А.Мадумаров: “Алмаз Атамбаев кыргыз элинин эмес, Сооронбай Жээнбековдун “баатыры” 


- Адахан Кимсанбаевич, жакында эле Москва шаарында Евразия экономикалык кызматташтык уюму уюштурган жыйынга барып катышып келиптирсиз. Жолугушуу кандай форматта өттү? Кайсыл тема негизги маселе катары каралды?

 

- Бизде Евразия экономикалык биримдик бар эмеспи. Биримдиктин Евразия экономикалык кызматташтык уюму, анын башкы катчысы Владимир Пискурев деген экен. Ошол уюмдун чакыруусу менен 22-ноябрда Москвада болуп, тегерек үстөлгө катыштык. Форматы боюнча ушул уюмга кирген өлкөлөрдүн эксперттери, саясатчылары чакырылыптыр. Негизинен кыргыз-казак бажы тармагындагы түзүлгөн кырдаалдын тегерегинде сөз козголду. Армения өкүлү тарабынан кызыктуу сунуштар болду. Казакстандан ар кандай жагдайларды изилдөө институту бар экен, мүмкүн стратегиялык изилдөө институттары болсо керек, ошонун жетекчилери жана бир топ эксперттер катышышты. Биздин кулагыбызга сиңип калган серепчилер эмес, адистер барышты. Талкуу ар тараптуу абдан кызуу болду. Бул талкуунун биринчи бөлүгү Алма-Ата шарында болгон экен. Мен Алма-Ата шаарына чакыруу алган эмесмин. Чакырууну Москва тарабынан алдым. Ар кандай мамлекеттен келген адистер өздөрүнүн пикирлерин айтышып, акырында башкы катчы Пискурев “Жакында эле Кыргызстанда болуп өткөн президенттик шайлоого катышкан, мамлекеттин мурунку парламент жетекчиси, Жамааттык Коопсуздук кызматында жакшы кызмат өтөгөн, мамлекеттик саясий ишмер катарында” деп мага сөз берди. Мен ал жерде сөз берилүүсүн күткөн жок элем. Сөз берилгенден кийин сөз башталса эле мамлекеттердин арасында банк курамы, акча каражаты, инвестиция кандай болуш керек деп, тилекке каршы элдер кандай болушу керек деген маселе унутта кетип баратат деп айттым. Себеби, ушул мамлекеттер эл бар үчүн мамлекет болуп атышат. Баарыңар бизнес тилине кирип алдыңар, кино, маданият, илим, билим берүү, сүрөт, бири-бири менен карым-катнаш тармагы унутта калды. Товар алмашуу мынча пайыз болду деп айтасыңар дагы, бир мамлекеттин маданий ишмерлери экинчи мамлекетке канча жолу гастролго барып келди, кайсыл мамлекеттин канча спектакли коюлду, канча бала бул мамлекеттен келип олимпиадага катышты, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, композиторлордун жыйыны болуп өттү деген такыр унутулду. Бул акчанын артынан кууп калгандын кесепети. Баарыңар киреше издеп басып жүрөсүңөр. Менин көз карашымда, биринчи орунда ушул мамлекеттердин ортосунда акылмандардын, интеллигенттердин уюму түзүлүшү керек. Россияда бүтүндөй дүйнө тааныган, акын-жазуучулар, киноактерлор, композитор, сүрөтчүлөр бар. Кыргызстан дагы ушулардан уучу куру эмес. Казакстанда дагы кыргыз өз каармандарындай сүйгөн азаматтары бар. Мына ошолор дайым карым-катнашта болуп турган болсо, бажы маселесине караганда алардын маселеси элге көбүрөөк түшүнүктүү, пайдалуу, жеткиликтүү болот деген сунушту айтсам, кош колдоп дуулдашып колдоп кетишти. Демилге чыгарган киши дайым жазаланат дегендей, мени уюштуруу тобунун теңтөрагасы кылып шайлашты. 22-декабрда Бишкек шаарында жыйын өтө турган болуп чечилди. Анын ортосунда форматтар талкууланып, сценарий түзүлүп, жумушчу топ иштеп жатат. Келечекте бул кандай уюм болушу керек деген маселе коюлууда. Парламенттердин ортосунда карым-катнаш боло турган парламенттик уюм болушу керек. Себеп, мыйзамдардын баарын бирдиктүү талапка алып келмейинче, ар бир мамлекеттин короосунда өзүнүн мыйзамдары иштемейинче, бул толук кандуу иштебейт. Бажы тармагында баардык мамлекеттерге талап бирдей коюлушу керек. Бири-биринен чоочуп, маалыматтардын чыгып жатканы ишенбөөчүлүк жаратып жаткандын кесепети ушул. Казак, кыргыз, армян, белорус, орус стандарттары саясаттан жогору турган маселе болушу керек. Мисалы, кыргыздын керемет алмаларын Намангандын алмасы деп айтышат. Ал Намангандын алмасы эмес, Аксынын, Ала-Буканын алмасы. Гректин жаңгагы дейт. Гректин жаңгагы эмес, ал кыргыздын, Арсланбаптын, Салам-Аликтин жаңгагы. Дүйнөдө бир да жерде Салам-Алик менен Арсланбаптай табигый жаңгак токойлору жок. Биз сабатсыздыгыбыздан грек жаңгагы, Намангандын алмасы деп калганбыз. Колубузда бар нерсени да бөтөн бирөөлөргө алдырабыз. Ушундай стандарттарды талкуулап, бир түшүнүккө алып келе турган уюм керек дегенди айттым, баары колдошту.

