Э.Байсалов: Атамбаевтин шоопуру кокустан эле топтогон тизме кантип партия боло алмак эле...

 

- Эдил мырза, президенттик шайлоо кайсыл күнү болсо, баарыбызга ыңгайлуу болот?

 

- Мен 15-октябрь күнүн эң ынгайлуу жана туура көрүп турам. Иса Омуркуловтун демилгеси эки колду тең көтөрүп колдоого алуучу долбоор.  Бирок, мен "Ата Мекен" фракциясынын президенттик шайлоо август айынын ортосунда өтүшү керек деген сунушуна аябай таң калдым. Башкача айтканда, алардын сунушу “эл катышпасын, шайлоо отпуск учурунда өтүп, байкалбай калсын” деген диктаторлордун сунуш кылчу күнүнө туура  келип турат. Бул демократияга жатпайт. 15-октябрь болсо элибиздин шайлоого  толук кандуу катышуусун камсыз кылат деп ишенем.

 

- Бийликтегилер саясаттагы тактикасын өзгөрттүбү же мурунку эле жүрүш менен кетип жатышабы?

 

- Жок, бул жөн эле өзүнчө бир кадам. Тактика деп айтууга болбойт. Шайлоого келгенде - КСДПда башынан эле эч кандай тактика же стратегиясы жок экенин айтып келе жатам. Чынында  КСДП деген партия деле жок. Мына эч кимди талапкер кылып көрсөтө алышкан жок. Бул Атамбаевдин жеке мүнөзүнөн болуп аткан иш. КСДП партия болгон учурда, эчактан эле чогулуп, бир талапкерди көрсөтүп, ошонун тегерегинде биригүүгө аракет кылышмак. Бирок булар партия эмес. Анткени, Атамбаевтин шоопуру кокустан эле топтогон тизме кантип партия боло алмак эле.

 

- Президенттин көчкүдөн жабыр тартып, каза болгондорго көңүл айтып, бирок айрым жеринен зекиди деп капа болгондор бар. Ал боюнча не дейсиз?

 

- Мен биринчи чын жүрөктөн сүйүнгөм, “башчыбыз заматта көңүл айтыптыр” деп. Себеби, август айында Москвада кыздарыбыз күйгөндө, январ айында учак кулаганда унчукпай жатып алды эле. Бирок, ошол видео кайрылуусун көргөндө, “өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылыптыр” дедим. Бир да жылуу сөз айтпастан, урушуп кирген, жети жолу “мал” деп кайталаган киши кимге жаксын? Таш боор! Мындан көрө унчукпай эле коюш керек болчу. Анын мындай сөзү адекваттуу реакция эмес. Бир дагы мамлекетте президенттин пресс-кызматы мындайды жарыялабайт. Бул жерде болсо видеону араң монтаждалганы да көрүнүп турат. Менимче мындан дагы катуу, зөөкүрдүк сөздөр айтылса керек. Анан болсо, адаттагыдай эле, президент кырсык болгон жерге барып да койгон жок, көз көрсөтүп. Элдин ишенимине ээ жетекчи болгондо, ошол эле күнү барып, "четте турган үйлөрдөн өлгөндөрдү казып чыкса болот экен, калгандарын убара болбойлу, миллион кубометрди күрөк менен каза албайбыз” деп кесе айтып, ошол жерде эле берчү буйруктарын берип, куран окуттурат эле да туурабы? Элдин баардыгы ошондойго баш ийип бермек. Андай да болгон жок. “Деги батыраак күндөр өтүп, жаңы президент келсе экен, кимиси болсо дагы”- деген ойдон башка тилек калган жок азыр элибизде.

 

- Камактагы оппозиционерлерди кандай тагдыр күтүшү мүмкүн?

 

- Кандай тагдыр күтөөрүн, мындан аркысы эмне болоорун билбейм. Бирок, Акаев менен Бакиевдин тушунда ашып кетсе 2-3 гана оппозиционер камалган. Атамбаевдин учурунда жабык сот деген шылтоо менен  баардыгын кесип жатышат. Жаңы бийлик келгенде сотторун ачык өткөзүп, кайра  башынан башташ керек. Болбосо, көбү арзыбаган нерсе үчүн эле камакка алынып, жапа чегип жатышат.

 

- Азыр жабык сот деген мода болдубу же бийлик ушул тактиканы колдонууга аргасыз болуп жатабы?

 

- Мурунку бийлик процессуалдык эрежелерди бузбай, акыйкатсыздык болуп турган учурда дагы, кынтыксыз сотторду өткөзүшчү. Атамбаевдин доорунда сот менен прокуратура  жаш балдардын оюнуна окшоп калды. Сабатсыз жана сапатсыз, “и так сойдет”, безалаберщинанын заманы! Булар бири бириникин туура десе эле, туура боло калгансып ишти алып бара жатышат. Мен коюлган дооматтардын суу кечпегенин деле айтпай коеюн, процессуалдык нормалар одоно бузулуп жатканына ачуум келип жатат. Мага демектен булар накта Чикатилону соттогон күндө дагы, ал эртең кайра акталып чыгышына шарт түзүп койду. Баардык мыйзамда көрсөтүлгөн процессуалдык эрежелерди бузгандары үчүн.

 

Ч.Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №17 (295), 09.05.2017-жыл