Турсунбек Акун: Урматтуу президент, бизди укпай, Акаев менен Бакиевди аңга түрткөндөрдү уга берсеңиз, өз элиңизден качып кетүүгө мажбур болосуз!

 

Ошентип, Атамбаевдин бийлиги жана тийешелүү күч  органдары  Садыр Жапаровду эл душманы жана террорист сыяктуу  камап, анын жактоочуларын да күч колдонуу аркылуу таркатып, нааразычылык акциясына чыккандардын ичинен  70ке чукул адамды сот жообуна тартууга жетишти.    

 

Кыргыз бийлиги жана күч кызматкерлери  элге каршы операциясына маашырланып, “бийликке каршы чыккандардын жүрөгүнүн үшүн алып, экинчи чыккыс кылдык”,- деп сүйүнүп жатышат. Бирок, алар өтө саясий жана оңдоого болбой туран катачылыкка жол берип койгонун азырынча түшүнө элек.

 

Бакиевдин бийлиги дагы 2007-жылдын 19-апрелинде ушинтип акцияга чыккандарды  кууп таратып, боз үйлөрдүн уук-керегелерин талкалап, элдин каргышына калган эле.  Алар да  Атамбаевдин бийлиги сыяктуу “кыйратып салдык” таризинде кечээгидей  сүйүнүшкөн эле. Бирок, үч жыл өтүп-өтпөй, өздөрү дүйнөгө уят болуп, өз элинен куулуп кетишип, өмүр бою абакка кесилишип, өз жеринин  абасына зар болуп жатышат.  Атамбаевдин бийлиги дагы минтип отурса Бакиевдердин кейпин кийип калышы толугу менен мүмкүн.

 

Саясатчы жана укук коргоочу катары мен деле чет өлкөдөн кайтып келген Садыр  Жапаровдун кээ бир аракеттерин жактыра бербейм. Айрыкча, чет өлкөдөн келе жатканын алдын-ала элге жарыялап ажиотаж кылып,  жүздөгөн адамдарды тостуруп, канчалаган самолетту жалдап, мигранттарды өз иштеринен алагды кылуунун зарылдыгы бар беле?!   Садыр Жапаров бул Иран Республикасынын мурдагы революциячыл президенти Аятолла  Хомейни сыяктуу миллиондогон адамдардын тосуп алуусуна арзыган эмгекти азырынча кыла элек да. Популизмдин дагы чеги болот. Бул анын чоң саясий катачылыгы. Ал дале болсо саясатта жетиле электигин көрсөттү.

 

Бирок, Садыр  Жапаров пендечилик кылып ката кетирсе да президент Атамбаев андай каталарды кетирбей, акыл мене иш кылса болот эле да. Кандай кылган күндө да Жапаровдун жактоочулары алдын-ала бийликтен уруксат алып, Горький паркына тынч жыйын өткөрүүгө камынып, жыйылган элге концерт берип, өз лидерин салтанаттуу тосууга даярданып жатышкан эле. Эгерде Садыр Жапаров ГКНБ тарабынан күч колдонуп кармалбай, аны тосуп жаткан өз жактоочуларына келгенде жыйын тынч өтүп, эл жөн эле тарап кетмек. Анын камалганын уккан эл айласыздан аны бошотуп алуу үчүн  ГКНБнын имаратына барууга мажбур болушту да. Анын жактоочулары  чынында эле  ката кетиришти, эмоцияга берилишти, милицияга таш жана баклашка ыргытты. Ал чын, бирок адамдардын ушундай кадамдарга баруусуна Жапаровду камоо менен бийлик өзү провокация кылып жатпайбы?  Эмне үчүн бул катасын бийлик өз мойнуна алгысы келбейт?  Бийлик өзү өз жарандарын камап, жүздөгөн адамдардын укугун одоно тебелеп жатпайбы?

 

Ал алдын-ала берген маегинде “тергөөгө ошол күнү өз каалоом менен барам”,- деген убадасы дагы бар эле. Кыргыз бийлиги  Жапаровду сыйлабаса дагы аны күткөн жүздөгөн  кыргыз жарандарын сыйлап, Жапаровду ал куну камабай койсо болот беле?! Эгерде  Жапаров тергөөдөн баш тартса же кандайдыр бир мыйзам бузууларга барса, анда аны камап коюуу бийлик үчүн кыйынга деле турмак эмес. Ал бир убакта өлкөдөн чыгып кеткени менен кайрадан өз каалоосу менен келип жатканын бийлик сөзсүз эске алышы керек эле.