 

- Чакыруу мага келип калышы мүмкүн деп күттүңүз беле?

 

— Бул мага күтүүсүз болду.

 

- ЕАЭБге кирип жаткан кезде “Бул уюмга шашалыш кирип жатабыз” деген сөздөрдү айтпадыңыз беле. Кыргыз бийлигинин чечимин сындап келгенсиз. Сын айткан адамды андай жыйынга кантип чакырып калышты экен?

 

— Шашылыш менен кирип баратканыбыздын себебин көрсөтүшпөдүбү. Биринчи ал уюмга кириштин шарттарын билиш керек. Оюн башталганда шарт коёбуз го. Мисалы, бильярд ойносок деле сегиз шар же Москва пирамидасын же болбосо Невский ойнойбузду деп сүйлөшүп алабыз. Невский ойнойбуз деген болсок шарты белгилүү болуп, шар столдун эки бортуна тийиши милдеттүү болот. Оюндун шартын билбей туруп эле кирип алып, кийин биз билбептирбиз деген болбойт. Биздин пайдабыз менен зыяныбыз кайсыл деп таразага салышыбыз керек. Кыргыз экономикасы чабал экономика. Чындыгына келгенде Москвадагы “Ашан” деген 5 соода борборун камсыз кыла албаган айыл чарбабыз бар. Анан дүйнөнү дүңгүрөтүп көйгөй жаратабыз. Бизде көйгөй жаралбашы керек. Бул эки мамлекеттин ортосундагы келишимдердин, сүйлөшүүлөрдүн аркасында болууга тийиш. Өзбекстандын президенти Мирзиёев кызматка келгенине бир жыл болду. Бир жылдын ичинде өзбек президенти Мирзиёев 40 млрд доллардан ашык инвестицияны Өзбекстанга алып келип, кандай гана мамлекеттер менен революциялык тездик менен мамилелерди ордуна коюп койду. Мисалы, Түркия менен Өзбекстан таптакыр эки жакты карап турган мамлекет болчу. Бир жолку иш сапарынын натыйжасында аба каттамдарын ачты, түрктүн мыкты делген ишкерлери Өзбекстанга келип завод-фабрика курганга киришип жатат. Кытай менен кандай тездик менен иш-аракеттерди жасады. Россия менен Жамааттык коопсуздук кеңешине кирбеген, тышкы саясатты өз алдынча жүргүзүп жаткан Өзбекстан 16 млрд долларлык келишимдерге айыл чарба продукцияларын экспорттоого, самолёт курууга, заводдорду ачканга кол койду. Бул Мирзиёев ишке киришкенине 3 ай болгондогу иш, жарым жылга жетпей Кытай менен 21 млрд доллардан жогору болгон келишимдерге кол коюп келди. Иштейм деген киши иштейт экен го. 30 миллиондон ашык калкы бар мамлекетте бир жылга жетпеген мезгилде ушунчалык чоңөзгөрүүлөрдү жасап койду. Телибай тентектер 7 жылда жасай алышпады го.

“Буудай качан эгилет дегенди билбеген Телибай тентектердин айынан 680 млн сом кыргыз куржуну жабыр тартты”

 

- Атамбаев “Өлкөдө чоң өзгөрүү болду. Экономикабыздын өскөнүнө башкалардын ичи күйүп жатат” деген кыязда айтпадыбы?

 

— Бул жоопкерчиликсиз жаш баланын сөзү. Эмнеси өзгөрүп кетти?! Башкалар биздин эмнебизге суктанып жатат?!

 

- Президент айткандан кийин ишенип жатабыз да?

 

