Б.Жээнбеков: “Сьезддин катышуучуларын зордоп кол көтөртүшсө, эртеси эле күнү Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Сагынбек Абдырахманов сыяктуулар  партиянын желегинин астынан кетүүгө даяр”

 

- Жума соңунда Бишкекте Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) кезектеги курултайы болуп, анда президенттикке талапкер аталат. Айрым серепчилер азыртан эле жеңишти КСДП түртүп жаткан Сооронбай Жээнбековго ыйгарышууда, анткени, бийлик колунда эбегейсиз административдик жана каржылык ресурсу турганда жеңилип калышы күмөн. Демек, азыртан шайлоо таза болбой тургандыгы көрүнүп турса, башкалар ага катышып не кылат? Жеке сиз шайлоонун таза өтүшүнө ишенесизби?

 

Жолдошбек Токоев, журналист, аналитик:

 

Эгер бийлик КСДПнын талапкерине одоно тартса, анда 15-октябрдан кийин чоң чыр чыгып кетет”

 

- Бизде партиялык түзүлүш али калыптана элек, азырынча жасалма түрдө. Кыргызстанда аймактык намыс же куру намыс, уруучулдук намыс партияларга караганда жүз эсе күчтүү. Азыркы саясий партияларга караганда арабдардын акчасынан күчү менен түптөлгөн, уюшулган диний агымдар эң күчтүү. Мисалы, партиянын жыйындарына атайын уюшулган топторду араңдан зорго топтоп барышса, жума күнү мечиттерде эл жайнап кетет. Эми КСДП  бийликти колдон чыгаргысы келбейт, сөзсүз кандайдыр бир деңгээлде административдик ресурсту колдонбой койбойт. “Желмогуздун чоңунан кичинеси жаман”- дегендей, кызматтан ажырап калгысы келбеген жергиликтүү жана борбордук бийликтин бутактарында тургандар КСДПдан президенттикке талапкер болгондордун кошомат үчүн камчысын чабат. Ошентсе да, Т.Сариев, Ө.Бабанов менен эсептешпей койбойт. Мен өйдөдө айткандай, бул эки талапкер тең бир аймактан, демек шайлоочулары арбын. Түштүктө 800 миң өзбек туугандар, дагы башка улуттагылар КСДПнын талапкерине жалпы добуш бериши  күмөн. Себеби, алар Бакиевден кийин түштүктөн чыккан президенттен жалкып көңүлдөрү “үч көчкөн журттай калышкан” эмеспи. Өзбек туугандар “хоп ака!” дегени менен ниеттери Т.Сариев, Ө.Бабановдо. Дагы бир жагдай, кыргыздын намысы да күчтүү эмеспи. Эгер бийлик КСДПнын талапкерине одоно тартса, анда 15-октябрдан кийин чоң чыр чыгып кетүү кооптонуу бар. Дагы башка күчтөр -А.Келдибеков, К.Ташиев, Н.Түлеев, М.Мырзакматов, С.Жапаров, дагы көптөр КСДПнын талапкерине каршы иштешери турган иш. Негизи бул шайлоодо дин адамдары да аралаша турган түрлөрү бар, бул да өтө кооптуу. Бишкекте, Чүйдө дунган, уйгур, корей сыяктуу элди кошкондо 500 миң орус тилдүү калк жашайт. Алардын баары эле бийлик талапкерин колдобосо керек? Бул да КСДПга чоң конгуроо.

 

Бабырбек Жээнбеков, коомдук ишмер:

 

“Сьезддин катышуучуларын зордоп кол көтөртүшсө, эртеси эле күнү Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Сагынбек Абдырахманов сыяктуулар  партиянын желегинин астынан кетүүгө даяр”

 

- Он сөзүнүн экөөсүндө Кудайды кошунасынан бетер күбөгө тартып сүйлөгөн президентибизди, анын шымаланган даңгеселеринин бүгүнкү кейпин, деңгээлин, жүргүзүп жаткан саясатын көрүп отуруп шайлоонун таза өтүшүнө бир шариги кем адамдын деле ишениши кыйын го. Ишеним, үмүт деген түшүнүктөрдү ачыктан-ачык жок кылууга багытталган бийликтин бүгүнкү бирден-бир максаты - кандай жол менен болсо да өз бийлигин сактап калуу жандалбасы болууда. Бирок, Атамбаев менен анын аткошчулары өздөрүнүн келечегин артык кылабыз деп отуруп биротоло тыртык кылуу жолун тандап алышты. КСДП партиясынын ички абалы менин айткандарымдын сонун далили. 15-июлга белгиленген партиянын сьездинде Атамбаевдин сүймөнчүгү болуп жаткан Сооронбай Жээнбековдун бир кылка колдоо табышы күмөн. Сьезддин катышуучуларын зордоп кол көтөртүшсө, эртеси эле күнү партиянын жаштар канаты, Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Сагынбек Абдырахманов сыяктуулар  партиянын желегинин астынан кетүүгө даяр. Алардын адамдык дагы, партиялык дагы, лидерлик дагы амбицияларына Атамбаев тарабынан катуу сокку урулду. Бул адамдардын өздөрүн кемсинтүүнү көтөрүп кетүүсү мүмкүн эмес деп ойлойм. Бүгүн шайлоодон жеңип чыгаарына КСДПчылардын өздөрүнүн да көздөрү жетпей турган учур. Олку-солку болуп, араңжан аракет кылган топту жеңип чыгуу көп иш-аракетти деле талап кылбайт. Мындай шартта батыл аракет кылган талапкердин үстөмдүгү орнойт. Эл ошол тарапка оойт. Демек, күрөш сөзсүз керек. Административдик ресурс күч кимде болсо, ошол тарапка өзү эле ооп кетет. Себеби, Атамбаев менен анын аткошчуларынын саясий ресурсу курулай дымакка гана байланып тургандыгын сокурлар гана көрбөсө, соо адамдардын бардыгы алардан эчак эле түңүлүп бүтүшкөн. Ал эми каржылык ресурска келсек, Ө.Бабановдун, Т.Сариевдин, Б.Төрөбаевдин акча каражаты жетишсиз деп ойлоо жаңылыштык болуп калат деп ойлойм. Болгону, аларды сарамжал жана ыктуу пайдалана билүү гана керек.

 

Алга Кылычов, коомдук ишмер:

 

“Элдин мүдөөсүн таза шайлоо менен гана орундата алабыз”

 

- Биринчиден, КСДП президентикке талапкерлигин көрсөтүүгө мыйзам чегинде толук укуктуу. Экинчиден, жеңишти Жээнбековго түртүп атышса, демек татыктуу жана күчтүү талапкер, ага элдин ишеними чоң. Сиздин сурооңузга  факт менен жооп берейин. Балким, таза шайлоо өтпөйт деп жаткандар саясий опоненттери же азыртадан элдин ишенимин ала албай калуусуна көзү жеткен электораты жоктордун  бет тырмамай оорусу деп түшүнсөк болот. Эч кандай админстративдик ресурс колдонулбайт. Себеби, бизде президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин жеке демилгеси менен биометрикалык шайлоого жетиштик. Эсиңерде болсо бул шайлоо мыйзам долбоору иштелип жатканда ар кандай ушактарды таратып, каршы чыккандар көп болгон. Жыйынтыгында, биринчи жолу биометрикалык шайлоо өткөндүн эртеси бир дагы нааразы болгон митинг болгон эмес. Тескерисинче, таза шайлоонун жыйынтыгына баары макул болушкан. Биздин таза шайлообузга коншулаш мамлекеттер жетише элек. Жокко эсе. Европадагы кээ бир өлкөлөрдөгү белдүү саясатчылар, журналисттер, байкоочулар Кыргызстан таза шайлоо өткөзүү боюнча керек болсо кээ бир Европа өлкөлөрүн артта калтырганын моюндап жазышкан. Бул факт. Ошондуктан, таза шайлоо менен гана элдин мүдөөсүн орундата алабыз. Биз колдошубуз керек!

 

Осунбек Жамансариев, коомдук активист:

 

“Шайлоо таза өтөт

 

- КСДП жакында сьездинде президенттике талапкерин бекитет. Каржы ресурсун баардык талапкерлер катары эле жумшашат да, административдик ресурсту азбы-көппү, колдонушат. Кандай болгон күндө да, жеңишке алып чыга турган добуш чогултуу кыйын, ал үчүн эл колдошу керек. Ал эми, добушту уурдап, шайлоону таза эмес өткөзүү жагына барышпайт го. А.Атамбаев андайга барбайт деп ишенем. Бир чети таза эмес шайлоого баруу опурталдуу болушу мүмкүн. Ошон үчүн шайлоо тынч өтүүсү керек. Жалпысынан шайлоо таза өтөт деп ишенем.

 

Шайлообек Атазов, “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү:

 

Бийлик күчкө салса, эл көчөгө чыгат

 

- Тарыхтан кыргыз элине адилетсиз башкаруу болсо эмне болоорун баарыбыз билебиз.  Күздөгү шайлоо да кысым-басым көрсөтүлүп таза өтпөсө, анда эл бийликке тактыктуу  жообун берет. КСДП көрсөтүп жаткан Сооронбай Жээнбеков таза талапкер. Бирок, мен шайлоонун таза өтөөрүнө  ишенбейм! Себеби, кошматчылар шайлоодо “артык кылам деп тыртык кылып алышы” толук мүмкүн! Анан да Келдибеков, Мадумаров, Төрөбаев, Сариев, Бабановдордун да эл арасында кадыры Сооронбай Жээнбековдон кем эмес. Бийлик күчкө салса, эл көчөгө чыгат. Зордук менен кыргыз элин башкаруу мүмкүн эмес! Андан көрө 7 жылдан бери иш жүзүндө элдин жүрөгүнөн түнөк табыш керек болчу...

 

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” коомдук уюмунун  жетекчиси:

 

Шайлоо эч качан таза өтпөйт”

 

- Мен эч качан таза шайлоо болооруна ишенбейм. Шайлоо эч качан таза өтпөйт. Керек болсо КСДПнын өзүндө  төрт-бешке бөлүнүү болуп,  регионалдык талаш тартыш болуп кетет. Ошондуктан эл өзү татыктуусун тандап алышпаса, ар кандай провакациалар орун алышы толук мүмкүн.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: