көптүк кылат экен. Бул миң жылда бир учурай турган улуттук трагедия эмей эмне?!

- Ал 256 миллион гектар эмне болду? Жер жүзүнөн жоголуп кеткен жок да?

- Ал боюнча РФ жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик университетинин профессору А.Фоминдин изилдөөсү менен тааныштым (“Московский экономический журнал”, 2018-ж.). Анын айтымында, ал жерлер сазга айланып, эрозияга учурап ж.б. жаратылыш кырсыктарына кабылып, айыл чарба багытындагы категориядан чыгарылган. Бирок, менимче, бир гана “Франция” ошол акыбалга дуушар болду. Калган үч “Францияны” (ээн калган айыл жерлерин) орустун олигархтары, коррупционерлери сатып алышып, ал жерлерге дворец, особняк, дача, оюн-зоок, соода түйүндөрүн куруп алышкан.

 - Ошондо Россияда айыл чарба багытындагы 383 миллион гектар жери калыптыр да. Ал кандай пайдаланып жатат?

 - Начар. Экс-премьер, учурда РФ коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев тастыктагандай (РИА Новости, 7-июль 2020-ж.), анын 44 миллион гектарын куурай, отоо чөп басып калган. Эгер бизде 1 миллион гектар айдоо аянты барын эске алсак, анда орус жеринде 44 “Кыргызстан” кароосуз жатат. Учурда Россияда сугат жана дренаж системасынын 70 пайызы жараксыз абалда. Эгер жалпы айдоо аянттын ичинде мелиорация абалы түзүк аянттын көлөмү, мисалы, Кытайда 45 пайызды, Индияда 35 пайызды түзсө, ал эми Россияда болгону 8 пайыз. Жаңы Россия бийлиги совет бийлигинин практикасынан алыс кеткен жок. Мурдагыдай эле айыл чарбасына жылыга жүз миллиарддаган рубль кредит бөлүнөт. Анын көбү кайтарылбайт, кийин кечирилет. Ал эми төңкөрүштөн башы чыкпаган Украинада деле айыл чарба акыбалы жакшы эмес. Жаңы президент Михаил Зеленский бизден чейрек кылым соң, эми гана “жер реформасын жүргүзөм”- деп жарыя кылууда.

- Постсоветтик кайсы өлкөлөр колхоз-совхоз системасын толук сактап келе жатышат?

 - Алар экөө, Белоруссия жана Түркмөнстан. Аларды да көрөлү. Белоруссияда иштеп келген экс-элчилерибиз “аякта сонун” деп тамшанып айтып келишет. СССР кулаганда белорустардын айыл чарбасы мыкты шарт, мурас менен калган. Аларда трактор чыгаруучу, үч ири жер семирткич өндүрүүчү, ондогон айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заводдор калган. Өлкөнүн географиялык абалы мыкты - Европанын ортосунда. Аянты Кыргызстанга барабар. Ал эми айдоо жери биздикинен 5,5 эсеге көп. Топурагы – дүйнөлүк эталон, сугат көйгөйү жок. Бирок, “сонундун” негизги сыры башкада. Өткөн 29 жылда бюджеттен айыл чарбага 60 млрд доллар (!) берилген. Муну президент Лукашенко сыймыктанып айтат. Ал эми Путиндин айтымында Россия Белоруссияга жылына 5 млрд доллар дотация берип турат. Бул каражат Белоруссиянын бюджетинин жылдык кирешесинин үчтөн бирине барабар. Ооба, белорустар колхоз-совхоздорду совет мезгилиндей эбегейсиз дотациялап, айыл эли кыргыз айыл элине караганда эки эсе жакшы жашайт. Буюрсун! Бирок бир эле суроо бар. Эмнеге Белоруссия өзүн өнүккөн өлкөлөргө салыштырбайт? Эки мисал. Биринчиси - Сингапур. Бул өлкө 1965-жылы эркиндик алганда экономикалык кубаты Белорус ССРинин бир районуна теңдеш болчу. Сингапурдун калкы Белоруссиядан болгону эки эсе аз, ал эми аянты 350 эсеге (!) аз. Учурда Сингапурдун ички дүң продукциясы (ИДП) 578 млрд доллар, жан башына 101 миң доллар. Белоруссияда ИДП 189 млрд доллар, жан башына 19 миң доллар (Дүйнөлүк Банк, 2019-ж.).

 Эгер жарым кылым мурда Сингапур Белоруссиядан 20 жыл артта калган өлкө болсо, учурда Белоруссия Сингапурдан 20 жыл артта калган өлкө. Мына, белорустардын сары майдай сактаган колхоз-совхоз системасынын баасы. Экинчи мисал. Белоруссия менен Голландиянын айдоо жер аянттары тепетең. Белоруссия жылына 5 млрд еврого айыл чарба продукциясын экспорттойт. Ал эми Голландиянын айыл чарба экспорту – 100 млрд евро! Кошумча айтсак, учурда Белоруссиянын тышкы карызы 39,5 млрд доллар, биздикинен он эсе көп. Өзүңөр жыйынтык чыгаргыла. Түркмөнстанда да колхоз-совхоз системасы сакталып келе жатат. Жыйынтыгы: дүйнөдөгү бай мамлекеттердин бири соңку беш-алты жылдан бери ачарчылык чегинде. Учурда күрүч, кант, өсүмдүк майы норма менен сатылат. Калкы ун, нан сатып алууга узун кезек күтүшөт. Айыл калкынын, дыйкандардын ишкерлик жөндөм, эмгекчил аракетин салыштырсак түркмөндөр кыргыздардан чейрек кылым артта калышты.

- Рахмат, байке. Маегибизди кийинки санда уланталы

Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити