А.Келдибеков: Үчөөбүз бириккен күндөн баштап  эле бөлүп келе жатышат, же бөлө алышпай убара тартып жүрүшөт...


- Ахматбек Келдибекович, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев, сиз болуп бир кезде каттуу достошуп, ал тургай “Бригада” аталып жүрөгүнүңүздөрдү эске алып анын башына иш түшүп атканда эмнеге унчукпай жатышат деген сын сөздөр айтылууда...


- Бизден эмнеге сурашпайт ошол жазып жаткандар. Садыр Жапаров зордук зомбулук жасабаса, каратып туруп бирөөнүн мүлкүн тартып албаса адамдарды камоого мен каршымын. Бул  Садыр Жапаров гана эмес, кайсы гана адам болбосун камалышын каалабаймын. Ички дүйнөм менен андай  нерсени эч кимге ыраа көрбөйм. Садыр Жапаровдун балдарынын токмок жегенин интернеттен көрүп жүрөгүм ооруду.  Өзүм мындай нерсе болбойт деп пикиримди билдирдим. Саясатта, жөнөкөй турмушта болобу эч качан үй-бүлөсүнө, тууган уругуна, бала-чакасына тийбеш керек. Эгерде өзү менен сүйлөшө турган иштери барбы өзүн суракка алуу зарыл. Кимдин гана баласы же бир тууганы болбосун баардыгына даяр болот. Мен деле бир тууган бала  чакам үчүн баарына даярмын. Алар менин канымдан жаралган.  Садырдын балдары деле канынан жаралган, адам катары түшүнө билишибиз керек..  Балдардын  ур-токмокко алып камап коюу таптакыр туура эмес.


- Садыр Жапаровдун өзүнүн иш аракети мыйзамдуу эле деп ойлойсузбу?


- Садыр Жапаров чек арадан өтүп келсе, биздин укук коргоо органынын адамдары  түз УКМКга алып кетти.  Ал жерден мен эч кандай мыйзам бузуу көргөн жокмун. Эгерде  тигил же бул  иштер боюнча  күч органдарынын жөнү болсо,  тергөө жүргүзүп сураш керек.  Эмне маселе боюнча  жоопкерчиликке тартып жатат, аны билбейт экенмин. Ал эми митингге чыккандар боюнча  кимиси провокация жасады, тергөө такташы керек.


- Кечээ  камакта олтурган жеринен Садыр Жапаров өзүнүн күрөө тамырын жана мойнун кести деген маалыматтар тарады.  Аны  экс депутаттын тарапташтары “өзү жанынан кечпейт болчу, ага кол салуу болду”-деп айтышууда. Сиздин пикириңизде кайсынысы чын болушу мүмкүн?


- Эми мен бүгүн  Садыр Жапаровдун өзүнүн жазган  түшүнүк катын интернеттен окудум. Ал жерде өзүмдү өзүм кестим деп жазып кол коюптур. Садырдын кол жазмасын жакшы тааныйм.  Бул чындыкты ал өзү гана билет. Анан ар кандай кылып оюбузга келгенди айта берген туура эмес  деп ойлойм. “Тууган уругум, бала чакам үчүн ушундай кадамга бардым”- дептир.  Мунун артында канчалык чындык жатабы же кандай абалда жазылды аны Садыр өзү гана айта алат. Ага мен баа берип, айта албайт.


- Садыр Жапаровду №1 абакта  кармап жатышыптыр. Өтө оор  кылмыш жасаган кылмышкерлердин абагы да.  Негизи саясат боюнча камагандан кийин УКМКда кармалыш керек беле?


- Эгер тергөө иштерин УКМК алып барса УКМКга камамак. Бирок Садыр Жапаровду  саясатчы, эки чакырылыштын депутаты катары  камаса деле болот. Негизинен саясатчылардын баардыгын УКМКга  камачу. Ошол жакка камап алып деле сурак жүргүзө беришсе болмок.


- Өтө оор кылмышкерлердин арасында кармаганы туура эмес го ?


- Соттун  чечим чыкмайын бирөөнү кылмышкер деп айткан бул туура эмес.  Сот гана кылмышкер деп чечим чыгара алат.  №1  абакта жаткандардын кээ бирлеринин деле соту  бүтө элек, тергөө убагында  жүргөндөр. Аларды кылмышкер деп эч ким айта албайт. Качан  гана соттун  чечими чыккандан кийин айтууга болот.


- Ким президент болот деген маселе учурда көтөрүлүп келет.  Президенттин командасы азырынча эч кимди көрсөтө элек. Бирок Сапар Исаков  азыр президент тапшырчу жасачу иштерди жасап атат. Мисалы жакында эле окуучулардын олимпиадасында сыйлык тапшырды, ооруканалардын маселесин карап жүрөт. Бул Сапар Исаковдун  функциясына кирбейт да туурабы?


- Ар бир кызматтын  өзүнүн функционалдык жасай турган иши бар. Мисалы буга чейин  ошол аппараттын жетекчилери  олтуруп алып ушак  менен алектенгендери деле  болгон. Аларды дагы сынга алгансыздар.  Азыр барып иш жасаса аны да сынга алып жатасыздар. Быйыл президенттик шайлоо болот. Келечекте ким президент болот: Кудай менен эл чечет. Мураскер болобу, башкасыбы, Кудай кимдин пешенесине жазган адам болот. Саясатты өзүбүз күчөтөбүз. Олимпиададан жеңип чыккандарга  сыйлык  берсе эмнеси жаман.  Онкологиялык ооруканага министрлер менен  барып маселе карап жатат. Онкологияда ооруканада жаткандар көп. Бул маселени чечип,  ал жерге жардам берсе ал деле  жакшы. Бирок  мындай иш президенттин аппаратынын башчысынын  функциясына  кирбейт.


- Мен ошону айтып жатам...


- Бизде конституцияда экономикалык жана чарба иштери  боюнча өкмөт алектениш керек деп жазылып турат. Бул өкмөттүн милдети.


- Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү алты жыл башкарды. Алдыга койгон   максаттарына жете алдыбы?


- Президент Атамбаевдин мөөнөтү аяктап бара жатат.  Ал бийлик кылган учурдагы  ийгилиги менен кемчилигине да бааны эл бериш керек. Мунун  артыкчылыгы дагы кемчилиги да бар.


- Атап кетсеңиз...


- Мисалы  чет өлкөдөн акчаларды алып келип жатат. Бирок ал каражаттар канчалык эффективдүү колдонду анысы жок. Буга  бааны бир нерсеге салыштырганда гана берсек туура болот.  Президенттик мөөнөттү бүтүп кеткенден кийин жаңы шайланып келген адамга  карата карап туруп бааны  берет. Бүгүн мурдагы иштеп кеткен президенттерге эл баа берип жатат.  Учуру келет баа берилет.


- Президенттик шайлоону эмитен эле баштап алдык.  Шайлоодо орусчул, батышчыл  күчтөрдүн таасири кандай болот деп ойлойсуз?


- Президент болчу адамдын тагдырын кайсы бир күчтөр эмес, эл чечет, элге көз каранды. Кудай кимдин маңдайына жазса, калкыбыз кимди колдосо ошол адам шайланат.  Андай болбосо мүмкүнчүлүгү кыйыныраак болуп калат.


- 7-апрель кандуу окуясына 7 жыл айланып кетти. Максатына жетти деп эсептейсизби?


