У.Маматаев: "Негизинен алганда - милиция саясатка аралашпашы керек..."
“Ак калпак” партиясынын төрагасы Улукбек Маматаевдин жеке пикиринде бүгүнкү кыргыз милициясынын аты да, заты, иштөө ыкмасы да эскирди. Андыктан, жаңылоого муктаж жана идеологиялык реформага муктаж Реформаны ички иштер органы жалгыз ишке ашыра албай, ага жалпы коом жардам бериши керек деген Улукбек мырза бул тармактын иши, кемчилиги жана көйгөйү тууралуу буларга токтолду.
- Кыргыз милициясы заманга ылайыкташып, реформа жасоого белсенип, ичинде ар кандай кызматтарды тузүүдө. Алсак, мурунку кылмыш иликтөө кызматы криминалдык милиция, ал эми МАИ кызматы патрулдук милиция болуп калды. Ошол эле маалда көчөдө турган кайгуул кызматы атайын адистешкен кызматтарга өтүп жатат. Мына ушул нерселер сиздин оюңузча канчалык деңгээлде реалдуу?
- Эми бул нерсени бир тараптуу карабаш керек. Милиция менен полициядай эле нерсе. Полиция терминин дүйнө жүзү колдонуп, ушул формага ыктап баратат. Анын ичинде биз айтып жаткан реформа башталып, кайгуул милиция, патрулдук милиция, туристтик милиция деп жаңы тармактарга бөлүнө баштады. Ушунун баары эле негизи полиция деп аталышы керек. Анткени бирдиктүү бир база болот да. Биз болсо илгерки эле бир система менен келе жатабыз. Алар бири-бири менен айкалышпайт. Себеби, аткара турган милдеттери, жумуштары эки башка. Андыктан бул нерсени борборлоштурулган бир системага алып келишибиз керек. Биз кызыккан, өнүккөн бир топ мамлекеттерде да бирдиктүү бир система бар. Коңгуроо кагылаары менен бардыгы комплекстүү, бирдиктүү бир система менен иштешет. МАЙ кызматы да, тез жардам кызматы да, өрт өчүрүүчүлөрү, өзгөчө кырдаалдары айтор бардыгы чогуу иш алып барышат. Ошондо жумуш да эфективдүү болот. Ал эми бизде кандай? Кырсык же кылмыш болсо биз дароо тез жардамга чалабыз. Алар келип, кылмыш болгонун айтышат. Анан ыкчам кызматкерлер келип бул тигил районго карайт деп кетип калышат. Тилекке каршы мына ушундай бири-бирине түртө салмай адатыбыздын айынан өнүкпөй жатабыз. Анткен менен ИИМ ар кандай кызматтарды түзүп, колунан келишинче аракет кылууда.
- Коом менен милиция кызматы ажырагыс биримдикте. Милиция дайыма коомдун кызыкчылыгын көздөйт. Ал эми коом милицияга эмне кылышы керек?
- Туура, милиция менен коомчулук тыгыз байланышта болушу керек. Милиция ошол коомчулуктун, элдин кызыкчылыгын коргогон орган да. Биз, жарандык коом аны тескери түшүнүп жатпайбы. Азыр милицияга элдин ишеними аба менен суудай зарыл. Ошол эле маалда ИИМ тармагы коомчулуктун ишенимине кириш үчүн коомчулук менен тыгыз иштеп, идеологиялык жумуштарды алып барышы керек. Милиция коомчулуксуз эч кандай ийгиликтерге жетише албайт. Милиция коомчулукка канчалык жакын болсо, коомчулук да милицияга да ошончолук жардам бериши зарыл. Бүгүнкү кыргыз милициясы маалымматтан баштап, каражатка чейин бардык колдоого муктаж. Бул дүйнолүк практика. Башка мамлекеттерде полициянын фонду болот. Ошол фондго менецаттар, ишкерлер айтор акчалуу адамдар каражаттарынан бөлүп турат. Аны полициялар чөнтөгүнө салып ала албайт, кайра эле ошол коомго жумшашат. Болбоду дегенде техника алышат, АйТи -Техникаларга сарпташат. Бүгүнкү күндо АйТи-Техникалар күн сайын алдыга жылып барат. Мындай өнүгүүгө биздин милиция жетишип, заман менен теңтайлаша жумуш алып барышуудабы? Бул чоң маселе. Бүгүнкү дүйнө цифровизация, АйТи-технологиянын заманы. Кылмышкерлер да жаңы технологиялар менен иштеп жатышат. Тескерсинче аларга милициялардын күчү жетпей жатканы жашыруун эмес.
- Туура айтасыз, киберэкстремизм сыяктуу заманга шайкеш кылмыштар чыга баштады. Аларды тизгиндеп же ушундай коркунучтан коргоого кыргыз милициясынын күчү жетеби?
