Т.Акеров: "С.Жапыкеев эски режимдердин тушунда ушундай “концерт” койсо, бир саатка жетпей камалып кетмек!"

- Соцтармактарда Сыймык Жапыкеев мурдагы мамлекеттик жогорку кызматтардагы саясатчылар К.Жумалиев, А.Муралиев, Т.Сарпашевдердин мүлктөрүн мамлекетке өткөрсүн деп талап кылышууда. Коомчулук дүрбөп, эмне болуп жатканын түшүнбөй жатат. Жапыкеевдин билдирүүлөрүн айрым депутаттар мыйзамга туура келбесин айтып, андан саясатчылар кооптонуп, чоочулап  жатышат. Жапыкеевдин аракети туурабы?

- Бул маселе биринчи жана экинчи революциянын талпатарына кирет. Революция болгондон кийин, анын шаңы менен бийликке келгендер элдин барлдык талаптарын аткарышы керек болчу. Бирок, бийликке келип алган тараптар бардык коомдогу маселелерди чечкендин ордуна, “бийликке келип алдык” деп, ушуга окшогон маселелерди көз жаздымда калтарып келишкен. Бакиев бийликке келип, тескерисинче коррупцияны күчөткөн. Бир туугандары, уулдары баары өлкөнү талап-тоноого өткөн. Атамбаев деле жардамчысын, совхозун, секретаршасын, кеңешчилерин, жансакчыларын баарын бийликке алып келип алган. Бул маселелерди эч ким чечкиси келген эмес. Баары элдин деми менен революциядан кийин, бийликти колго алып, унутта калтырышкан. Коррупция менен күрөш декларативдик мүнөздө кагаз жүзүндө эле калып келген.

- Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде мындай билдирүүлөргө кандай мамиле кылынчу эле?