- 7-апрелде аянтка чыккандар мыйзамдуулук, адилеттүүлүк болсун деп максат кылган.  Бүгүн адилеттүүлүктү орното турган сот системасында барбы? Жок. Жөнөкөй адам болобу чоң  кызматты ээлеп турабы барып сурасаңыз адилеттүүлүк  жок экенин айтат. Ошол адилетсиздикти мен деле башымдан өткөрүп, көрүп жатам. Ушул тармакты каттуу кармашыбыз керек. Күч органдарына  реформа  башталды дейбиз.  Ойлонгон кагазга жазылгандардын баары ишке ашып кетсе күч органдарында   реформа болду деп айтсак жарашат.  Мисалы ички  иштер министрлигин алалы.  Бул министрликтин жасай турган кызматы кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу. Бүгүн ошол барбы? Жок!.  Бул тарапта дагы реформа жасоо зарыл. Атайын кызматтарды алалы.  Мисалы УКМК. Бул кызмат терроризим, экстремизим, мамлекеттин коопсуздугу менен күрөшүүсү зарыл. Булар  оппозиция менен күрөшүп,  саясатчылардын телефонун укмай, интрига кылмай менен алектенүүдө. Булардан да сурай турган бирөө болушу зарыл. Эмнеге парламент биз сиздерге баланча акча бөлүп жатабыз, эмне иш кылып жатасыңар  деш керек. Демек тажрыйбалуу кадрлардын азайганын байкасак болот. Ошондуктан реформалоо зарыл. Булар  ички  жарандардын артынан тыңшоону токтотушу зарыл. Керектүү тероризимге, экстремизимге шектүү адамдарды уксун. Кыргызстандын бүтүндүгүнө, мамлекет катары коркунуч алып келчү адамдардынан  артынан түшсүн.  Ким болсо дагы камоо, иш козгоо, иш козгоо туура эмес. Коргоо кеңешиндеги кабыл алынган  реформа боюнча экономикалык иштерге аралашканга  укугу жок.


- Демек,  сот, укук коргоо органдарында  реформа таптакыр болгон жок....


- Сот тармагында таптакыр реформа болгон жок деп айта алам. Укук коргоо тармагында  жылдын аягында кол коюлган буйруктун негизинде  реформа болуп бүтүш керек, кечеңдеп жатат.


- Президенттик шайлоого  үчөөбүздөн мен чыгам деп айта элексиз. Бирок эл сизди Темир Сариев менен бирге барат экен, балким өзүнө ишенбей жатат деген сөздөр чыгууда...


- Биз өзүбүз жарыя кылган  Камчыбек  Кыдыршаевич, Мадумаров Адахан Кимсанбаевич үчөөбүз биригип жарыя кылып ошонун негизинде иш алып барып жатабыз. Биз үчөөбүздөн сурабай туруп кайсы бир адамга кошуп, ушактарды чыгара беришет. Себеби биз үчөөбүз көп саясатчылар менен жолугабыз, иш алып барабыз. Бул нормалдуу көрүнүш. Бул жумуш процесси болуп эсептелинет. Биз эле эмес баардык саясатчылар акылдашат, кеңешет,  тегерек стол өткөрөт. Уктап туруп эле бирдеме жаза берген болбойт. Мен ар бир саясатчы менен сүйлөшөм. Сүйлөшөм десе биздин топтун аты менен барып дагы сүйлөшүүгө даярмын. Бирок биз эч кимге муңкурап барбайбыз. Биз Кудайым  буйруса ушул топтон  бирөөнү чыгарып жеңишке жетишебиз. Мен чыгамбы, Адахан Кимсанбаев чыгабы же Ташиев чыгабы  элге учуру келгенде жарыялайбыз.  Биз биригип , Кудайым буйруса жеңишке жетишебиз деген ойдомун.


- Бирок үчөөңүздөрдү ажырата албай эле кыйналып жатышат. “Жеңишке жетишебиз” деген сөздү ушул күчкө ишенип айтып жатасызбы?


- Раматылык Эсенгул  Ибраев деген улуу акыныбыз болгон. Ошол кишинин жалындуу саптарынын биринде:
- Сен кимсиң,
Бөлгүч болсоң энеңди бөл атаңдан,
Эжеңди бөл жездеңден...- деген саптары бар экен. Ошол бөлгүчтөргө айткым келет, ушул саптардагы бөлгүчтөрдү айткым келет.   Үчөөбүз бириккен күндөн баштап  эле бөлүп келе жатышат, же бөлө алышпай убара тартып жүрүшөт. Кээде ушакты жазаардын алдында Кыргызстанга пайда алып келе турган нерселерди жазышса.  Кыргызстандын  ажайып тоолору,  кыйын  инсандары, тарыхы, Манасы, Токтогулу бар. Ушунун баарын жазсын. Ушактар менен алек болбой.


- Кудай буйруп бирөөңүздөр президент болуп калсаңыздар сөзсүз экөө дагы чоң кызматтарга барат деп ниет кыла берели.  Бирок азыркы бийлик кетирген каталардын баарын оңдоого жолдору барбы?  


- Төрт жылдан бери өкмөттүк иштерде иштебей жүрөм. Иштейм деген  адам сөзсүз чоң кызматка барбай деле иштесе болот.  Эгерде жеңишке жетишкенде  бирөөбүз кызматка барып экөөбүздүн кызматы жок жашап элге пайдабыз тийе турган болсо ага дагы даярбыз.


- Сиз өлкөдөгү  каржы системасын мыкты билген  адистердин бирисиз, тышкы карызыбыз ички дүң продукциябыздан 65% ашып кетти.  Бул  кыргыз экономикасынын  тизелеп калганын билдирбейби?


- Мындайда мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо, ошол мүмкүнчүлүк менен карап, иш алып барсак болот.  Карызды баардык эле мамлекеттер алат. Ошол алган карыз эффективдүү болобу болбойбу, эртең ал өзүн-өзү актайбыушул жагын карашыбыз керек. Бүгүн биз алган карыздар өзүн-өзү актабай, жаппай  жатат. Мисалы Америкада  ички дүң продукциясынан көлөмүнөн ашыкча карызы бар. Болбосо Америка кандай гана өнүгүп жаткан мамлекет. Ошондуктан биз карыз алып жатканда кредитке же карызга алган  акчаны завод фабрика, ички дүң продукцияны  өстүрө  турган тармактарга колдонсок мамлекетке кыйла пайда болмок. Себеби  бүгүн алынып жаткан карыздардын көпчүлүгүн жолго, мектепке коротуп жатабыз. Бирок карыздын акчасын ага  колдонгонубуз биз үчүн кымбатыраак түшүп калат. Биз  атайын завод фабрикаларды  куруп, атайын каржы алып келе турган продукцияларды  чыгарганда, андан түшкөн пайданы биз  мектеп же оорукана салсак  жакшы болмок.


- Сизге мамлекет тарабынан иш козголгондо  салык кызматын башкарып турганда бир айлык планын аткара албай  калган деп чыгышкан.  Азыр салык кызматын жетектеген адам жылдык планды аткара албай, ага жооп берүүнүн ордуна  башка кызматка которулду. Жылдык планды аткара албай калган  жетекчи жоопкерчиликке тартылыш керекпи?


- Мен салык кызмат  кызматында иштеген адам катары  айтайын, план аткарылбай калганынын ар кандай себептери болот. Эгерде экономика өспөй, дүйнөлүк экономикалык кризис болуп атса, ал жерге роботту  жетекчи кылсаң да аткара албайт. Ал эми бир  айлык план мурунку айга салыштырмалуу 2 млн  300  миң сом азыраак түшүп калды деп мени  жоопкерчиликке  тартышты. Бул таптакыр  мыйзамга жатпаган нерсе. Учуру келет,  иш козгондор, жоопкерчиликке тарткандар дагы жооп беришет. Себеби  андай  практикада болбогон нерсе. Эч ким бир тыйынды уурдабаса, 2 млн 300 миң сом азыраак түшүп калыптыр  деп  мурунку ай менен кийинки айды салыштыргандын өзү сабатсыздык. Салыштырганда  өткөн жылдын ошол айларына карап салыштырат. Ал айларга  салыштырмалуу өсүш бергенбиз. Экинчидин парламенттин  тарыхында жалпы парламент алган чечимге  бир депутат жооп берсин  деп мени жоопкерчиликке тартышты. Бул Жогорку Кеңештин тарыхында  биринчи жолу болду. Бул боюнча дагы учуру келет, ошого иш  козгогондор жана муну жасагандар мыйзам алдында жооп берет.

 

Булак: "Жаңы Ордо" гезити