А.Каримов: Азыркы бийликтегилер элге миллион берсе да ээрчибейт. Канча жашырганыбыз менен революциялык кырдаал бар...

 

- Алмазбек мырза, акыркы мезгилде президентке жана КСДПга сын айткан сайттарга катарынан олчойгон суммадагы доо пул салынып, соттор мындай иштерге толуп кетти . Бул нерсе сөз эркиндигин чектеп, мамлекетте авторитардык режим орноду дегенден кабар бербейби?

 

- Бүгүн КСДП “Политбюро 2” болуп калды. Парламентибиз деле классикалык вазыйпасын аткарбай калды. Башкача айтканда, классикалык парламент оңчулдар, солчулдар, анан центристерден түзүлөт. Центрстер бийлик болсо, оңчулдар концерваторлор. Булар “ата-бабаларыбыздын мыйзамдары менен жашайбыз. Бизге ушул шарт жакшы”- деп ойлонушат. Солчулдар болсо, реформа жасагылары келет. Учурда центристер парламентте партия эмес эле Атамбаевди сүйгөндөрдүн жана бийликти сүйүүчүлөрдүн тобуна айланып калды. Ошондуктан, буларды парламенттеги партия деп да атоого болбойт. Анткени, центристер өз миссиясын аткарбай калды. Карапайым эл солчулдардын позициясын карманып калды. Анткени, карапайым эл башка дүйнөдө жашагысы келип, балдарынын келечегин башкача элестетет. Мыйзам иштесе, мамлекет өнүксө дейт. Мыйзам иштебесе оңолбойбуз, өспөйбүз деп бүгүн эл солчулдардын ролун ойноп жатат. Парламент өз миссиясын аткарбай, бийликчил партиялар жана падыша акыркы мезгилде сын айткандарды жазалоо менен алек болуп  калды.

 

- Президент өзү баш болуп, “Ата Мекенди” “сасык” партия деди. “Ата Мекен” деле ошол сөзгө териксе болот беле?

 

- Кадырыбызга доо кетирди деп айтса болот. Бирок, мыйзам тандап иштейт. Башкача айтканда мыйзам чөнтөгүңө жана кыймыл аракетиңе, отурган креслоңо жараша иштейт. Ошондуктан мындай орой сөздөрдү айта ала тургандар жана айта албай тургандар бар. Себеби, мамлекетте коомдук пикир түзүүчү негизги басма сөз каражаттары бийликке иштейт. Алар экинчи тарап кыйкырып жатса да, бийликтин гана оюн элге жеткирет.  Ошондой эле соттор да бийликтин айтканын аткарат. Чындыкка көз жумат. Анткени, сотту да бийлик дайындаган. Эгер эл шайлаганда анда соттордо адилеттүүлүк, акыйкаттуулук кадыресе көрүнүшкө айланмак.

 

Адилетсиздик, акыйкатсыздык  орун алган мамлекетте партиялар тымызын  бийлик үчүн күрөшүшкөнү менен  үндөрүн чыгаргандан ушунчалык коркуп калышкан. Башкача айтканда, партиялардын  программасы менен эч ким иштебейт. Булар бир эле адамдын бийлигине, күчүнө баш ийет. Ошон үчүн бул жерде маселени падыша гана чечет. Падыша эмне айтса ошол нерсе гана аткарылат. 25 жылдык тарыхы бар партиялар чындыкты сүйлөп, элге жакын болгондо эл ошолорду колдомок. Кээ бир партиянын лидерлери жеке маселесин чечип алганы үчүн аларды эл ээрчибей калды. Башкача айтканда, элдин бийликке болгон ишеними жоголду. Эл азыр башка нерсени күтүп калды. 25 жылдан бери саясый сахнада шоу көрсөтүп, мамлекетти иритип, таш-талканын чыгаргандарды колдобойт. Азыр эл ага же буга жан тартпайт себеби, “бириң өлүп, бириң кал” дейт.

 

- Азыр кандай митинг болбосун “ата-мекенчилер” алдыңкы сапка чыгып, эл менен жакындашкандай сезилип жатат. Булар саясый куугунтукка кабылып, президенттин биринчи душманы Текебаев болгон үчүн алдыңкы сапка чыгып  жатышабы?

