М.Айбалаев: “Ошондо “тажиктин жери” деп документке ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон”. 

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия күнү-түнү иштеп, маселени чечиши керек. Бул тууралуу Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

 

Анын айтымында, бийлик көзөмөл кылбагандыктан көптөгөн кыргыздар жерлерин тажиктерге сатып, башка жакка көчүп кетүүдө. Бирок жерлер сатылып алынганы менен Кыргызстандын аймагы. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шалаакылыгынан улам ушундай жагдай жаралууда.

 

«Бул маселеге 28 жылдан бери жетиштүү көңүл бурбай келебиз. Ал тез арада чечилбесе, кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Чек арада турган кызматкерлердин моралдык, психологиялык абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ок эмне себептен атылып жатканын түшүнүп, иликтөө иштери жүрүшү керек», — дейт Айбалаев.

 

Ал буга кошумча учурда талаш болуп жаткан Жака-Өрүк аймагы Кыргызстанга таандык экенин белгиледи.

 

“Дарыянын сайы толугу менен кыргыздын жери эле. Ал эми тажиктердин Мачайи деген айылында эч кандай үй жок болчу. Мен губернатор болгондо тажиктер Исфана-Ворух жолу менен Баткен-Лейлек жолунун кесилишине Самаркандек айыл өкмөтүнүн жетекчисинен оозеки түрдө уруксат алып май куйуучу жай курган экен. Бирок эч кандай документке кол коюлган эмес. 2009-жылы Баткен-Лейлек жолу салынып жатканда тажиктер чыр салган. Ошондо тажиктин жери деп документке ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Тажик тарап 700 метрдей жерге үй салып алышты”,- дейт Айбалаев.

 

Булак: "Марал"