- Мен Жапыкеевдин патриоттук аракеттерин сыйлайм. Бирок, бул маселелерди ал айтып жаткандай негизде чечилишин колдой албайм. Себеби, анын аракеттери Кыргыз Республикасынын конституциясынын негизги нормаларына жана талаптарынан карама-каршы келет. Биздин Конституция өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнө багытталып жазылган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эң биринчи талаптарынын бири - “өлкөдө жеке менчик кол тийгис жана корголот”- деп жазылган. Бул базар экономикасынын бирден бир шарты. Батыштагы, АКШдагы, Азиядагы ар бир өлкөнүн конституцияларын карасаңыздар, биринчи саптарында өлкөдө “жеке менчик кол тийгис” деп жазылып турат. Эгерде өлкөнүн Конституциясында мындай нормалар жок болсо, анда ал өлкөгө инвестициялар келбейт. Акаевдин учурунда өлкөгө инвестиция тартууга өзгөчө көңүл бурулган. Ошондуктан мындай билдирүүлөргө биринчи кезекте юстиция министрлиги көңүл буруп, “кандай материалдарыңыз, далилдериниз бар, болсо прокутартурага кайрылыңыз”- деп эскертүү берчү. Үч жолку эскертүүдөн кийин дагы деле кайталана берсе, анда прокуратура ишке кирчү. Бакиевдин учурунда мындай маселелелерге Бакиевдер кримтөбөлдөр Р.Акматбаев ж.б. күчүн колдонуп, өзүлөрү кошо кийлигишикен. Ж.Бакиевдин эң таасирдүү сөзү бар эле: “Кыргызстанда бизнес кылуу өтө оңой, бакиевдер менен бөлүшүп кой да, каалаган бизнесинди кыла бер”- деген. Р.Акматбаев парламентке баратканда “мен мандат алып, саясатчы, депутаттардын баарын кустуруп, тышкы карызды жоём”- дебеди беле. Ошол картина кайра жаралып жаткандай сүр берип жатат. Соцтармактарда Жапыкеев менен Р.Акматбаевдин сүрөтүн коюп, “Рыспек кайрылып келди”- деп жар салып жатышат. Себеби, С.Жапыкеев айтат, “биз 10 000 жигиттер менен барабыз да, олигархтардын бардык мүлкүн мамлекетке жаздырып алабыз”- деп. Жапыкеевге соттун да, прокуратуранын да кереги жок. Ага соцтармактар аркылуу көчөдөн чогултулган 10 000 жаш жигиттер болсо болду. Жеке менчикти сотсуз эле, “мамлекеттин” пайдасына тартып ала берет. Бул Лениндин диктатура пролетариатынан эч айырмасы жок. Тек гана бул жерде “диктатура Жапыкеева и толпы” болуп калып жатат. Мен 2010-жылкы 6-7 апрель окуяларын изилдөөчү мамлекеттик комиссиянын мүчөсү жана Ош-Жалал-Абад окуяларын изилдөөчү улуттук комиссиясынын эксперти болгом. Ошол каргашалуу күндөрдө да Жапыкеев айткандай кримтөбөлдөр нотариусту ээрчитип барып, бизнесмендерди коркутуп менчиктерин, мүлктөрүн, машиналарын, кафелерин, акчаларын сотсуз эле, күч менен жаздырып алышкан учурлар көп болгон. Балким Жапыкеев ошол иштерден мыкты кабары бар чыгаар. Билбейм. Бирок, Жапыкеев кыргыз элине, кыргыз мамлекетине өтө чоң залал алып келүүдө. Жапыкеевдин мындай билдирүүлөрүнөн кийин Генпрокуратура чочуп кетип, Жумалиевге кылмыш ишин ачты. Ички иштер министрлиги Жумалиевдин арызынын негизинде Жапыкеевдин өзүнө да кылмыш ишин ачты. Ушул эми жакшыбы? Кыргыз Республикасы өлкөнүн Конституциясынын нормаларынын так аткарылышынын жана сакталышынын гаранты болушу керек. Бирок, бийликтин чабалдыгынын негизинде ушуну менен экинчи жолу “базардагы кемпир айтты эле”- деген позицияда саясатчыларга кылмыш иштери ачылып жатат. Биринчи жолу Ө.Абдрахманов эки жыл мурун гезитке маек куруп жатып айтыптыр деп, Ө.Текебаевге кылмыш иши ачылган. Бүгүн болсо, Жапыкеев соцтармактарда “Жумалиев өзү мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупция менен алектенген, мен билем, анын 2 миллиард доллар акчасы бар”- деп, далили жок “Кухня-9” сериалында айтып койгону үчүн кылмыш иши ачылды. Эки учурда тең Кыргызстан өлкө катары өзүнүн Конституциясынын негизги талаптарын бузду.

- Жапыкеевдин бул аракетинин кооптуу жагы кайсы деп деп ойлойсуз?

- Менимче, прокуратура бул абалда С.Жапыкеевди арыз түрүндө, бардык факты жана далилдери менен кайрылышын өтүнүшү керек болчу. Эгерде ар бирибиз кухняда олтуруп алып, ар кимди кухнядагы сөздөр менен жоопко тарттыра берсек, анда биз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. С.Жапыкеевдин бул аракеттерин бийлик оппозициянын көзүн тазалаш үчүн курал кылып алышы мүмкүн. Саясий партияларда өз тарапташтарын кухняга олтургузуп алып, оппоненттерин жамандатып, каматуу жолуна өтүп алышы мүмкүн. Ошондуктан, бийлик мындай “кухня -9” аркылуу жасалган билдирүүлөргө өтө этият мамиле кылышы лазым. С.Жапыкеевдин айткандарын ар ким, саясий партиялар, граждандар, журналисттер мурда эле жазып, айтып келатышкан. Коррупцияга каршы бир топ мыйзамдар кабыл алынган. Бүгүн да коррупцияга каршы күрөш активдүү жүрүп жатат. Акаев, Бакиев, Атамбаевдин мезгилине караганда алда канча көзгө көрүнөөрлүк өтүп жатат. Бир топ чоң кызматтагы чиновниктер камалып олтурат. Бирок, алардын баары мыйзамдын негизинде жүргүзүлдү да. К.Жумалиев, А.Муралиевдер 2005-жылдагы революциядан бери мамлекеттик кызматта болушкан эмес. Ошол кездеги чиновниктердин баары приватизацияга катышкан. Баары тең, ар кандай жолдор менен мамлекеттик байлыктарга ээ болуп калышкан. Бирок, азыр анын баарын С.Жапыкеев айткан жол менен тартып алуу мыйзамдуу эмес болуп калат. Кептин баары ошондо. С.Жапыкеев “эмне үчүн мен канча жыл мамлекеттик кызматта иштеп туруп, эч нерсесиз калдым. Эмне үчүн башкалар көп байлыкка ээ болуп калды?”- деп таарынычын айтып жатат. С.Жапыкеев, М.Мамытканов, мен, Т.Акеров ошол кезде мамлекеттик кызматта иштедик. Бирок, биз ортодогу кызматта иштедик. Биз башкаларга окшоп, мүлк бөлүшүүгө катышкан жокпуз. Бирок, приватизация саясаты ошол кезде өлкөнүн саясий структураларынын колдоосу менен жүргөн да. Ошол кездиги мыйзамдар аркылуу жүргөн. Баары жеке менчикке өтүп кеткен. Айрымдары бир нече жолу кожоюндарын алмаштырды. Ошон үчүн С.Жапыкеев эскини козгоп, талап кылышы шайлоолор алдында чоң чатактарга, коомдун бөлүнүп-жарылуусуна алып келиши мүмкүн. Бул көнүмүш адатка айланып, кийинки муундагы өз оппоненттерин жок кылуу үчүн ушундай мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүшү мүмкүн. С.Жапыкеев маселени туура козгогону менен, анын ишке ашышын туура эмес түшүндүрүп жатат. Эгер ал Жумалиев, Муралиев, Сарпашевди коррупционер катары эсептесе, анда ошол аты аталып жаткан чиновниктердин мүлктөрүнүн адрестерин, документтерин таап, факты менен, далилдүү кылып укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышы керек. Бүгүн мурдакы учур эмес да. Өлкөдө коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бизде коррупция бул өтө чоң бич. Баарыбыз күрөшүп келатабыз. Буга чейин да айтканбыз, талап кылганбыз. Бирок, ар бир өлкө кайсы бир кадамга барып жатып, өзүнчө саясат кылып, аракеттенет. Бүгүн өлкө шайлоолор алдында турат. Саясий күчтөрдүн баары активдешип турат. Мындай бийлик болсо, шайлоолорго байланыштуу өзүнүн аракетерин бир аз басаңдатат. Себеби, шайлоолорду тынч өткөрүү керек болот. Бүгүн кимдир бирөөнү камаса, дароо эле ага саясий сүртүм берилип калышы мүмкүн. Бул бийликке кереги жок. Мындай өтө олуттуу маселелерди өлкөдөгү кырдаалдан, абалдан пайдаланып, А.Гитлердин позициясында карабашыбыз керек. А.Гитлер да кичинекей билдирүү менен чыгып, аягы дүйнөлүк согуш менен бүткөн. Ал: “дүйнөнү АКШ, Франция, Англия бизге айтпай бөлүп алышыптыр. Бизге арийлердин тукумдары, немец калкы менен сүйлөшпөй эле бөлүп алышыптыр. Бизге эч нерсе калтарышпаптыр, ошон үчүн баарын кайра бөлүштүрүшүбүз керек”- деп баштаган алгачкы кадамдарын. Жапыкеевдин билдирүүлөрү азыр бирөөлөргө жакшы көрүнүп жатышы мүмкүн. Себеби, алар толпага багытталган. Бирок, күздөгү шайлоолордо кокус чатак чыгып кетсе, жаштар топ-топ болуп алып, бизнесмендерге нотариус менен келип, мүлктөрүн жаздырып алып, өздөрүн өлтүрүп салбайт деп ким кепилдик берет? Кыргызстанда буга кепилдик бере турган саясатчы барбы? Мына эки революцияны башынан кечирдик. Бийлик кулагандан кийин бизнесмендердин баары качып, ар кайсы жакта бекинип олтурушат. Канчалаган мүлктөр таланып, тонолуп жатат. Өлкө хаоско кабылып жатат. Кыргызстанга ошол эле жетишпей жатабы?

