С.Четинбаев: “Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдогон депутаттардын аракетин чыккынчылык катары баалайм! Бул акылга сыйбаган көрүнүш, наадандык”  

 

- Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдогон депутаттар мамлекетчил инсандарбы же керт башынын кызыкчылыгын жогору койгондорбу?

 

Шайырбек Маматокторов, медиа-эксперт:

 

“Депутат коомдун жүзү, элибиздин саясий маданиятынын деңгээлинин көрсөткүчү”

 

- Мөңгүлөрүбүздү талкалаганга уруксат берген мыйзамды колдогон депутаттар - алар болгону сиз менен биздин жүзүбүз. Ал депутаттарды башка планетадагылар шайлап, анан бизге жиберип коюшкан эмес го дейм. Аларды керт башын ойлогон наадандар деп атоодон мурда, ошол депуттарга добушун берип (сатып), аларды шайлаган адамдарды ошентип аташ керек. Депутат - болгону биздин коомдун жүзү, элибиздин саясий маданиятынын деңгээлинин көрсөткүчү. Демек, биз өзүбүз так ошондой кемпай, дүйнөкор жана өлкөбүзгө чыккынчылык жасоого даяр депутаттарга гана татыктуубуз. Шайлоо кезде шайлап коюп, эми эмнеге даттанасыңар? Өз кезинде “партиялардын тизмесин карап туруп шайлагыла, кийин өкүнөсүңөр”- деп айтсак, эч ким кулак салган эмес. Ар бир адам, ар бир шайлоочу өзүнүн келечегин өзү тандап алат. Эми чырылдагандан пайда жок. Мына, парламент, анын төрагасы, өкмөт башы, а тургай өлкөнүн президенти алмашты. Бир нерсе өзгөрдүбү? Кимдин жашоосу жакшырып, кимдин маянасы көтөрүлүп, кайсы бир көп балалуу үй-бүлө батирлүү болуп, кайсы бир кары-картаң кенен пенсия алып, адамдай жашап кетишти?

 

Калича Умуралиева, укук коргоочу:

 

“Мезгили келгенде элине, балдарынын келечегине чыккынчылык кылганын түшүнүшөт”

 

- Менимче, Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдогон депутатар мамлекетчил инсандар эмес. Башкача айтканда, алар керт башынын жыргалчылыгы үчүн кылымдардан бери сакталып келе жаткан мөңгүлөргө кол салуу демилгесин колго алышты. Азыр туура кылдык дешкени менен мезгили келгенде элине, балдарынын келечегине чыккынчылык кылганын түшүнүшөт.

 

Рита Карасартова, адвокат:

 

“Кумтөрдөгү” кылмышты мыйзамдаштырып беришти”

 

- Суу кодексин өзгөртүүнү колдошуп, депутаттар эбегейсиз чоң ката кетирип жатат. Айтайын дегеним, Суу кодексин өзгөртүү демилгесин көтөргөн өкмөттүн аракети мыйзам жазуу стандартына туура келбеген нерсе болду. Кодекске эч качан бир мекеме же мөңгүнүн аты жазылбашы керек. Бул өзгөртүү менен “Кумтөрдөгү” кылмышты мыйзамдаштырып беришти. Тарых баарына баа берет.

 

Эмилбек Момунов, журналист:

 

“Маңкурт депутаттар менин жогору духумду мөңгү менен кошо талкалашты”

 

- Суу кодексине өзгөртүү киргизүү мыйзамы биздин депутаттардын деңгээли, мекенчилдик касиети кандай экендигин көрсөттү. Бир эле кыргыз парламентинде эмес, дүйнө жүзүндө да мындай өз элинин эркине каршы чечим чыгарган парламент, депутаттар болбосо керек. Азыркы климаттын глобалдык деңгээлде ысып аткан учурунда мөңгүлөрдүн баасы алтындан жүз эсе кымбат экендиги түшүнүктүү. Андыктан ушул баа жеткис, кылымдар боюу сакталып, элибизди таза суу менен камсыз кылып, жерибизге салкын аба, тоолорубузга кооздук тартуулай турган мөңгүлөрүбүздү талкалоого уруксат берген депутаттарды тарых сөзсүз жазалайт. Булар мындай маңкуртчулугу менен өздөрүнүн ансыз деле жок саясый капиталын биротоло жоготуп алышты жана жогору жактан кандай буйрук болсо, ойлонбой аткара турган, жеке пикири жок, Гимнге да кирген мөңгүлөрдү алтынга алмаштырган күнкарама депутат экендигин далилдешти. Мен дайыма чет мамлекеттерге чыкканда башымдан ак калпагымды түшүрбөй кийип, ага суктангандарга "Бул биздин чокусу асман тиреген ак карлуу мөңгүлөрүбүздүн символу",- деп сыймыктанчумун. Эми ушинтип айта аламбы? Жок, анткени маңкурт депутаттар менин мындай жогору духумду мөңгү менен кошо талкалашты.

 

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү:

 

“Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдогон депутаттардын аракетин  чыккынчылык катары баалайм!”

 

- Бул депутаттар үстүртөн келген команданы кыңк этпей аткарышты. “Жок, андай болбойт. Биз элибиздин, жерибиздин кызыкчылыгын сата албайбыз,”- деп айтканга духтары жеткен жок. Булар жогору жактын айтканына каршы чыкмак турсун жылуу жерде отуруп, өз бизнестерин коргоону жогору көрүштү. Мен Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдогон депутаттардын аракетин чыккынчылык катары баалайм! Дүйнө жүзү глобалдуу жылуулуктун көбөйүшүнүн кесепетинен ээрип жок болуп бараткан мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн эбегейсиз чоң суммадагы акчаларды жумшап, мөңгүлөрдүн эрүүсүн токтотконго аракет кылып жатышат. А бизде тескерисинче, “мөңгүлөрдү талкалап жок кылсаңар боло берет”- деп мыйзам кабыл алып беришти. Бул акылга сыйбаган көрүнүш, наадандык. Эли жерин сыйлаган депутат мындай кадамга барбайт! “Суу - өмүрдүн булагы”- дегенди булар унутушса керек.

 

Чолпон Осмонова, коомдук ишмер:

 

“Жаңы ажобуз бул мыйзамды колдомок турсун, артка чакыртып алабы деген үмүтүм зор”

 

- Ушул маселе көтөрүлгөнү оюм онго, санаам санга бөлүндү. Менин жеке пикиримде өзгөртүүгө аракет кылынган Суу кодексинин күңгөй да, тескей да жагы бар. Маселен, мен мөңгүнүн ээрип жок болушуна, таза суунун азайышына чыны менен каршымын. Бирок, окумуштуулардын айтканын эске алсак, күн ысып, жерди суу каптап жатканын эстесек биз коргоп жаткан мөңгүнүн да азабын тартып калабызбы деп кооптоном. Бир эле мөңгү ээрисе, Кыргызстан үчүн чоң маселе жаратат. Анын үстүнө “Кумтөр” жактагы мөңгүлөр деле ууланып бүтсө керек, уулуу заттарды төгүп жатып. Активистер айткандай колдоого алынган Суу кодексин беттерине кармап, эми башка мөңгүлөрдү талкалоону колго алышпаса экен. Балким, жаңы шайланган ажобуз бул мыйзамды колдомок турсун артка чакыртып алып, элдин, мамлекеттин келечегин ойлобой табийгатка зыян алып келчү демилгени колдогон депутаттардын аракетине каршы чыгып коёбу деген үмүтүм зор.

 

Нуразиз Шайырбек, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү:

 

“Депутаттардын бул кадамы тарых алдында кечирилгис күнөө болду”

 

- Мөңгүлөрдү талкалоого макул болгон депутаттардын саясий эрки жок, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобогон саясатчылар деп баа берем. Депутаттардын бул кадамдары тарых алдында кечирилгис күнөө болду. Ага мезгили келгенде жооп беришет.

 

 Самат Аалиев, коомдук ишмер:

 

“Акыры түбү Үзөнгү-Куш, Каркыра, Унгартоо жана “Кумтөр” боюнча чыккынчылык чечим кабыл алган саткындарга баа берилет”

 

- Саясий амебалар... ал эми адамдык сапат менен сынаганда “күн карамалар” десем жаңылбаймын. Акыры түбү, Үзөнгү-Куш, Каркыра, Унгартоо жана “Кумтөр” боюнча элине чыккынчылык чечим кабыл алган саткындарга баа берилет.

 

Кабай Карабеков, экс-депутат:

 

“Булар жалданган, жогору жакка каршы пикирин билдире албаган адамдар”

 

- Булар жалданган, жогору жакка каршы пикирин билдире албаган адамдар. Ошон үчүн ушундай чечим кабыл алып, Суу клодексине өзгөртүү киргизүүнү колдоп беришти.

 

Суроо салган

Чынайым Кутманалиева

 

Булак: “Майдан.kg гезити