— Башкалар суктанып жаткан болсо, калкынын бештен бир бөлүгү бөтөн мамлекетте жалданып жүрбөйт эле да! Кайсыл мамлекеттин калкынын бештен бир бөлүгү башка мамлекеттерде жүрүп жатыптыр жумуш издеп?! Ошондуктан кандай деп башты айландырбасын, өзүбүздүн элдик сөз менен эле айтканда “Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу” дегендей, биздин жигит-кыздарыбыз жыргаганынан бөтөн мамлекеттерде тишинин кирин соруп, адамдык укугунан ажырап, ар кандай басмырлоолорго, кемсинтүүлөргө чыдап, туруштук берип, сыртта жүрүп жаткан жери жок. Биз Евразия экономикалык биримдикке сөзсүз киришибиз керек эле. Бизге ага альтернативдик башка жол жок. Бирок, шашпастан анализдеп кирүү зарыл болчу. Биз айыл чарба багытындагы мамлекетпиз. Силер кандай стандарт менен кабыл аласыңар? Алма, өрүк, сабиз, эт, сүт кандай стандартта болуусу керек? Ошол стандарттарга келгенге чейин биздин абалыбыз кандай болот? Стандартка келүүнүн эрежелери кандай болот? Алар үчүн адистерди ким окутуп берет? Астанага, Москвага же Минск шаарына жиберебизби? Мына ушундай маселелерди коюуга милдеттүү болчу. Бул биринчиси. Экинчиси, биздин каражатыбыз жок, лабораторияларды ким, кандай шартта куруп берет? Канча бажы өтмөктөрүндө канча мөөнөттө курулат? Ал курулгуча биздин продукцияларыбыз кандай болот? Ысык-Көлдүн өрүгү, Чүйдө бышкан сабиз-пияз, Ош, Жалал-Абадда бышкан мөмө жемиштин баарысы лаборатория курулуп бүткөнгө чейин күтүп турбайт. Бир дыйкандын күткөнү болгону 2 гана ай. 2 айдын ичинде калган 10 айлык оокатын өткөрө турган каражат табышы керек. Ошол 2 ай үчүн 10 ай жер тытат деген маселени койсо болот болчу. Түшүндүрүш керек эле. Сүйлөй турган сөз менен ынандыра турган бул-тил. Кыргызда “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт. Ошол жетимиш өнөрдүн алды тил. Эки сөздүн башын бириктире албаса, кагазга жаза албаса, жалаң сабатсыздар топтолуп алса, Өкмөттүн ушунча министри олтурат “Айыл чарба адистигинен бирөө барбы?” десе, жок болуп чыкпадыбы. Калкыбыздын 65 пайызы айыл чарбасы менен жашайт. Айыл чарбасынан түшүнүгү болгон бир киши болбосо бул кандай Өкмөт? Канистр менен бензин саткандардын баары ошол жерге толуп албадыбы. Буудай качан эгилет дегенди билбеген Телибай тентектердин айынан 680 млн сом кыргыз куржуну жабыр тартты. Сырттан келген унга төлөмсүз уруксат алгандыгы үчүн. 6 млн сомду зыян тарттырып койдуң деп 6 жылга кесип атат, 680 млн сом зыян келтирген 3 киши демилгечи, үчөөсү тең белгилүү, эмне үчүн жоопко тартылбайт? Ушулардын айынан канча жерлер иштелбей кысыр калды. Кыргыз кастарлап келген канча үрөөн чарбалары жок болду. Муну менен биздин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна сокку урулду. Бизди накта көз карандылыкка алып баратат. Кокус мамилебиз бузулуп кеткен болсо, бизди бир айдын ичинде чөгөлөтүп койсо болот деп 2–3 жыл мурун айткам. 1 млн 200 миң тонна бизге керек. Кыргыз кампасында ошончо буудай турса гана нан коопсуздугун камсыз кылдык деп айта алабыз. Азыр биз 600 миң тоннадан ашык буудай жыйнап жаткан жерибиз жок. Демек, бизди коңшулар чөгөлөтөм десе, 3 жуманын ичинде чөгөлөтүп койсо болот. Биздин сүттү сатып алып, аны кайнатып кутуга салып, 7 сомдон сатып алган сүтүңдү кайрадан кыргыз 40 сомго сатып алып жатпайсыңбы. Неге сен өзүңдүн сүтүңдүөзүң иштетип, кутуга салып 40 сомго сата албайсың? Акылың кемби? Колуң мунжубу? Таластын төөбурчагы түрк төөбурчагы деп дүйнөлүк бренд болуп жатат. Аларда дүйнөлүк стандарт бар. Ошол стандартка ылайык экологиялык таза продукция бизде өсүп, башка мамлекеттерге кетип баратат. Бизден барган төөбурчактар атактуу ресторандарга кирет. Ушуга көп акылдын кереги барбы?

 

— Кызматын тапшырып берген президент Атамбаев кыргыз-казак маселеси жаралганда “ЕАЭБден керек болсо чыгабыз” деген сөзүн да айтып жибербеди беле. Бул оюндун шартына чыдай албаган баланын сөзү болдубу? Анын ойлонулбай айткан сөзү куштун эки канатындай, төөнүн эки өркөчүндөй, бир атанын эгиз баласындай болгон казак-кыргыздын мамилесин бузуп коймок турсун, ЕАЭБге жарака кетирбедиби. Ушундай оор учурда президент Атамбаев эс алууга кетип калганына кандай карайсыз?

 

— Казак менен кыргыз сөз баккан, сөзгө аябай маани берген эл. Ошон үчүн эки элдин фольклору да күчтүү өнүккөн. Бир сөз менен мамлекетти жок кылып жиберсең, бир сөз менен бүтүндөй бир калкты өзүңө душман кылып алсаң болот. Душман кыла турган сөздөрдүн баары айтылды. Жаман ооздон жакшы сөз чыгабы? Натыйжада эл аябай катуу жабыркады. 800 миң айыл чарба продукциясы кайрадан кайтарылды деген кыргыз дыйкандары бир жылда өстүргөндөрдүн баары кайтты деген сөз. 800 миң тонна деп айтканга жеңил болгону менен анын артында канча үй-бүлө, канча балдардын ырыскысы, канча балдардын окууга төлөйм деген келишим акчалары, канча кыздардын күйөөгө чыгам деген септери, канчалаган азаматтардын алган карыздары турат? Ошонун баарын жайлап коюп, президент өргүүгө кетти. Кантип эс алып жатат? Ошондон кийин кантип дем алат? Чек арада тургандарга тамак-ашы үчүн 1 млн сом бөлүп койду деп КТР эрдик кылып койгонсуп кайра-кайра сайрайт. Сооронбай биринчи жарлыгы менен Эл баатырын берди. Эмнелиги менен баатыр болду?

 

“Манасты” алып шедиреңдегендер өзүнүн аялынан башкага кадыр-баркы да жок”

 

- Наам алгандар боюнча дагы көп сөз жаралды. Сиз Мамлекеттик катчы болуп иштеп калбадыңызбы. Сыйлык тапшыруунун талаптары кандай бекитилген?

