Э.Байсалов: "Алмазбек Атамбаев колго суу куйган балдарды премьер-министр кылып дайындады. Министр кылып көкөлөттү..." 

 

- Эдил мырза, премьер-министр Сапар Исаков кечээ жакында эле кызматтан алынган Атамбаевдин жакын адамы делген Болот Сүйүмбаевди кайра кызматка койду. Бул аракети менен премьер-министр өзүн-өзү “харакири” кылдыбы?

 

- Сапар Исаков бул кадам менен дагы бир ирет өзүн колго суу куйган баланын деңгээлин тастыктады. Атамбаев миң талап кылса дагы, андай капризди эч ким аткарчу эмес. Болот Сүйүмбаев эң жагымдуу жана таланттуу болгон учурда дагы – саясый жактан бул кадам туура эмес болмок. Бирок, жалпы элита акыркы апта "Казакстанда Дамирбек Асылбек уулу Болотко көрсөтмө берип атыптыр, ошого шылтып атыптыр, казактар да шекшип атыптыр. Болот Икрамдан кем эмес байлык топтоптур, салык, бажы, милийса жана башка кадрларды дайындап, бизнеске көзөмөл болуп" деп шыбырашып атса, так ошол Болотту кайра ошол экономикалык кылмыштар менен күрөшө турган финполго жетекчи кылып дайындоо бул, албетте, коомдук пикирди мазактоо, элибизге текеберчилик жасоого барабар болуп калды. Мындай өкмөт башчы кыргызга кереги жок. Аташкасына кайтып барып, ошонун кире беришинде кызмат кылып отурсун. Исаков элдик киши эмес!

 

- Сапар Исаковдун президент менен кеңешпей туруп, өз кишисин экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн кызматка койгонун айрымдар Конституциядагы укугун пайдаланып жатканын айтышууда. Ал бул аракети менен тымызын кош бийлик жаратып жаткан жокпу?

 

- Жок. Эч кандай кризис жок. Тирешүү да болбойт. Медицинада "фантомные боли" деп коет муну. Колу кесилген Атамбаев мурункудай эле "колум бар" деп эсептөөдө. Мекенибизди энчилеп алган киши түшүнө элек. Кош бийлик боюнча сөз кылууга да негиз жок. Кечээ күнү КСДП фракциясынын жарымынан аз депутаттары  аны менен жолугушууга  барды. Баргандардын көбүнчөсү дагы кичипейилдик үчүн барышты. "Бир барып, президент учурунда жаңылыштыктар боюнча айтып алайын" деп. Мына бүгүн чакырса фракциядан аякка ашып кетсе 7-8 эле киши барат. Бир айдан кийин Асель Кодуранова калса калды, башкалары жок болот. Биз бул жөнүндө канча жолу ушул сиздин гезиттин барактарында айттык эле: “эртең шоопур, жансакчы жана секретаршаларың эле калат жаныңда”- деп.

 

- Фарид Ниязов партиялык иштерден өз каалоосу менен кеттиби же чөгүп бараткан кемеден шылтоо таап секирип чыгуу үчүн “Апрель” кайрымдуулук фондун жетектеп калдыбы?

 

- Фарид Ниязов кечээ күнү эле "мен партиялык иштер менен алек болом, жандантам, кыйратам" деп катуу жарыялап кетпеди беле. Сьездде дагы Атамбаевтин жанында отурганын көрдүк. Эми аны партиядан айдап атышат. Бул дагы бир жолу Атамбаевтердин эч кандай планы, ойлонулган стратегиясы жоктугунан кабар берет. Акыркы жети жылда мындай башаламандыкка көнүп деле калдык. Эртең менен турганда оюна эмне келсе, ошол импульс жана каприз менен болушат. Экинчиден, бул Атамбаевдин азыр партиянын азыркы проблемаларын Фарид Ниязовго шылтоо кылуу аракети. Чынында эле, Атамбаевтен сырткары ким күнөөлүү деген болсок булардын сызга отуруп калышына - бул, албетте, Фарид. Февралда өзү кеткени аз келгенсип, баардык прессада президентке чабуул кылгандарын азыр эстесек, логикага сыйбайт. Айтып атам го, акыркы жети жыл ушинтип башкарылдык. Чечимдердин сапаты маймылды пианиного ойноткон какафония.

 

- Мына ушундай жагдайларга жол берген Атамбаев кадр саясатында кимдерди кызматка тартуудан жаңылды?