 

Чет олкодон өз өлкөсүнө кайтып келишкен  Жапаров менен  Текебаевди “террорист” катары камап, бийлик өтө одоно саясий катачылыкка жол берип, миңдеген адамдардын нааразычылыгын жаратты.  Аларды үй камагына чыгарып деле тергөө амалдарын жүргүзө берсе, алар тергөөдөн эч кайда качышмак эмес. Кайрадан тагылып жаткан айыптардын туура эместигин далилдөө үчүн мыйзам чегинде катуу аракеттерин көрүшмөк. Анткени президенттик шайлоонун алдында алар саясий имиджин кетирип алуудан коркушмак.  Белгилүү саясатчыларды камоо менен бийлик миңдеген адамдардын көчөгө чыгуусун шарттап, элдин нааразылыгын пайда кылып, карапайым адамдарды камап, бийлик менен элдин ортосуна жарака орнотуп, мурдагы  Акаев менен  Бакиевдин бийлигинен эч айырмасы жок экендигин далилдөөдө. Акаев менен Бакиевдин убагында болгон митинг менен пикет дагы эле уланып, саясий ачкачылык акциясы токтобой,  мурдагы бийликтин кетирген катасынан эч жыйынтык чыгара албай келет.

 

Элге  жаман көрүнүп качып кеткен  Бакиев дагы адам укугун коргоочуларга асылып, алардын аброюна шек келтирген эмес. Тескерисинче, ал эл арасынан чыккан укук коргоочуну Акыйкатчылык даражага чейин көтөрүп, чоң ишеним көрсөтүп, аны менен кызматташкан. Атамбаев болсо тескерисинче, укук коргоочуларга асылып, алардын аброюна жана ар-намысына шек келтире турган сөздөрдү айтып,  мыйзамсыз каматып, сот жообуна тарттырууга чейин батынды. Мына Атамбаевдин бийлигинин чыныгы жүзү.

 

Акаев менен  Бакиевдин бийлигин канчалык сындаган менен алар оппозициянын өкүлдөрү жана саясий оппоненттери менен дайыма сүйлөшүүу жүргүзүп, талылуу маселелер боюнча диалогко барып турган. Тескерисинче, оппозициянын өкүлдөрү алардын сүйлөшүүсүнө келбей койгон учурлар болгон. Атамбаев болсо өзү башкарган алты жылга чукул аралыкта оппозициянын жетекчилери же өкүлдөрү менен бир дагы жолу диалогго бара албады. Биз чакырган күндө да өзү баш тартканы аз келгенсип, бир да өкулүн жиберип койгонго жарабады. Мен элдик укук коргоочу жана коомдук ишмер катары канча жолу Атамбаевдин бийлигин  оппозиция менен өз ара сүйлөшүүгө чакырдым. Бизди сыйлап келип да койбоду. Буга кыргыз коомчулугу күбө.

 

Урматтуу  Президент!

“Эсиң барда этегиңди жап”,- деген кыргыз макалындай сиз өтө опурталдуу, элге каршы жолго түшүп алдыңыз. Эсиңизге келип бул жолдон кайра тартыңыз. Дагы эле болсо кеч эмес. Мен бир убакта сиздин жакшы санаалаш жана идеялаш адамыңыз катары айтып жатам. Сиздин айланаңызда бир убакта Акаев менен Бакиевди туура эмес жолго түрткөн адамдар сизди да ошондой  жолго түртүп жатканын аңдабай жатасыз. Сиз билинбей жатып алардын капканына түшүп калганыңызды билбей жатасыз. Сиз биз айтканды укпай ошолордун көрсөтмөсү менен боло берсеңиз, анда жакын аралыкта Акаев менен Бакиевдин жолун жолдоп, өз элиңизден качып кетүүгө мажбур болосуз.

 

Кыргызда “Ойлонбой сүйлөгөн онтобой өлөт” деген да насыят сөз бар. Сиз терең ойлонбой, оюңузга келген сөздөрдү ушинтип ар жума сайын сүйлөп, көрүнгөнгө асылып,  элдин кыжырына тийе берсениз, акыры элдин назарынан каласыз. Президент катары чыдамдуу болуп, болбогон таарынычтардан жогору туруп, айкөл жана кечиримдүү болушуңузду суранам. Эл тарабынан айтылган ушул сыяктуу кеңештерди, бир туугандык  өтүнүчтөрдү укпай “өзүмбилемдик кылам” деп жатып өмүр бою өкүнүп калбашыңызды каалар элем.

 

Сизди сыйлоо менен,

Атамбаевге кошомат кылбаган жана аны урматтап сыйлаган,

ага жакшылыктарды гана каалаган белгилүү укук коргоочу

жана акыйкатты туу туткан                                        

Турсунбек  Акун