 

— Наам берүүнүн деле өзүнүн катуу тартиби бар. Азыр эми “Кемчонтойлордун” заманында аны окубайт окшойт. Себеп, кээ бирөөлөрүнө мамлекеттик сыйлык бергенден кийин 3 айдан соң үстүнө экинчи сыйлыкты берип жатпайбы. Ортосунда 5 жыл сөзсүз болушу керек. Азыр “Эл артисти” болуп аткандардын баары Рыспайдын ырлары менен чыгып аткандар, ал эми “Ырдын пири Рыспай” деген залкар “Эл артисти” деген наамга ээ болбой кетти.

 

- Болот Шамшиевдин 75 жылдыгында орден берип койгонго жарабаган президент, өзүнүн шоопуруна “Манас” орденин берди. Кыргыз киносунун могиканы Шамшиев ким да, Илмиянов ким? Бирок, азыр тараза ташы ушундай бааланып жатпайбы?

 

— СССРдин эл артисти, жападан жалгыз арабызда тирүү жүргөн замандашыбыз, СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси 75 жашка чыкты. Ошол адамга кыргыз бийлиги жок дегенде 3 даана гвоздика гүлүн берип койгон жок го. “Манас” ордени же башка сыйлык деп айтпай эле коёюн. Маданият министри да басып барып койгон жок. Казактан келген боордош эмне деп айтканын, кулагыма мөөр баскандай басылып калган сөздү айтып берейин. “Казактын кең талаасы, керемет жери бар. Жеринин кеңдиги боюнча дүйнөдө тогузунчу орунда турабыз. Бүтүндөй аалам тааныган президенти бар. Нурсултан Назарбаев деген. Казактын ушунча газы бар, дүйнөдө үчүнчү орунда турабыз. Аттиң бир арман, ушунча байлыгыбыз бар. Бирок, бир Бокебиз жок (Болот Шамшиевди айтып жатат). Боке, сиз Казакстанга келиңиз. Тоюңузду Казакстанда тойлойлук. Бүтүндөй байлыгыбызды таразанын бир четине коюп, бир четинде Боке турса, Бокең басып кетет” деди. Мына, казактын берген баасы. Бул деген кыргызды жипсиз муунтуп, бычаксыз мууздап, жерге казык кылып кагып койду деген сөз. Анын алдында Мыскалдан кийинки залкар Самара Токтакунова 70 жашка чыкты. Филармонияда чоң салтанат болду. Аны мыскылдагандай кылып, ардак грамотасын берип жатат. Ал киши СССРдин эл артисти.

 

- Такыр болбоду дегенде БШКнын төрайымы Шайлдабековага берген “Курманжан Датка” орденин Самара Токтакунова эжеге берсе болмок…

 

— Баракелде. Болот Шамшиев, Самара Токтакунова экөөсү тең Кыргыз эл баатырынан ашса ашат, андан кем сыйлыкка татыктуу эмес. Атамбаевдин буйругу менен “Баатыр” болушпай эле коюшсун. Бирок, булар кыргыз элинин алдында, кыргыз тарыхындагы “Баатырлар”. Эртең “Манасты” алгандар кетет, булар кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк кала турган инсандар. “Манасты” алып шедиреңдегендер өзүнүн аялынан башкага кадыр-баркы да жок. Ошентип “Манас” таккандан көрө такпай койгон жакшы. Өзүнүн кол алдында жүргөн шоопуруна берген “Манас” орденин Россиянын президентине да бергени, Путин менен шоопурунун даражасы бирдей деген сөз. Алар “Манасты” алгандан кийин “Манасты” тагынуунун өзү уят болуп калды, түшүнгөн кишиге. Биздин керемет драматург жазуучубуз Мурза Гапаров “Урматтуу Аскар Акаевич, 21-кылымдын кадрлары ушулар боло турган болсо, мен 21-кылымга кирбей, 20-кылымда калдым” деп жазбады беле. Ошол сыяктуу эгерде “Манас” ордени ушундай кишилерге татыктуу болгон болсо, мындан ары “Манас” орденин алуу уят. БШКнын төрайымына шайлоону керемет өткөрүп бердиң деп орден берүүнүн өзү укмуштуудай арсыз, абийирсиз көрүнүш. Рахмат, биз каалаган санды чыгарып бердиң деген сөз. Бул мамлекеттик сыйлык эмес, жеке кишинин сыйлыгы болуп калды.

 

- Өзүңүз Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген жогорку наамды эмне кылганы үчүн берди?- деген суроону айттыңыз. Ушул суроонун жообун дагы өзүңүз айтпайсызбы?

 

— Кыргыз элинин алдында кадыр-баркы 3 пайыз экенине карабай туруп президент кылып койгондугу үчүн “Баатыр” болду. Бул менин сөзүм эмес, Атамбаевдин өзүнүн сөзү. “Соке, күрөшкө түшкөндө кадыр-баркың 3 пайыз эле. 25 күндө 54 пайызга чыгарып койдум” деди. Бул чоң баатырдык. Ошон үчүн берди. Милдеттүү болду. Бул дагы кыргыз элинин “Баатыры” эмес, Жээнбековдун “Баатыры” болуп калды. Эл “Баатыр” катарында кабыл алабы, албайбы башка маселе.

 

- Атамбаев президенттиктен кетип жатып аскерге барбаган жакын адамдарына дагы генералдык чинди берип жиберди. Орден менен кошо генералдыктын дагы баркы кетти. Өзүнүн кайнисине, жансакчыларына генерал чинин берди. Ушуларды көрүп туруп, генерал болом деген офицерлердин дагы максатын талкалап кеттиби дейм да?

 

— Сегизбаевди атайын кызматка дайындаганда 30 жылдап өтүк кийип жүргөн офицерлердин бетине чапкан шапалак болду деп өзүмдүн пикиримди айтканмын. Туура айтасыз, ушуну менен аскер кызматкерлеринин кадыры кетет. Путин полковник учурунда отставкага кеткен. Дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 3 аскердик державанын бирөөсүнүн башкы кол башчысы. Путин деле өзүнө генералдыкты алып алса болот беле? Каддафи дагы полковник боюнча кетти. Гитлер дагы ефрейтор боюнча калган. Булар аскер эмне экенин түшүнгөн адамдар. Менин кызматымды дагы аскер кызматына которсо генерал-полковник. Мен дагы аскердик форма кийимин тиктирип алып, кийип алсам кете берет. Бирок, мен үчүн эң жогорку даража гвардиянын старшинасы Мадумаров бойдон калуу баалуу деп ойлойм. Германияда 1984-жылы берилген. Бул ар бир солдаттын ошол деңгээлге жетүү тилеги. Эми 30 күн өтүк кийбей генерал болуп алгандан өздөрү деле уялышы керек. Такыр жарашпайт. Дүңгүрөтүп аткан аскерди башкарган Шойгу МЧСти башкарып жүргөндө эле армиянын генералы эле. Коргоо министри болгондо деле армиянын генералы бойдон калды. Ал соңку 3 жылдын ичинде Россиянын аскердик техникаларын кандай деңгээлге жеткирип, Сирияда коюлган маселени жеңгендиги үчүн деле Россиянын маршалы кылып койсо болот болчу. Радионов жалгыз бир гана Россиянын маршалы. Радионовдун көзү өткөнүнө канча болду. Ошондон бери маршал эч ким боло элек. Мына, наамга болгон мамиле.

 

- Эртең 30 жылдап өтүк кийип, автомат атып октун жытын жыттабагандар генералдык үчүн элдин эсебинен олчойгон пенсия алышат. Өмүр бою жөнөкөй иште иштеген жаран ак эмгеги үчүн 5–6 миң сом пенсия алат. Маселе эртең дагы жаралып жатпайбы?

 

— Ошол оокаттардын баары арам. Сегизбаевдин атайын кызматка билими да такыр жолобойт. Өзү агроном. Бул боло берет дегендик. Боло бербейт, бул өзгөчө кызмат. Менин колума жаңы чыккан скальпелди берип, эң жеңил операция сокур ичегини жаса деп кыйнаса да барбайм. Себеп, мен аны билбейм. Адам өзү билбей турган жерине барыш, биринчиден өзүн сыйлабагандык. Мамлекеттик кызматтын деңгээли да болуп көрбөгөндөй түштү. Мисал, Суворов күзөттө турат. Екатерина маңдайына келет да алтын тыйынды алып туруп “Сен жакшы кызмат кылып жатасың. Мен сени байкап жүрөм. Сага ыраазымын. Ушуну менин колумдан ыраазычылык катары ал” дейт. Суворов колуна мылтыгын кармап, түптүз турган бойдон “Жок, ала албайм” деп айтат. Дүйнөнү башкарып жатам деген ханайым таң калат. “Неге ала албайсың?” десе, “Мен кызматтамын!” дейт. Екатеринанын артында ээрчип жүргөндөрү бар да. Ошолор “Эмне деген наадандык. Ханайым колун сунса албай койду” дегенде, ханайымдын бийиктигин караңыз, бираз ийилип туруп, бутунун астына таштап коюп “Нөөмөтүң бүткөндө алып ал” деп басып кетет. Сунган нерсени кайра алган, тфу деп түкүргөн түкүрүктү кайра жуткан менен бирдей дейт. Көрдүңүзбү, колун сунду, кайра алган жок. Акырын тырмагынын учу менен жерге таштап койду.

 

“Жээнбеков өз алдынча бир кадам да жасай албайт”

 

- Жаңы президент келгенден кийин жаңы дем менен жашашыбыз керек эле. Атамбаев “Эскилердин баарын алып кетем” дегени менен кайра эле эскилердин баары жаңы кадр болуп келип жатат. Фарид Ниязов кайрадан президенттин аппарат башчысы болду, Кулматов бажы кызматынын төрагасы болуп барды.

 

— Өзүнүн пикирин айтпай, кандай жетекчи келсе кол куушуруп “ляппай” деп чуркап жүргөндөр керектүү. Аскар Акаевди ошондой деңгээлге жеткирип койгондордун бири Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев. Баары эле кызматтарда олтурат. Ошол кезде болгонун болгондой ачуу айтып жаткан азаматтар бүгүн да сыртта болуп, ачуу чындыкты айтып жатат. Бакиевдин кезинде дагы ушуга окшогондор керектүү кадр болушту. “Ким Бакиев үчүн тост көтөргөндө албаса, ал менин жеке душманым” деп кыйкырган кээ бир жетекчилер дагы азыр Атамбаевдин эң ишенген инсандары. Бүгүн Жээнбековдун ишенген инсандарына айланышып жатат. “Менин президентим, менин улук мырзам” деген азаматтар деле жүрөт. Бакиевдин кадр саясатын каалагандай калчагандар азыр оппозиция имиш деген партиядан депутат болуп олтурат. Акаев менен Бакиевди жер каратып, ушунчалык жаманатты кылгандардын баардыгы Атамбаевдин тегерегинде. Акырындык менен Жээнбековдун тегерегине өтүшүп жатат. Алар кан соргон кене сыяктуу денеге жармашат. Сөзсүз бирөөнүн аркасына жармашышы керек. Кимдин аркасы экени айырмасы жок. Аларга баари бир. Тынымсыз кан соруп турушу зарыл.