- Жетет, болгону ага кандайдыр бир кадамдарды жасашыбыз керек. Мамлекеттик орган болгондон кийин бийлик да буга чоң көңүл бурушу керек. Биринчи орунда бүгүнкү күндөгү талаптарга жооп бере турган техникаларды алып, ИИМ өзүнүн фондунан ушундай АйТи программада иштеп жүргөн балдарды жумушка тартышы заман талабы. Мындай билимдүү балдарды керек болсо келишим менен да алса болот. Дүйнөлүк практикада ушундай да. Күчтүү АйТи-Технологияда иштеген балдар атайын күч органдарынын катарында сөзсүз түрдө болушу керек. Ал эми биздин ИИМде мына ушундай иштер болуп жатабы аны айта албайм. Себеби, бул жабык маалымат болуп саналат. Андай адистер болсо жакшы, эгер иштебесе абалыбыз начар.
- Саясатта жүрүп, саясий өңүттө, саясий алкакта ой-пикириңизди айтып, серепчилик милдетти да аркалап келесиз. Дегеле бүгүнкү күндө кыргыз милициясы саясатташып кетти же болбосо милициянын саясатта курал катары пайдаланып жатат деген пикирлерге кошуласызбы? Бул нерсенин милицияга канчалык деңгээлде зыяны бар?
- Эми бул нерсенин эки тарабы бар. Негизи милиция саясатка аралашпашы керек. Анткени өзүнүн түздөн-түз милдеттери бар. Бирок, айрым учурда саясий чечимдерди чыгарган учурлар да жок эмес. Бул эми аз гана пайызда болушу керек. Милиция деле өзүнчө бир чоң орган болгондуктан, саясатта аткарган ролу чоң. Бул тармакта иштеген кызматкерлердин саясий билими, жок эле дегенде көз карашы, ой пикири, өз позициясы болушу зарыл. Саясат эмне экенин түшүнүшү керек. Эгер түшүнүгү жок болсо, мына ушундай саясий туура эмес иштерге колдонуп кетет. Алар өз жумушун аткарып жатып деле кимдир бирөөнүн куралы болуп жатканын аңдабай калышат. Чынында мындай учурлар көп эле болот. Ошондуктан милиция деген саясатта эмне болуп жаткандыгын, анын багыттарын, кырдаалды байкап, билип, кабардар болуп турушу керек.
- Отуз жылдык эгемен тарыхыбызда ИИМ министрлигин 40га жакын министр жетектептир. Бул эмнени билдирет?
- Саясатташып кеткендигинин далили. Кайсы президент келбесин же ЖКга кандай партия келбесин алар өздөрүнө караштуу адамдарды кое берип, улам-улам жетекчилери алмаша бергенден улам ушуга келдик. Бул өкмөттө стабилдүүлүктун жоктугун билдирет. Кайсы өкмөт келсе министрлерди алмаштыра бергени туура эмес. Себеби, жетекчи канчалык узак убакыт иштесе ошончо үзүрүн берет. Анан койгон министрибиз ишин баштай электе эле алмаштырып отурсак кайдагы реформа, кайсы иштин жыйынтыгы болот? Негизи бир ишти баштап, иликтеп, иштеп чыкканча эле алты ай өтөт. Программаны түзүү үчүн эле жарым жылдык убакыт сарпталат. Аны андан ары өздөштүрүүгө да дагы жарым жылдай убакыт кетет. Реформанын жыйынтыгы 2 жылда белинет. Анан биздин министрлер эки жылда алмышып жатса, кайдагы өнүгүү болот бул тармакта?
- Реформа деп калдыңыз, аны жүргүзүү үчүн эрк керекпи же каражат керекпи?
- Алгач эрк, анан барып каражат керек болот. Каражаты болуп, эрки болбосо реформа жүрбөйт. Ал эми эрки болсо каражат табылат. Мен бул нерсе менен бир гана ИИМдеги реформаны айтып жаткан жокмун. Себеби, реформа мамлекеттик системада комплекстүү түрдө болушу керек. Бир гана ИИМде реформа жүргүзүү менен жакшы жашоого жетебиз, мамлекетибиз өнүгүп кетет деген жаңылыш ой. Бир министрлик эч нерсени өзгөртө да, чече да албайт.
- Анда милиция өзүнүн образын кандай багытта ачышы керек?
- Жарандар милицияны көргөндө ишенген, таянган, сүйөнө турган образды көрүшү керек. Ал үчүн атынан баштап, кийген формасына чейин өзгөртүү зарыл. Биз азыр милицияны көргөндө советтер союзундагы милиянын элесин көрүп жатабыз. Ал эми башка заман болчу. Талап, элдин аң-сезими башка болгон. Ал убак бүгүнкү биздин заманга таптакыр туура келбейт. Менин жаран катары сунушум формадан баштап, атына чейин реформа кылыш керек. Биздин милиция ошого муктаж.
