А.Мадумаров: "Зыңкылдатып мактап жүрүп, Бакиевди көмдүңөр. Зыңкылдатып көтөрүп жүрүп Отунбаеваны соктуңар. Бүгүн да зыңкылдатып атасыңар..."

 

Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери: 

 

- Мына бул жерде отурган саясий серепчилер, силер чындыкты айтасыңарбы (?), жок, КТРКдан сүйлөйсүңөрбү (?), ооба. Эмнеге? Себеби “сүйлө” деди. Силер сөзүнөргө жооп бересиңерби, жок. Эмне үчүн, себеби жоопкерчилик жок. Жаштар бир нерсе жасайсыңарбы, жок. Шайлоодо добушуңарды сатасыңарбы, ооба. Мына бул дагы бүгүнку күндүн диагнозу. Саясий серепчи болосуңбу, журналист болосуңбу же саясатчысыңбы баардыгың айткан сөзүңө ишенбейсиң. Бирикпейсиң. Мындан бир жыл башта шайлоо системасын өзгөртөлү деп үч партия сунуштады эле, бирөөңөр келип койгон жоксуңар. Биз чындыкты айткандан коркпошубуз керек. ММК минтип-тигинтип жазып коет деп коркпош керек. ММК ансыз деле өзүнүн билгенин жазат. Дооматты тек гана саясатчыларга коесунар. Бүт балээнин баары интеллигенцияда. Зыңкылдатып мактап жүрүп, Бакиевди көмдүңөр. Зыңкылдатып көтөрүп жүрүп Отунбаеваны соктуңар. Бүгүн да зыңкылдатып атасыңар. Ар бир төлөнгөн акча менен мактай берет журналисттериң баш болуп, сокконду сого берет. Бул деңгээл деградация болуп, мамлекеттик деңгээлге чейин түштү. Буга чейин журналисттер менен ырчыларды жетелеп жүрүшсө, бүгүнкү күндө УКМК менен ИИМди жетелеп жүрүшөт. Бир нерсе болдубу, “сага иш ачабыз, сенин эсиңде болсун, сен ойлонуп сүйлө, байкап сүйлө”. Эгерде катуурак айтсам урматтуу замандаштар, мени кечирип койгула. Бүгүн ушундай диагнозду койбосом биз оңолбойбуз. Мына бул жерде канчалык биригели дегенибиз менен ар бирибиздин ичибизде котур ташыбыз ойноп отурат. Калп дебегиле, ушунун баары чындык.

 

(“Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” тегерек столунда сүйлөгөн сөзүнөн)

Булак: “Майдан.kg” гезити