К.Ташиев: “Сооронбай Шариповичти эч кандай соодалашпай, кызмат сурабай колдогом!” 

 

- Камчыбек Кыдыршаевич, бир кезде сизди саясый талаадан кетирүүгө зор салым кошкон Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык юбилейин куттуктап барууңуз талкуу жаратууда. Он бештей саясатчы барсаңыздар да башкалардын эмес, сиздин пикириңиз көбүрөөк элдин бүйүрүн кызытууда...

 

- Өмүрбек Чиркешовичтин 60 жылдык юбилейине барып куттуктоо айтып койгонумду туура деп эсептейм. Себеби түрмөдө жаткан адамдын кайгысын, кубанычын, үмүтүн абдан жакшы билем. Муну жон терим менен сезгем. Бүгүнкү күндө ал кишиге абдан чоң колдоо керек. Кээ бирөөлөр: «Текебаев бизден акылдуу деп айтыптырсыз го» дешүүдө. 2005-жылы биринчи жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келгем. Ошол маалда Өмүрбек Текебаев төртүнчү жолу шайланып, спикер болуп турган кези болчу. Андыктан бизден акылдуу, тажрыйбалуу экендигин тастыктай алам. Андан бери көп убакыт өттү. Биз да такшалып, көп мамлекеттик кызматтарда иштедик. Устаттан шакирти өтүптүр деген деңгээлге жете баштадык

 

- Сизди юбилейге ким чакырды же өзүңүз бардыңызбы?

 

- Бул мааракеге Алмамбет Насырканович чакырды, сөзүн эки кылбай бардым. Өзүм деле Өмүрбек Чиркешовичтин туулган күнү, юбилейи экендигин билчүмүн. Себеби Текебаевдин сотунда дал ушул туулган күнү боюнча көрсөтмө бергемин.

 

- Тагдырдын тамашасы менен ошол жерде бир кезде сизди түрмөгө камаган Аида Салянова менен катарлаш турдуңуз...

 

- Ооба, Аида Салянова өзү мени менен кол берип учурашты. Аны көрө элегиме 6 жыл болуп кетиптир Аиданын Баш прокурорлук милдеттерин бизди камакка алуу учурунда туура эмес аткаргандыгынын негизинде камалып чыктым. Бирок андан кийин өзүнүн башына да оор күндөр түштү. Президент менен келише албай камактын босогосунан кайтты, мандатынан ажырады. Табалабайын, бирок бирөөгө жамандык кылаарда менин башыма да ушул иш түшүп калбас бекен деп ойлонуп коюш керек. Атамбаев экөө биригип алып мени мыйзамсыз соттогондорун унуткан жокмун, бирок кек сактабадым. Адамдын башына оор күн түшүп турганда жаман сөз айтып олтургум келбеди. Бүгүнкү күнгө чейин Аидага жаман сөз айткан жокмун, азыр да айтпайм. Ал өзү кайсыл жерден ката кылганын билет, бул өзү үчүн чоң жаза. Адам катары адам бойдон калуу керек.

 

- Садыр Жапаров жакында эле 50 жашка чыккан кезде сизди куттуктабай койду деп эл айтышууда. Садыр Нургожоевичке барган жоксузбу?

 

- Мындай юбилейлерди түрмөдө өткөрүү абдан оор, өзгөчө саясатчыга. Садыр Жапаровдун 50 жылдыгына чейин түрмөдөн чыгып калаар бекен деп колумдан келишинче аракет жасадым. Аны үй-бүлөсү, жакындары, Аллах билет. 50 жылдык юбилейи боюнча эч жерге айткым келген эмес. Сурап калыптырсыз айтайын, досумду куттуктап түрмөгө кирип чыктым. 50 жаштык юбилейи абакта өткөнүнө өкүнүп калбасын деп жылкы союп, уча тартып, калпак кийгиздим. Мурда кийин мамилеси бар саясатчылар Садырга 50 жашын куттуктап абакка кирип чыктыбы, киришпедиби билбейм, бирок мен ушуну жасадым. Жакшы эле бул жөнүндө унчукпай жаткам. Интернетте баатыр болуп, Садырды ээликтирип, алып келип каматышкандар азыр деле жаман нерселерди жазып, мактамыш болуп өтө чоң зыян кылып жатканын сезбей жатышат. Интернет баатырлары Садырды каматып, эми болсо мени барбай койду деп жамандап жазышууда. Бала чакасынан кабар алып, жардам берип жүрөм. Бирок аны коомчулукка жазып чыгууга абийирим жол бербейт.

 

- Абакта жаткан башка саясатчыларга да барасызбы?

 

- Ооба, устатым Талгарбек Бекболотовдон, Кубаныч Кадыров, Бектур Асановдордон кабар алып, бала-чакасы, тууган уругу менен катташып турам.

 

- “Өлкөнү олтуруп чыккандар башкарбаса болбой калды”-деген сөзүңүз катуу талкууга алынды. Сиз бийликтин алмашуусу боюнча айттыңызбы?

 

- Бүгүн эле бийликти алмаштыралы деген ниетим жок. Жөн гана Өмүрбек Чиркешовичтин көңүлүн көтөрүү үчүн айттым. Чын-чынында ошол түрмөнүн жакшы- жаман азабын көргөн, турмуштун ачуу күндөрүн башынан өткөргөн адам гана элге, журтка көбүрөөк күйөт деген маанини билдиргим келген.

 

- Сизди кызматка качан келет деген сөздөр көптөн бери айтылып жатат, бара тургансызбы?

 

- Буга чейин өлкөнүн жогорку саясый кызматтарында иштеп келгем. Кудайга шүгүр, Аллах адаштырган эмес экен, мамлекеттен эч нерсени уурдабадым. Саясатта мени менен бирге иштегендер жана коомчулук мени уурдады деп айта албайт. Өлкөнүн казынасынан бир тыйын алганым жок. Мамлекетиме ак кызматымды өтөдүм. Саясатта болобу, коомдук турмуштабы эч ким мени мамлекетке, элге зыяны тийген, уурдаган же коррупционер деп атай албайт. Атым, затым таза. Ошондуктан өлкөгө пайдам тийе турган жерде иштесем деген ниетим азыр да бар экенин жашырбайм. Жаштыгым, билимим барында үй-бүлө эле бакпай, эл журтка дагы кызмат кылсам деген ой жүрөгүмдө дайыма жашайт.

 

- Президент тарабынан сунуштар болгонбу?

 

- Сооронбай Шариповичти колдоого алганда эч кандай соодалашпай, кызмат сурабай колдогом. Азыр деле өлкө башчысы катары жүргүзүп жаткан саясатын туура деп баалап, элге жасаган мамилесин эң туура экенин айтам. Ушул бойдон эл менен эсептешип, иш алып барса калк сыйлаган адам бойдон калат. Президенттин мыкты жасап жаткан иши - коррупцияга каршы күрөшү. Чындап коррупцияга аралашкан болсо, мурда кийин иштеген кызматтарына карабай туруп жооп бересиң деген принципти карманганы мага эмес баарыбызга жагып жатат. Адамдардын кемчилигин айтсаң жаман көрөт, ошентсе да айтайын, элдин арасында өкмөттүн чабалдыгы боюнча көп нааразычылык айтылууда. Сооронбай Шарипович өзү жанталашып эл менен иштеп жаткан соң, өкмөт эки эсе көп иштесе болмок, элдин алкоосуна татыса жарашмак, өкмөт күчтүү болуш керек эле.

 

Баян Кулова

Булак: “Де факто”