- Жапыкеев бийликтин проектиси эмеспи, же анын артында кандайдыр бир деструктивдүү күч барбы?

- Жапыкеев бийликтин проектиси эмес. Бийлик бүгүн мындай кадамдарга барууга кызыкдар эмес. Бийлик эптеп шайлоолорду демократиялык негизде, тынч өткөрүп алууну эле көздөп жатат. Бирок, өлкөдө кайсы бир күчтөр шайлоолор алдында бийликтин алсыз калуусун каалап жатышы мүмкүн. Ошолор Жапыкеевди колдонуп жатышы мүмкүн. Өлкө канчалык хаостук абалга жакын келсе, ошончолук саясий күчтөрдө бийлик менен соодалашууга мүмкүнчүлүк ачылат.

- “Чоң Казат” парламенттик шайлоого барабыз деп билдирип жатат, балким алар Жапыкеев аркылуу элге таанылып алалы деп жаткан жокпу?

- Алардын акчасы жок да. Балким, ушул жол менен алар элдин колдоосуна ээ бололу деп жатышкандыр. Чон саясатка кирип жатканда, ар бир партия өзүнчө тактика иштеп чыгат. Бирок, аша чаап кетпей, Конституция жана мыйзамдарды бузууга жол берилбеши керек. Өлкөнүн конституциясына каршы келген аракеттер менен элдин жана мамлекеттин тагдырын тобокелге салып саясатка кирүүнүн өзү туура эмес. Анда “Чоң казат” ачык айтышы керек: “Биз саясатка баратабыз. Коррупционерлердин баарын камайбыз”- деп. Партия деген өтө так саясат жүргүзүшү керек. Ал элге проблеманы айтып эле тим болбостон, анын кантип чечиле тургандыгын да көрсөтүп бериши керек. Жапыкеев: “мен үч кишини айттым”- деп, бирок, бирөөнө да материал тиркебей, “эми прокуратура буларды камасын!”- деп соцтармактарда элди козутуп, талап кылып жатат. “Мен үч кишини айттым, калганын силер айткыла. Силердин тилиңер жокпу?”- дейт. “Ачка олтурасыңарбы, Акаевге баргыла, мэриядагы Балбак байкеме баргыла, соцтармактардан түшпөгөн министр У.Кочкоровго баргыла”- дейт. Ушул да проблеманы чечүүбү? Бул деген проблемаларды чечүү жолун билбегендик. Саясатка баратасыңбы, биринчи кадамдарынан баштап, так айт. Элди үндөп жатасыңбы, элди эрчит. Маселенин чечүү жолун айт. Өзүң баштап чык, чеч.

- Жапыкеевге айрым экс-чиновниктер барып, чоң суммада жашыл акчаларды карматыптыр деп айтып жатышат. Алардын арасында Ч.Турсунбеков жана А.Жапаровдор да бар имиш деп жатышат. Ишенсек болобу?

- Бул маалыматтар соцтармактарга чыкты. Бирок, менде далил жана факты жок. Эч нерсе айта албайм. Бирок, бул маселе Жапыкеевдин абийирине жараша болот.

- Айрым атуулдар сизге кайрылып, экс-чиновниктердин коррупциялык жоруктарын айтып, жардам сураган учурлар болду беле?

- Болгон. Атамбаевдин учурунда көп болгон. Мисалы, бир адам “КСДПнын мүчөсүмүн деп келип, апамдын 11 уюн урдап кетишти, үйүн мыйзамсыз жаздырып алышты”- деп кайрылган. ЖКнын алдында КСДПнын депутаттарына кире албай жатканын айтып, жардам сурады. Мен анын айткандарын президенттин аппарат жетекчисине айтып, анын контролуна коюп жардам бергем. Кийин ал киши мага уйларын кайрып алганын айтып, эми үй боюнча жүгүрүп жатканын билдирди. Прокуратура, акимдер ишти карабай жатат деп кайрылышып, жардам берген учурларым болгон.

- Азырчы?

- Көчөдө кетип баратканда көп эле маселелер менен кайралышат. Бирок, атуулдар: көпчүлүгүндө “кантип мыйзамдын негизинде чечип алсам болот”- деп, кеңеш сурашат. Жакында бирөөлөр токтотуп, “бир олигарх депутат өз компаниясында эки бугалтерия менен алектенет, ошону айтып чыкпайсызбы”- деди. Мен далил жана акты сурадым. Дагы бирөөлөр азыркы депутат тууралуу түрк бизнесмендерин крышевать этээрин айтты. Анын туугандары Түркиядан килем алып келип сатышат дейт. Баажыдан коррупциялык негизде киргизип кетишет имиш. Дагы башкалар жөнүндө да көп нерселерди айтышты. Бирок, мен факты жана далилсиз айта албаарымды билдирдим.

- Жапыкеев публикага ойноп, элди алдап жатат деп жатышат. Мисал, келтире аласызбы?

- Өтө эле көп нерселерди айтса болот. Бирок, өтө конкреттүү бир мисал келтирейин. Жапыкеев А.Муралиев “Кумтөрдө” директорлор кеңешинде болгондо 85 миң доллар алчу дейт. Кыргызстан Канада менен бизнес келишим түзгөнүнө 25 жылдай болуп калды. Муралиевге чейин да бир топ адамдар ал жерде директорлор кеңешинде 85 миң доллар айлык алып турган. Келишим ошондой болгон да. Келишимди Акаев ж.б. түзгөн. Жапыкеев өзү “Кумтөрдө” иштегендигин айтат. Эгер ал каршы болсо, ошол кезде эле айтып чыкса болмок да. Бул жакта 85 миң доллардан акча алып жатышат деп. Бирок, ошол кезде ал өзү да “Кумтөрдө” иштеген үчүн антип айта алган эмес. Айтып чыкса, аны иштен айдап жиберишмек. Анткени, ал кезде авторитардык режим болчу, Жапыкеев бүгүнкүдөй “Кухня-9” уюуштура албайт болчу. Уюштурган күнү бир саатка жетпей камалып кетмек. Атамбаевдин учурунда Талгарбековдор “Достук” мейманканасында саясий күчтөрдүн баарын чогултуп, митинг уюуштурабыз деп жар салгандан кийин, бир саатка жетпей, баары камалып кетишкен.

- Жапыкеевге жана “Чоң Казатка” кандай кенеш бере аласыз?

- Жапыкеев эч кандай кеңешге мукташ эмес. Ал мурда прокурор болуп иштеген. Укуктук жактан баарын менден жакшы билет. Ошондуктан “Кухня -9” деп соцтармактарда олтуруп билдирүү жасап жатат. “Чоң Казатта” юристтер жетиштүү эле. Бирөө мурда коопсуздук кызматында иштеген, бирөө прокуратурада. Бирөө белгилүү адвокат. Мыйзамды өтө жакшы билишет. Бирок, бир гана нерсе, саясий партияны түзүү жана аны бутуна тургузууда бир аз тажрыйба керек экени көрүнүп турат. Юрист адамдар бийликке баратканда өтө этият болуштары керек. В.Ленин да юрист болгон. Ал революцияны жеңип алаары менен “диктатура пролетариата” деген нерсени чыгарып алып, өлкөдөгү бүт партияларды жок кылган. Жалгыз компартия калган. Сталин болсо, өз элин душман тутуп, репрессияга алып келген. Кыргызстан эмнеликтен демократиялык жолго түштү. Менимче, биздин президенттер юрист болбой калды. Ошондуктан, Кыргызстан демократиялык жол менен кетти. Булар Пашинянды мисал кылып айтып жатышат. Бирок, өз аракеттери көчөдөгү рэкеттикинен эч айырмасы жок. А Пашинян эч кимди коркутпай эле мыйзам кабыл алып койду. Кимде-ким өз мүлкүнүн кайдан келип чыкканын аныктай албаса, анда ал мыйзам алдында жооп берет деген мааниде. Болду. Эч кандай дуу, чуу да жок. Мына ушундай жолдор менен аракеттенүүлөрү керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.