 

-  Бул жерде элге бири-бирине душман болгондой сүртүм калтырып жатат. Бирок, булардын күрөшү иделогиялык күрөш эмес. Жеке мамилелери катаалдашып кеткенин, бири-бирине душмандык кылып жатканын гана көрсөтүп жатат. Эгер идеологиялык күрөш болгондо жагдай башкача болмок.  Президент менен Текебаев саясаттан чыгып, бири-бирине личность катары асыла башташты. Бул пастык. Мамлекеттик деңгээлдеги адамдар мындайга жол бербей эле коюшса болмок. Башкача айтканда, колдон келишинче шахматтын бетиндеги фигураларды бири-биринен коргоп жатышат. Бирок, күч кайсыл тарапта экени ачык эле көрүнүп турат.

 

- Текебаевдин камалышынан кимиси утуп, кимиси утулду?

 

- Бул жерде экөө тең утулду. Булардын жеке мамилеси эл үчүн баары бир. Булардын заманы бүттү. Бирок, бийлик, мансап, биринчи орунда жүргөндү адат кылып алышканы үчүн кыйналып жатышат. Булардын оюна койсоң өмүр бою башкарууну каалайт. Тоталитардык мамлекеттеги адамдардын психологиясында өмүр бою элди башкаргысы келип калган жагдай орун алат. Булардын заманы бүттү. Сахнадан түшө турган куракка да келип калышты. Бүтүндөй элге, журтка уят болуп, бүт дүйнөнүн көңүлүн бурбай саясаттан четтеши керек.

 

- Кыргыз саясатында камакка алынган киши кадыры төмөндөбөй эле элдик баатырга айланып кетет го. Бул жагынан Текебаевге ийгилик жылмайып жаткан жокпу?

 

- Биз түрмөгө отуруп чыккандарды баатыр кылган мезгилден өттүк. Анткени, камалганы да, камалбаганы да элди ойлобосуна көзүбүз жетти. Маселени акчасы бары эле чечерине көзүбүз жетип калды. Бир эмес, беш кылмыш иши болсо да бүгүн акчасы бар болсо, кландын мүчөсү болсо, депутат, министр болоорун билип калдык. Өкүнүчтүүсү, “түрмөгө камалып чыккандар мурун эл үчүн иштейт, элдин, эркиндиктин, мамлекеттин кадырын билет”- деп ойлочубуз. Тилекке каршы, азыр андай эмес. Отуруп чыкканы да, отурбаганы да өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн иштеп, элдин маселесин жеңилдетейин дешпейт. Тескерисинче эптеп кызматка келип, бюджетке кол салгысы келет. Кыскасы, баары эле окшош. “Кемтигинде да, керкисинде бар бар”- дегендей абал жаралып калды. Бирок, анткен менен элди ойлогон жаштар пайда болду. Кези келгенде мамлекет үчүн ошолор иштейт.

 

- Үчүнчү революциянын жел аргысы сого баштаганын айтышып, президент маани бергиси келбегени менен кырдаал чыңалып, жарылуу чегине жетип калды дешет айрым серепчилер. Буга не дейсиз?

 

- Кырдаал чыны менен чыңалып калды. Эл эч кимге ишенбейт. Мен мамлекетти оңдойм дегендерге ишеним артпайт. Бул жагдай элита деградация болгонун билдирет. Айтайын дегеним, деградацияга кабылган чиновниктер бири-бирин камап, соттосо да эл реакция кылбайт. Башкача айтканда, ээрчибейт. Эл башкача сунуш менен чыккан адамдарды  күтүп жатат. Эл азыр жаңы жүзгө муктаж. Бу сапар эл мурунку саясатчыларды эмес, жаңы адамдарды ээрчийт. Азыркы бийликтегилер элге миллион берсе да ээрчибейт. Канча жашырганыбыз менен революциялык кырдаал бар. Бирок, революция болгондо жаңы элита пайда болот. Ошол жаңы элита 25 жылдан бери саясатта жүргөндөрдүн бирин да кошпошу керек. Коррупционерлерди отургузуп, элдин байлыгын жеп-ичкендерди  кайтартышы керек. Антпесек, мамлекетибиз өнүкпөйт. Анткени, бизде “бөлүп жар да, башкара бер”- деген система иштеп жатат.   

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №10 (288), 21.03.2017-ж.