 

- Жаңы президент Фарид Ниязовду алгач Атамбаев эс алууда жүргөндө кеңешчи кылып бекиткен. Атамбаев эс алуудан келгенден кийин президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды. Атамбаев “Мен кетпейм” деген сөзүн иш жүзүндө көрсөтүп, кадр маселесин өзү эле чечип жатат дегендик эмеспи?

 

— Шайлоонун алдында, шайлоо мезгилинде, шайлоодон кийин дагы айткам, Жээнбеков өз алдынча бир кадам да жасай албайт. 26 жылдык эгемен тарыхында эки ооз сөз айтканга кудурети жетпеген киши эми кудуреттүү болуп кетеби? КТР менен ЭлТР Минск шаарына барып келгенде “Башка президенттер суктануу менен карап олтурду. Костюмунун жарашканын карагыла” дейт. Бул эмне деген абийир? Тиги киши менен салыштырганда ага костюм жакшы жарашкандай болот. Бул мамлекеттик теледе айта турган сөз эмес. Азыр анын костюмуна суктана турган мезгилби? Бажы Кыргызстандагы коррупцияга баткан тармак. Казак, орус, кытай маалыматтарын карасаңар, ал жактан миллиарддаган долларлар түшүп жатат. Ал кайда кетиш керек? Демек, ишенимдүү түрдө бир кишинин колуна тапшырылышы кажет. Аны Соке чечпейт. Кыргызстанда ким үйдүн кожоюну экенин ушул кадрдык коюулар түшүндүрүп койду. Коопсуздук кызматында кайним олтурат, олтура берет дегендей болду. Экинчи кайним аппаратыңды башкарып берет деди. Аппарат даярдамайынча президент эки ооз сөз айта албайт. Шайлоодо Соке куурчак катары эле керек деп айттым беле? Ушул сөздөрүмдү эстейсиңерби? Өзү дагы ошого ыраазы. Андан артыгына талап коё албайт. Муну эртең менен жакшынакай кылып кийинтип, чачын тарап, Ак үйгө жумушка жиберип коёт. Келип олтуруп, эмне болсо ошону окуп, ошого кол коюп берип, кечинде кетет. Ошол жерге аксакал деп олтургузуп койгонго ыраазы. Себеп, адамдын ичиндеги энергия кайнап чыкмайынча, ал киши эркин боло албайт.

 

— Сиз айткандай болсо, дагы 6 жыл бою мамлекеттин тагдырын Атамбаев Арашанда жатып алып, гитара ойноп, чечип олтура берет дегендик эмеспи?

 

— Сөзсүз түрдө ошондой болот. Ошон үчүн бул кыргыз көчү эмес, Атамбаевдин көчүн улантат деп айтканмын. Кылымдардан бери канатташ болгон казак менен кыргызды чабыштырып койгон эмне болгон көч? “Аби, аби” деп аябай катуу жармашып жүргөн Түркия менен мамилесин бузуп, алар менен болгон мамилебиз сууп кетти. Өзбекстандын мурунку президентинин дарегине эмне деген сөздөр айтылды. Казакстандын жетекчилигине кандай сөздөр багышталды. Россиянын дарегине эмне деген сөздөр айтылды. Ушул көчтү улантабы?

 

— Россия өзү алып келген кадр. Президенттик шайлоо учурунда ошол жакка чуркап барбады беле. Алып келгенден кийин чыдаш керек…

 

— Туура айттыңыз, ошондой болуп жатат. Минск шаарында Нурсултан Абишович терең маанидеги сөз айтты. Бир маселе менен кайрылайын дегенде “Бул жерде талкуулай турган маселе эмес. Астанага келесиң…” деп койду. Биздикилер болсо “Ура! Ура! Ура! Астанага чакырды” деп энеси эгиз төрөгөндөй сүйүнүштү. Астанага неге ошондон бери барбай жүрөт? Себеп, тигил киши келгенден кийин “Мен жаман, сен жакшы болгуң келип жатабы?! Олтур ордуңда, барбайсың!” десе керек.

 

— Казактар чек араны жапканда бажыдагы коррупцияны ачыкка чыгарасыңар деген талапты койгон. Президент Астанага иш сапары менен бара турган болуп жатат. Биздикилер бажыны коррупциялык сазга батырган делген Кулматовду төрага кылып кайрадан алып келди. Бажы кызматында коррупционер аталган Кулматовдон башка кадр жоктой. Мурунку талап кайрадан коюлушу мүмкүнбү?

 

— Бул талапты Астана тараптан билишибиз керек. Бирок, алар койгон мыйзамдуу эле талап. Сөзүм куру болбошу үчүн фактылар менен сүйлөйүн. Бул Бүткүл дүйнөлүк банктын чыгарган маалыматы. 2016-жылдын эсеби боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы айырмачылык 4,2 млрд доллар. Казакстан Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы айырма 4,6 млрд доллар. Россия Федерациясы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы айырмачылык 1 млрд доллар. Биздеги товар алмашууну Россия менен Кытайдын ортосундагы товар алмашуу менен салыштырып болбойт, ал океан. Ошонун айырмачылыгы 1 млрд доллар гана болуп жатат. Биздеги айырмачылык 4,2 млрд доллар. Ушундан жыйынтык чыгарып алгыла.

 

“Текебаев Кыргызстандагы мыкты парламентарий, анын деңгээлине жете тургандар саналуу эле болот”

 

— Текебаев камалганда Бишкектин четинде жарылган самолёттун ичиндеги жүк, президенттин үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген фактыны алып келе жаткан экен деген сөз тараган. Кийин ал киши жактоочулары аркылуу документтин көчүрмөсүн көрсөтүп, түп нускасы бекем жерде катылуу деп жарыя кылды. Кийинки жылдын май айларында Текебаев абактан чыгат деген маалыматтар айтыла баштады. Ошол документ чыгып кетсе, баарыбыздын ишибиз бүтөт деп коркуп, бажыны көздөй өз кишисине тапшырып жаткан жокпу?

 

— Көздөй кишисин азыр бажыга алып барганы менен ал документ ошол бойдон кала берет. Эгер ошол документ далилденген болсо ал адамы жардам да бере албай калат. Керектүү инсандар билет, азыртан баштап эле мык менен кагып койгон. Эгер бизге тийишчү болсо ушулардын баарын аласың, көрөсүң деп даярдап коюшкан. Дагы бир саясатчыбыз “Эгерде мага мындан ары басым жасала берсе, анда мен баарын көтөрүп чыгам. Оригинал документтер башка жакта жатат. Мени жок кылууңар менен документтерди жок кыла албайсыңар” деп жарыя кылбадыбы. Бул шантаж кылган мамлекет болуп калды. Чындык үчүн күрөшкөндөр эмес, сен мага тийбесең, мен сага тийбейм деген мамиле. Телетаймашта деле Жээнбеков Бабановго “Мен айтпайын дедим эле, өзүң баштадың. Мен дагы айтууга мажбурмун” деп айтпады беле. Эгер ал айтпаса, бул дагы айтпайт болчу. Мына ушундай соодагерлердин заманы. Булар саясатчылар эмес, соодагерлер.

 

— Текебаевди күчтүү парламентарий деп мактап келесиз. Аны сиздин атаандашыңыз катары санашат. Текебаев тууралуу айткан ошол сөзүңүз атаандашты татыктуу баалообу же абакта жаткан адамга боору ооруп, жылуу сөз айтып коёюн деген пикир деп түшүнсө болобу?

 

— Ал киши абакта жатабы, эркиндикте жүрөбү, кызматта болобу бул сөзүмдү дайыма айтып келгем, айта берем. Усубалиев менен Масалиевдин мамилесин ал кишилер тирүү кезинде айттым, көздөрү өткөнүнө алдыңкысына 16 жыл болуп атат, менин көзүм өткүчө айтам. Текебаевдин инсандык касиетине, адамдык сапатына баа берип жаткан жерим жок. Депутат, парламентарийдин классикалык түшүнүгүндө ал киши өтө бийик адис. Мага канчалык каршы иштесе дагы айтам. Текебаев Кыргызстандагы мыкты парламентарий, анын деңгээлине жете тургандар саналуу эле болот. Алар да жетсе жетет, жетпесе жок. Ушуга бир мисал келтирейин. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызханга эч кимдин жебеси жеткен эмес. Ошого жаа менен тийгизип, бираз жаракат келтирген мергенди аскерлери кармап келгенде, аны коё берип, өзүнүн эң жакын жансакчысы кылып, жаачыларды үйрөтүүгө кол башчы кылып дайындайт. Ал душман катарында атты. Ал мергендин аты Жебе.

 

— Элдин баары сиз айткандай боло албайт да. Мисалы, бир казанда кайнап жүргөн Текебаев менен Атамбаев бири-бирин кечиргис сөөк өчтү душманга жетишине эмне себеп болду?

 

— Ортодогу сыр, менин сырымды бул ачып коёт деген коркунуч, тазалык эмес. Тирүү кезинде бири-бирине согуш ачууга даяр болуп олтурган Сталин менен Черчилль. Сталин каза болду, Черчилль “Эгерде менден 20-кылымдагы адамзаттын ичиндеги эң улуу инсан ким деп сураса, мен түк ойлонбой туруп Сталин деп айтам” деп пикирин айтты. Мына, берген баасы. Рузвельт менен Черчилль бириксе Сталин алсыз болуп калмак. Экөөсү “Эмне үчүн Сталин жыйынга дайым кечигип келет? Ал келгенде эмне үчүн бүт зал көтөрүлүп турат? Биз эмне үчүн ордубуздан турушубуз керек? Биз деле империянын жетекчилерибиз. Биз дагы ордубуздан турбай коёбуз” деп сүйлөшүп олтурушат. Эшик ачылып Сталин кирип келгенде экөөсү тең ордуларынан турушкан. Адамдын кадыр-баркы, сый-урмат. Болбосо алар элдешкис жоолор. Бирок, алар улуу инсандар. Элчилерди жыйнап алып, каргыш айта турган инсандар эмес.

 

— Бакиевди бийликтен кетирүүдө Текебаев менен Атамбаевден өткөн ынтымактуу адамдар жок болчу да? Кеч болсо да Текебаев “Буларга караганда Бакиев адам экен” деп айткан эле…

 

— Чогуу чай ичпесе курсактары тойбойт эле. Тилекке каршы ушундай болуп калды.

 

— Эртең мамилеси кандай болуп кетиши мүмкүн деп ойлойсуз?

 

— Ар биринин адамдык касиетине жараша болот.

 

— Жээнбеков туура айткан экен, Бабанов шайлоо бүтөрү менен качып кетти…

 

— Ал ошондо эле белгилүү болбодубу? Ага чейин сары майдай катып жүргөн да. Сен мага каршы чыкпаганыңда жашай берет элең деген ишаарат.

 

— Жээнбеков ошол теле таймашта “Коррупция менен мен күрөшөм, 25 адамдын тизмеси бар” деп айтканын баарыбыз эле көргөнбүз. Эми ошол адамдар менен күрөш жүргүзө алабы?

 

— Конституция боюнча Жээнбековдун андай укугу жок. Укугу болгон күндө дагы ага мүмкүнчүлүк бербейт. Себеп, 54 пайыздын баары коррупциялык жол менен жасалды. Ал өзүнүн кадыр-баркы, элдин сүйүүсү менен жаралган жок. Мен, мага деле биз каржылап берели деген адамдар бар, аларга көзкаранды болуп калгым келбейт деп эмне үчүн жарыяладым? Ошон үчүн бир мүнөт дагы теледен чыккан жокмун. Алар эмес “дайым сизди сыйлайбыз” деген журналисттер гезитине бир барак жазып коё алган жок. Журналисттер дагы коррупционер деген бийликте отурган азаматтарды мактап калды. Журналисттер да сатылып кетишти. Эл акчага сугарылат. Ошон үчүн баары аралашып бүттү деп жазбадымбы.

 

“Бабанов мага беш тыйын акча бергиче, Кыргызстанга беш тоголонуп кетет”

 

— Шайлоого каражат таппай, Бишкектен чыга албай жаткан Мадумаров деле бирөөдөн акча алгандан кийин эл менен жолугушууга чыкты деген сөздөр айтылбадыбы?

 

— Ким ошол сөздү айтты? Мен Кыргызстандан бир кадам сыртка чыкканым жок. Жайда эле ким даяр болуп, өздөрү уюшулуп чакырса, ошол жерге барам деп айткам. Мен бардым. Бир жерде бир кесе чай куюп бердимби?

 

— Бабановдун акчасы менен Кыргызстанды кыдырып чыга баштады деген сөз тарады?

 

— Бабанов мага беш тыйын акча бергиче, Кыргызстанга беш тоголонуп кетет. Бир нерсени ойлонуп, жакындатып сүйлөш керек. Мадумаров бирөөдөн беш тыйын да албайт. Канчалаган жигиттер биз көтөрүп берели деп келишти. Аларды дагы акырындык менен уяткарып, кабинетимден чыгарып койдум.

 

— “Мен макул эмесмин” деген кыймыл менен жаңы күрөштү баштадыңыз. Келечектеги күрөшүү ыкмасы кандай болот?

 

— Келечектеги күрөш “Ушул бойдон жашай бер же бир нерсеге аракет кыл!” деген менен уланат. Кечээ эле кыргыз жүгүн мойнубузга алабыз деп президенттикке чыккан азаматтардын баары макул болуп, унчукпай туруп калды. Алар үчүн күрөш токтоду. 15-октябрь күнү шайлоонун жыйынтыгы чыкканда кесиптештериңер келип “Мындан ары эмне кыласыз?” деп сурады. Бул күрөш бүттү, жаңы күрөш башталды дедим. Ошондон бери күрөш башталып келе жатат. Миллиондогон кыргыздын үнүн басып коём дегенде мен макул эмесмин! Кыргыз куржунуна тыйын төгүп, сыртта иштеп жаткан азаматтарды киши катарында санабай койгонуна мен каршымын! Казакстанда болсо казак полициясынын, орустарда болсо орус полициясынын колуна өз жарандарын салып берген элчилик менен консулдуктарда иштегендерге мен макул эмесмин! Екатеринбургда Кочкордо туулган келин бар экен. Ошол “Балам туулгандан бери сиз деп келатам, сиз деп кетем бул өмүрдөн. Менин балам дагы Мадумаровго добуш берем деп барса, полицияга салып берип, эки бутуна чапкан экен, көгөрүп шишиги кетпей жатат” деди. Бул эмне деген айбандык? Ушунун баарына макулсуңбу сен кыргыз? Жээнбековдон башкасына салам дегендерди сүрүп чыгарып койгонун көргөн азаматтар азыр макул болуп олтурушат. Алар ким үчүн күрөштү? Азыр дагы тымпыйып олтуруп алып “Рахмат, сиз бизди бышырдыңыз” деп ыраазы болуп жатат. Аларга эл электорат экен да. Электорат деген эки гана саат болот. Мен ар дайым кыргыз жарандары деп сүйлөйм. Эл түбөлүк болот. Ошон үчүн “Мен макул эмесмин!” деген кыймыл жаралган. Бул эл аралык деңгээлге чыгып баратат. Түштүк Кореядагы, АКШдагы жарандарыбыз дагы колдоого алып жатат. Жакында АКШдан “Келип кетиңиз” деген чакыруу алдык. Анан кантип чыдап олтурасың? Азыркы президент жалпы кыргыз шайлоочуларынын болгону 32 пайызын алып олтурат. Андай президентке мен макул эмесмин! 68 пайыз каршы, 32 пайыз макул болуп жаткан адам кыргыздын лидери, жетекчиси боло албайт. Андай көрүнүшкө каршымын!

 

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”