А.Келдибеков: "Биз адамга жүрөгүбүз менен берилип, ишенип алгандан кийин жыйынтыгында алдандык. Эми аны Кудайга койдук..."

 

- Өмүрбек Текебаевге иш козголуп, камакка алынышы боюнча “ал киши өзү түзгөн системанын курмандыгы болду” деп айтканыӊыз бар. Сиздин оюӊузча, Текебаев кайсы учурда, кантип жаӊылды?

 

- Эми адамга баа берүү, айрыкча бүгүнкү күндө адамдын башынан оор күндөр өтүп жатканда ага кандайдыр бир баа берип же болбосо ага жакпаган сөздөрдү айткан бул туура эмес. Мен дагы башымдан өткөрдүм, бүгүнкү күндө кандай адам болбосун ага башка адамдар колунан келишинче жакшы сөз гана сүйлөш керек. Же болбосо ал тууралуу сүйлөбөй эле койгон туура. Ал эми парламенттик башкаруу системасын түзүүдө Өмүрбек Чиркешович Конституциялык кеңештин башында туруп, ошол Конституцияны өткөргөндөн кийин, Убактылуу өкмөт анын негизги принциптерин сактап калууда чоң иш алып барышы керек болчу. Себеби парламенттик башкарууну аягына чейин жеткизип, ошону толук кандуу иштеткенде бүгүнкү күндөгүдөй мыйзам бузуу жолдору, бүгүнкүдөй акыйкатсыздык, адилетсиздик дегендин баарына жол берилбей калат беле деп ойлойм. Ошол мезгилде акыйкатсыздык, адилетсиздик болуп жатканда кээ бир адамдардын ошол кырдаалды ачык-айкын айтып чыкпаганы, тескерисинче, бул нерселердин орун алышына түрткү болуп бергендери туура эмес болгон. Бүгүн ошол туура эмес, адилетсиздик, акыйкатсыздык нерселер кайрадан кайталанып жатат. Бул бир гана саясатчыларга тиешелүү дегенден алысмын. Бардык эле жарандар, ошол эле сот системасы. Мына сот системасында реформа деп атаганыбыз менен, ошол мезгилде бир эмес, эки жолу чоң пакеттеги документтерди алып өткөнбүз. Ошолордун алмашып, негизги принциптеринин жоголуп кеткени - ошол сот менен, ошол реформа менен “өзүбүзгө ыңгайлуу кылабыз, бийликке ыңгайлаштырабыз” деп өзгөрткөндүн кесепети бүгүн бардыгына тийип жатат. Бүгүнкү күндө сот системасына эч кандай ишеним жок. Сотту адилеттүү деп эч ким айта албайт. Муну жөнөкөй окуучудан сурасаңыз да айтып берет. Бул ошол реформанын негизинде саясатчылардын көбүрөөк таасирибиз болсун, бизге баш ийе турган болсун, биздин сөзүбүз өтүмдүү болсун деп түзгөн нерсенин кесепетин бүгүн көрүп жатабыз.

 

- Ташиев-Мадумаров-Келдибеков тандеминин тагдыры кантип чечилди. Адахан Мадумаровдун билдирүүлөрүнө караганда, өз ара сүйлөшүп алдыӊыздар. Президенттик шайлоого кимиӊер чыгасыӊар?

 

- Акыркы учурда кыргыздар ушак менен гана жашап калдык. Кээде айтылган сөздү саясатчылар өзүнө ыңгайлуу кылып чыгарып алып жатышпайбы. Биз, үчөөбүз тең съезд өткөрө элекпиз. Үчөөбүз тең БШКга барып арыз бере элекпиз. Баарын убакыт көрсөтөт. Мадумаровдун биздин тандемдин аягы жетип калганын айтып жатканы жана социалдык баракчада өз пикирин билдирип жаткандыгынын баарын "тактика" деп койсо болот.

 

- Сурамжылоодо үчөөӊөрдүн ичинен Мадумаровдун рейтинги жогору болууда. Талапкер чыгарууда биринчи элдин пикирин эске аласыӊарбы же андан маанилүү жагдайлар барбы?

 

- Мадумаровго добуш берип колдоп жаткандарга ыраазычылык билдирем. Ага добуш бергендер - бул биздин тандемге ишенимин, үмүтүн арткандар. Азыркы шайлоодо “кандай кылып элдин ишенимин актоо керек, жеңишке жетишүү керек” дегендин айланасында тактикалар, ыкмалар колдонулат. Албетте, биз дагы элдин ишенимин эске алабыз. Ар бирибизге берилген добуш, жакшы сөздөр, сын-пикирлерди кабыл алып, ошого жараша үчөөбүз тең чечим кабыл алышыбыз керек. Эмне себептен 1 партия 1 лидер чыгарат же болбосо 2-3 адам чыгарат, мунун баары ошол адамдардын саясаттагы ордун, элдин аларга болгон ишеничин эске алуу менен чыгарылат. Баарын убакыт көрсөтөт.

 

- Курултай качан өтөт, болжолдуу айта аласызбы?

 

- Курултай, буюрса, ушул айдын ичинде өткөрүлөт.

 

- Мурдагы кесиптешиңиз Садыр Жапаров камакка алынганда Ташиев дагы, сиз дагы дароо билдирүү жасап, пикир айтып чыкпай кармандыңыздар. Себеби эмнеде? Же ага коюлган айыпка ынанып калдыңыздарбы?

 

- Садыр Нургожоевич бул жакка келе турган иш-пландарын айтып, биз менен байланыша албай калды, биз акылдаша алган жокпуз. Анын өлкөгө келүү кадамдарына эмне себеп болду, эмне түрткү болду, билбегенден кийин андай-мындай деп айта албайбыз. Бир нерсе деп билбей туруп айтып, Жапаровго зыян келтирип коюшубуз мүмкүн. Бирок биз келинчеги, бир туугандары менен жолугуп, колдоо көрсөттүк. Колдон келген жардамыбызды адам катары, дос катары беребиз. Аны баягы Ысык-Көлдө болгон окуянын негизинде кармаган турбайбы. Ал боюнча Каптагаев деле негизги күбө жана жабырлануучу катары Жапаровдун күнөөсү жок экенин айтып чыкпадыбы. Садыр мырзага болгон соттун чечимдери акыйкат чыгарылып, акталат деген ишеничтемин. Кудай сотторго ынсап берсин. Соттордун арасында деле жүрөгү таза адамдар бар да. Мен ошого ишенем.

 

- Азыркы учурда мамилеңиздер кандай?

 

- Эми үчөөбүздүн тең башыбыздан ар кандай окуялар өттү. Мырзалык, адамдык сапатыбызды сакташыбыз керек. Ошон үчүн колубуздан келген жакшылыкты аябайбыз. Ошол Ысык-Көлдөгү болгон окуя боюнча Садыр мырзанын күнөөсү жок деп эсептейм.

 

- Жубайыңызды алдадыңыз беле?

 

- Эми алдабайм деген адам болбосо керек. Майда-чүйдө нерседен “баратам” же “жолдомун” деп айтып коё беришиң мүмкүн. Алдоо дегенди ар ким ар башка түшүнүк менен кабыл алат да. Бирок үй-бүлө үчүн маанилүү жагдайларда, чечүүчү учурларда калп айтып алдоо деген болбойт. Анда үй-бүлө очогун сактап калуу оор болот. Жубайыма рахмат, 6 баланы төрөп берди. Бирөөсү чарчап калган, бирок азыр 3 уул, 3 кызды тарбиялап жатабыз.

 

- Терроризм деген күч алып жатат. Президент болуп калсаңыз ушул көйгөй боюнча кандай иштерди алып бармак элеңиз?

 

- Терроризм деген дүйнө жүзү үчүн рак илдетиндей болуп калды. Аны менен күрөшүүгө ири державалар иш алып барып жатат. Биз Афганистанга жакын жайгашканбыз. Аны менен күрөшүү үчүн эң негизгиси өлкөнүн ичиндеги кооптуу жагдайларды жөнгө салып, чек ара маселесине көңүл буруп жана динди туура багытта алып барууну жөнгө салуу керек. Эмне себептен Кыргыз жарандары Сирияга согушка кетип жатат? Ушунун өзөгүн аныктап, алдын алуу керек.

 

- Убакыттын өтүшү менен кетирилген кемчиликтер оркоюп чыга келет. 2010-жылы кыска убакыттын ичинде түзүлүп, революциялык эмес реваншисттик күчтөр деп айтылганына карабай, “Ата Журт” шайлоодо 1-болуп келген. 2015-жылы "Республика" менен чогуу катышты, бирок ал партия менен эки жолго түштү. Партиянын башында турган адам катары айтсаңыз, “Ата Журттун” учурда чоң саясаттан четке сүрүлүп калышынын катачылыктары эмнеде деп ойлойсуз?

 

- Эми биз саясатта кичине жаштык кылып коюптурбуз. Болбосо буга чейин депутат болдук, министрликте иштедик. Саясий интригада жаштык кылып койдук десем болот. Саясатта 10 жылдап, 20 жылдап оппозицияда жүрүп, саясий интриганы кыйын билген, жакшы өздөштүргөндөр алдап койду да. Биз мүмкүн, толук кандуу саясатчы болуш үчүн ошол жолдон өтүшүбүз керек болгон. Бирок алар бизди алдап, ушундай туңгуюкка алып келип, бизди “талкаладык” деди. Бирок ошол карт саясатчылар, интриганттар кайра өздөрүн өздөрү алдап, бүгүнкү күндө ушундай болуп турат. Мен ойлойм – “бул дагы бир саясаттагы өзүнчө искусство” деп. Биз адамга жүрөгүбүз менен берилип, ишенип алгандан кийин жыйынтыгында алдандык. Эми аны Кудайга койдук. “Алдадым”- деп ушундай бир жыйынтыкка келгендерге Кудай сот. Биз үчүн өтө чоң сабак болду.

 

“Super.kg” порталы

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 05.07.2017-ж.