Р.Карасартова: "Алмазбек Атамбаев элдин ынтымагын чыңдагандын ордуна тескеринче, элди бөлүп-жарып, ынтымакты ыдыратты. Ордендин баркын кетирбей эле койсо болмок"" 

 

- Рита эже, Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына экс-президент жана оппозициянын бири да чакырылбаганы боюнча түрдүү пикирлер айтылды. Атамбаевдин кыртышы сүйбөгөн адамдарды чакыртпаганы туура эле болдубу?

 

- Инаугурацияга жалаң өздөрүнө жакын адамдарды чакырып, экс-президентти чакырбагандыгы - дэңгээлин аныктайт. Атамбаевге элди бөлүп-жарганына карабай, “элин биримдике чакырган”- деп орден берди. Өзүнүн биринчи кадамын дагы бөлүп-жаруудан баштады.

 

- Экс-президент кызматтан кетер маалында сиздер каршы болгон Суу кодексине өзгөртүү киргизди. Эми ал мыйзамдын жардамы менен мөңгүлөр талкаланабы же суулар тымызын сатылабы?

 

- Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен бийлик “Кумтөр” компаниясын мыйзам бузуудан, башкача айтканда айыптардан бошотушту. Эми мындан ары келтирилген зыян аныкталбайт, чыгымдар ордуна келтирилбейт. Мөңгүлөрдү буга чейин деле талкаланып келишкен, эми деле талкалана берет. Анткени, мыйзам менен талкалоого уруксат беришти.

 

- Жаңы президенттик такка отурган Сооронбай Жээнбеков ишти эмнени жөнгө салуудан башташы керек?

 

- Сооронбай Шарипович Казахстан, Тажикистан, Түркия, Орусия менен кылдат мамиле түзбөсө мамиле орлоп кетиши мүмкүн. Атамбаевдин доорунда тышкы саясат бир топ начарлап, жакын кошуналар менен мамилебизди бузганда жетишкенбиз.

 

- Атамбаев “Кыргыз эл баатыры” деген наамга татыктуубу? Ал наам ага кайсыл кылган кызматы үчүн берилди?

 

- “Элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүүнү бекемдөөгө зор салым кошкондугу үчүн берилди”- дептир. Бирок Алмазбек Атамбаев элдин ынтымагын чыңдагандын ордуна тескеринче, элди бөлүп-жарып, ынтымакты ыдыратты. Туруктуу өнүктүрүүнүн пайдубалын түзсө эмнеге биз өнүкпөйбүз, билбейм. Даяр оокатты сатып жан багып, насыяны толтура алып жол салып келгенбиз. Эми ошол насыянын үстөк пайыздарын төлөө убакыт келет. Ошондо көрөм туруктуу өнүгүүнү. Кыскасы, андай сыйлуу наамга Атамбаев татыктуу эмес эле. Ордендин баркын кетирбей эле койсо болмок.

 

- Суу кодексин өзгөртүүгө мамлекеттик эмес уюмдар гана каршы чыгышкан болчу. “Алар элдин башын айлантып жатат”- деп сиздин да дарегиңизге сындар, ачуу сөздөр айтылды. Сиз бул маселени грант алуу үчүн эмес, мамлекетиңизге күйгөнүңүз үчүн көтөрдүңүзбү?

 

 - Мен ал маселени, жеке кызыкчылыгым үчүн эмес, элдин эртеңин ойлогонум үчүн көтөргөм. Маселен,  юрист катары айтсам, эч качан кодекстерге аттар жазылбайт. Кандайдыр бир мыйзамга ат жазылса - бул коррупциянын белгиси. Мен мына ошол коррупцияга каршы болгонум үчүн чырылдап чыктым. Ошондой эле келечекте балдарым ушул маселе көтөрүлүп жатканда, “эмнеге үн каткан эмессиз?”- деши мүмкүн. Жакын арада ичүүчү таза суу, сугаруучу суу боюнча чоң  көйгөй жаралат. Ошондо азыркы аткаминерлер сөзсүз тарых алдында, урпактары алдында жооп беришет.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №57 (335), 13-декабрь, 2017-ж.