 

- Колго суу куйган балдарды премьер-министр кылып дайындады. Министр кылып көкөлөттү. Мына ушул жерден жаңылды. "Кухарка мамлекет башкарат" деген Лениндин оюн мына ушулар ишке ашырышты. Коммунисттик заманда мамлекеттин жогорку эшелонуна эмес, колхоздун бригадири болуш үчүн талап катураак коюлчу. Исаков жаңы эле дайындаган Юстиция министрин алып көрсөңүз. Мен ал кишиге кымындай претензиям жок. Бирок кайсы өлкөдө министр болуп бир дагы күн юрист болуп иштебеген, кечээ эле сырттан юрист дипломун алган дайындалат? Өмүр бою “делопроизводительдин” жумушун аткарган Абдылдаеваны эмне себептен министрликке көрсөтүштү, мен түшүнө алган жокмун. Эмне жергебизде билимдүү, тажрыйбалуулар түгөнүп калдыбы? Юстиция министри бул өкмөттүн мээси дагы жана мотору. Баардык кан жүгүртүү ушул кишинин колунан өтөт. Кайсы сунуш туура, кайсы демилгени приоритеттүү карашыбыз керек, мыйзамга жатат же жатпайт деп премьер-министрди орунга койчу киши ушул. Эми ушул орунга булар токтомдорду компьютерге киргизген кодификаторду дайындап атышат. Мурунку орду Атамбаевтин канцеляриясын жетектептип. Бул орун Бакиевдин учурунда "генеральская должность" болчу. Ал жерде Токон Мамытов иштечү. Атамбаев болсо көрүнгөндү коюп жүрдү. Бул, дагы бир жолу айтам, какафония! Анан "жаштарды дайындап атабыз" дегендеричи. Бет жок буларда! Бизде канча таланттуу жаштарыбыз бар - булар болсо кимди дайындап атышат? Мен, мисалы, Артем Новиков Петербургда окуган мыкты адис экен деп ойлоптурмун. Көрсө бул "атамбаевдин генийи" Бишкекте эле көпүрөнүн алдындагы бир филиалды бүтүрүптүр. Бул эмне? Мен түшүнбөйм! Жаштарыбызды маскаралоо. "Жакшы окуба, туура кишиге шоопур бол, кагаз киргизгенге үйрөн" деген эмеспи?! Эми бир майнап чыксачы бул көпкөндөрдөн! "Жээнбековтор жаңы Бакиевдер" болот дегендеричи. Мына кечээ 200 миң доллар менен кармалган прокурор Суйумбаевдин күйөө баласы. Анын кайненеси, Болоттун жеңеси беш жыл бою Минздравта статс-секретарь болуп жүрүп, азыр Москвада ЕАЭС департамент жетекчиси болду.

 

Же ошол эле мамлекеттик Айылбанк же РСКларды алгыла. Башка мамлекеттик ишканаларды. Баардыгы Атамбаев, Илмиянов, Сегизбаевдин балдары, жакындары. Киреше пайда көрсөткүчтөрүн ошол эле Бакиевдердин жылдарына салыштырып көргүлө. Кайсы чөнтөктөргө кетип атат элдин байлыгы? Анан ким менен бизди коркутушат? Жээнбеков Бакиев болуп калат деппи? Хотя бы ошонун деңгээлине кайра мамлекеттик башкарууну көтөрүп алалы деп атсак.

 

- Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга, Европага барса, экс-президент Кытайга барып, жетекчилик менен жолугушту. Бул боюнча не дейсиз?

 

- Сооронбай Жээнбеков Түркия менен мамилебизди калыбына келтире алды. Төрт жылдан бери Атамбаев өткөрө албаган түрк саммити буюрса күзүндө жергебизде өтөт. Аякка эми Өзбекстан жана Түркмөнстан жетекчилерин чакыра алсак - бул чоң сенсация болот. Жээнбековго Брюссельде Жан Клод Юнкер "Кыргыз эли - улуу нация!" деп айткан сөзү мектеп китептеринде басылат деген ойдомун. Атамбаевти болсо биздин улуу коңшубуз чакырып, сыйлап койду. Жыл сайын ошентип көңүл бурушат, ошол эле Роза Отунбаевага. Бирок, менин оюмча, ушуну менен бул Атамбаевдин чет мамлеккеттин башчысы менен өмүрүндө акыркы расмий жолугушуусу болду десек болот. Азыркы учурда ал көшөгөдөгү аталыкты кой, дестабилизация булагы катары болуп таанылып калды. Эч ким кабыл албайт. Шайлоодо бирөө менен жолугуп көрсүн - ал Назарбаев менен жолуккан Бабановду чыккынчы кылып койгонун кантип унутабыз. Эми чынын айтсак, Атамбаевди колдой турчу азыр бир дагы күч, мекенде же сыртта, ансыз деле жок. Какафония кимге жаксын!

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити