Б.Калмаматов: "Атамбаев Батукаевди бошотуп, Кыргызстанды дүйнө элине шылдың кылды. Биздин мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирди" 

 

- Атамбаевдин доорунда мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, аэропорттон кызыл килем төшөп узатып жиберген Азиз Батукаевдин иши боюнча убагында катуу маселе көтөргөн элеңиз. Акыркы учурда бул иш боюнча 5 дарыгер, 1 министр камакка алынды. Бул иш кандай багытта баратат деп эсептейсиз?

 

- Батукаевдин иши боюнча бир катар адамдар сурак берип жатышат. Азыр врачтар суракка алынып, кимдер буйрук берген маселенин түпкү тамыры иликтенүүдө. Батукаевди бошотуу буйругу Ак үйдүн 7-кабатынан берилген деп ишенимдүү айта алам. Ошол убакта президент Алмазбек Атамбаев сот тармагына кийлигишип, кримтөбөлдү бошотууга буйрук бергенин айтууга толук негиз бар. Анткени ошол жылдары Жогорку Кеңеште комиссия түзүлүп, 7 пункттан турган чечим кабыл алганбыз. Аны Жогорку Кеңеш бекиткен. Анда 28 аткаминерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Азыр ушул күнгө чейин ал токтомдун дайыны жок.

 

- Батукаевди чыгарууда ири суммадагы пара чоң роль ойногону айтылууда. Чын эле аны пара алып чыгарып жибергенби?

 

- Акаев, Бакиев президент болуп турганда дагы Батукаевди бошотуу боюнча ири суммалар сунушталып, бирок кылмышкер бошотулган эмес. Кримтөбөлдүн ишинде миллиондогон кызылдай акчалар маанилүү ролду ойногондуктан Атамбаев баарына кайыл болуп, бошотуп жиберишти. Батукаев чындап эле оорулуу болгон күндө да түрмөдөн дароо чыгаруу мүмкүн эмес болчу. Ал деген кыргыздын бир катар чиновниктерин жок кылган канкор киши. Аны абакта кармоо дагы аздык кылат болчу. Эгер оорулуу деп бошотсо, биздин абакта жаткан андан да абалы оор саясатчыларды эмнеге бошоткон жок? Бул жерде бүдөмүк жараткан маселелер толтура. 

 

- Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Батукаевди бошотуунун башында экс-президент Алмазбек Атамбаев турганын айтты. Коомчулукта деле ушул пикир басымдуу. Сиз кандай ойдосуз?

 

- Атамбаев Батукаевди бошотуп, Кыргызстанды дүйнө элине шылдың кылды. Биздин мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирди. Башка мамлекеттерге бизде мыйзам иштебей эле акча маанилүү ролду ойной турганын далилдеди. Убагында Батукаев деле кыргыз бийлигин теңине алган эмес. Тоготуп дагы койгон жок. Ошонун кесепетинен биздин аткаминерлерди кызылдай акчага сатып алып, адамдардын коштоосунда өлкөдөн чыгып кетти. Ошого Батукаевдин иши уюшкан кылмыш болуп эсептелет.

 

- Атамбаевдин кол тийбестиги алынды, эми дал ушул Батукаевдин ишинде күнөөсү тастыкталса камакка алса болобу?

 

- Атамбаевге бир эле Батукаев эмес, башка толгон токой иштери үчүн кылмыш ишин козгоп, камап салса болот. Буга мыйзам толук жол берет. Алсак, Атамбаев бийликте турганда Дача-СУ боюнча кулаган жүктүн ээси ким экени табышмак бойдон турат. Кыргызстандын баш мыйзамы 2020-жылга чейин өзгөрүлбөсүн дегенине карабай эч кимге баш бербей каалаганын кылып, өзгөртүп салды. ЖЭБ, Датка-Кеминдин айланасындагы коррупциялык иштердин бети ачыла элек. Мындан тышкары мамлекетте баш аламандык саясат орун алып, Кыргызстан алдыга жылбай эле артка кеттик. Ошондуктан азыркы бийлик Атамбаевге жумшак мамиле жасабай катуу чара көрүп, камакка алыш керек. Муну карапайым эл дагы күтүп жатат.

 

“Чалкан.орг”

Булак: “Майдан.kg” гезити, №019, 22.05.2019-ж.