А.Акматалиев: "Бакиев эле Бакиев" деп АША бекеринен какшаган жок. Мунун баары түндүк-түштүк картасын ойнотконго даярдык деп түшүнгүлө!" 

 

- "Бакиев эле Бакиев" деп АША бекеринен какшаган жок. Мунун баары түндүк-түштүк картасын ойнотконго даярдык деп түшүнгүлө! Бул жагынан менин адашым алдына эч кимди чыгарбайт! Бекеринен азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен баратат деген жок, тиешеси жок болсо да Медеттин өлүмүн бул жакка жабыштырып аткандарынын себеби деле ошол! Элдин кулагын бышырып жатат Бакиев менен салыштырып! От менен ойнобош керек, Алмаз Шаршенович! Дагы бир жаңжалды Кыргызстан көтөрө албайт. Жеке амбицияңызды элдин тагдырынан өйдө койбоңуз, ар бир нерсеге жооп берчү убакыт келет. Өзүңүздү кудай катары сезбеңиз, азыркы бийлик тескери кетсе сизден башка деле коомдук күчтөр табылат тизгин тартканга. Бул маселеде сиз калыс боло албайсыз, себеби сизди кызыктырган жалаң гана жеке амбиция жана кекчилдик менен өч алуу!  Коомго бүгүн  сиз  калыс жана ынанымдуу сөз айталбайсыз, себеби сиз моралдык тазалык аркылуу гана келчү  коомдук абройду жоготуп койдуңуз, тилекке каршы. Өз элиңизге, өз мамлекетиңизге жардам берүүнүн бир эле жолу бар: саясий активдүүлүктү унутуп, кайрымдуулук фонд ачып, гитараңызды ойноп, лекция окуп, элдин арасында ээн эркин басып жүрүңүз! Бул да болсо сиз тараптан болгон көсөмдүк болот эле! Башка жолуңуз жок!

 

Булак: “Майдан.kg