- Коомдогу башкы көйгөйлөрдүн дагы бири үй-бүлөлөгү зомбулук. Коомчулук да ушул нерсеге милиция жоопкердей, милдеттүүдөй кабыл алат. Бирок, ошол эле маалда буга тиешелүү бир катар тиешелүү тармактар бар. Сиздин көз карашыңызда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кайсы тармак иштеши керек?
- Эми бул маселе эң башкысы социалдык абалдан келип чыгат. Үйдө бардыгынын телегейи тегиз, жумуш менен тамак-аш менен камсыз болуп, жетиштүү жашоодо жашап жатышса, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кескин түрдө кыскарат. Бардыгы келип туруп эле каражат маселесинен чыгат. Жетишпеген жашоо талашып-тартышууну сөзсүз түрдө жаратат. Эркек киши физикалык жактан күчтүү болгондуктан аялдарына, балдарына зомбулук көрсөтүп баштайт. Милицияга эң акыркы болуп кайрылуу керек. Ага чейин зомбулук эмнеден улам келип чыкканы милициянын иши болбошу керек. Милициядан башка деле көп органдар бар.
- Учурдагы дагы бир социалдык көйгөй бар. Мурда мас кишини кармап барып, соолуктуруучу жайга камап койчу. Азыр бул нерсе милициянын ыйгарым укуктарына кирбейт. Камай да, айып пул да сала албайт. Ошол эле маалда ошол эле мастар ар кандай кылмыштуулукка барып же үйдө зомбулуктар орун алууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Мурунку эле ыкмага өтүш керек. Анткени биздин коомдун аң-сезими өсө элек. Башка өлкөдө андай, мындай деп аларга теңтайлашпай эле коелу. Ал жакта мыйзам дегенди сыйлашат. Мурдагыдай эле соолуктуруучу жайлар азыр деле керек. Сиз айткандай алдын албаса, ал мас киши ар кандай кылмыштарга кириптер болуп калышы толук мүмкүн. Милициянын мурунку ыйгарым укуктарын кайрадан алып бериш керек.
- Милицияда ар кандай багыттагы реформалар жүрүп жатат. Ал эми идеологиялык өңүттөгү реформалар зарылбы?
- Кептин баары ошондо жатат. Кайсы мамлекет болбосун, чакан мекемеде керек болсо үй-бүлөдө идеологиялык багытта тарбия болбосо ошол жер деградацияга учурайт. Идеология жок жерде келечек бүдөмүк десек туура болот. Себеби, багыт жок. Ал эми ИИМ деген Кыргызстандагы эң чон мекеме. Андыктан сөзсүз түрдө идеологиялык багытты, реформаны жасашыбыз керек.
- Жылдан-жылга кылмыштуулук өсүп баратканы статистикалык маалыматтарда дагы көрүнүп турат. Ошол эле маалда бюджет тартыш дегенге такап туруп штаттык бирдиктердин кєбєйбєй жатышы кайсы бир деңгээлде кылмыштардын көбөйїшїнө түрткү болобу? Дегеле учурда кызматкерлердин саны көбөйтүү зарылчылыгы барбы?
- ИИМ кызматкерлеринин санын көбөйтүү зарылчылыгы бизде эле эмес башка мамлекеттерде деле болот. Ал үчун алгач экономикалык абалыбызды карашыбыз керек. Анан күч тузүмүнө кызматкерлерди алып анан айлыгын бере албай отурсак болбойт да. Айлыгы аз болсо же убагында албаса коррупциялык иштер өсөт. Ошондуктан бул маселени бир тараптуу караган болбойт. Бирок, идеологиялык реформанын ичине бардыгы камтылган. Эгер коом милицияга ишенип, жардам берсе, милициянын санын көбөйтүүнүн деле зарылчылыгы болбойт.
Милиция канчалык көп болсо деле айрым учурда кылмыштуулуктун алдыг алууга, кылмыш ишинин бетин ачууга жардам бербей калышы мүмкүн. Ошондуктан алгач алардын санын көбөйткөндөн мурда билимин, сабаттуулугун өстүрүш керек. Идеологиялык реформа жүргүзүү зарыл. Санына эмес, сапатына басым жасайлы. Милициянын көптүгү менен эч качан кылмыштуулук азайбайт. Коомдун аң-сезимин көтөрүү менен гана кылмыштуулукту азайта алабыз. Мына ошол эле Норвегия, Швеция өлкөлөрүндө абак жайлары жабылып жатат. Демек кылмыштуулук жок, коомдун аң-сезими жогору.
Маектешкен Кубаныч Зайнидинов
Булак: "Майдан.kg" газетасы