С.Четинбаев:Ачка калган эл эч кимди карап олтурбайт. Баарын кууп түшөт...”

Бишкек, “Саясат.kg”. Коомдук ишмер Самсаалы Четинбаев менен маек.

- Самсаалы мырза, карантинден кийинки жашоо кандай нукка өзгөрүшү мүмкүн?

- Жашообуз оорлойт. Коронавируска чейин эле биз кризисте элек. Короновирус өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып кетти. Айла жок. Белди бекем бууп (жөнөкөй эл да өкмөт да), кризистен чыгып кетүүнүн баардык аракетин көрүшүбүз керек. Анткени, экономикабызга болуп көрбөгөндөй чоң сокку урулду. Ансыз да толбой аткан казынабыз эми даана толбойт. Аздыр-көптүр салык төлөчү ишканалардын көбү жабылды. Жаман айтпай жакшы жок, ачарчылык болуп кетпеш үчүн баардык аракеттерди жумшашыбыз керек. Бул айтканым айрыкча биздин өкмөттөгүлөргө тийешелүү. Күнү-түнү дебей иштеп, кризистен чыгып кетүүнүн жолдорун издеши керек. Ачка калган эл эч кимди карап олтурбайт. Баарын кууп түшөт. Ошого жеткирбешибиз керек.

- Кыргызстан бир канча жылдан бери эле кризисти баштан кечирип жатат го. Же коронавирус менен кошо келген кризис таасирдүү болобу?

- Мурунку кризис бизде эле болчу, азыркы кризис дүйнөлүк кризис. Масштабы өтө чоң. Эпкинине эле ушунча болдук. Менимче бул башталышы эле. Көп ишканалар жабылды, көптөр жумушун жоготту. Мигранттардан келген акча келбей калды, алар да жумушун жоготту. Кыскасы акыбал күндөн күнгө оорлойт эми. Эл тамак-ашка акча таппай калышы мүмкүн. Айыл эли эптеп күн көрө бериши мүмкүн, мал-кели менен бир нерсе кылып. Шаар элине бир топ эле кыйын болчудай болуп турат. Ошондуктан өкмөттөгүлөр алгылыктуу иш-аракеттерди жасашы керек. Антпесе акыбал жакшы эмес. Бул апаат көптөгөн бийликтердин башын жеши да мүмкүн.

Арина Рысбаева