Э.Байсалов: Мен кайра-кайра кайталап атам, акыркы кезде “менден өткөн, мендей ачуу Атамбаевди эч кимиңер сындай албайсыңар”- деп

 

- Эдил мырза, “ата-мекенчилер”: “кырсыкка учураган жүк президентке таандык” деген Түркиянын атайын кызматы иликтеген жашыруун маалыматты ачыкка чыгарышты. Бирок, түрк элчилиги аны жокко чыгарды. Бул маалымат “ата-мекенчилердин” айласы кеткенде алып чыккан маалыматыбы же чын эле жүк президентке таандыкпы?

 

- Ал "жашыруун маалыматты" түрк элчилиги жокко чыгаргычакты эле, бизге, түркчө аз-маз түшүнгөндөргө бул “документтин” табияты белгилүү болчу. Өтө уят иш болду! Мен башынан эле айтып келетам, “бул самолетто жүк бар же жок экендиги трагедияга кандай тиешеси бар”- деп? Болуптур, караңгы эл “бул самолет ошол жүктү ташып келген” деп түшүнүп алды. Бирок урматтуу Текебаев билет го, мындай самолеттор ондоп саат сайын рейс менен бизге токтоорун. Мына бүгүн дүйшөмбү, ошол каргашалуу 16-январдай эле. Бүгүн так ошол саатта ошондой эле TK6491 деген жүк ташуучу “Тюркиш Эйрлайнс” келип конду. Андан кийин аз өтпөй Шанхайдан келип кетти, Стамбулга бараткан рейс. Жанагы депутаттык комиссия кармабайбы, ошол контрабандаларды. Мен кайра-кайра кайталап атам, акыркы кезде “менден өткөн, мендей ачуу Атамбаевди эч кимиңер сындай албайсыңар”- деп. Анткени, азыр мени Атамбаевдин жактоочуларына жазып салышты го, ушул жүк боюнча элдин акылына  кайрылсам. Ушул жөнөкөй эле ушак болсочу, атаңгөрү! Канга кайнатылган карандай калп болуп атпайбы. Ушундайды көрүп, жанагы партиялардан анан кантип түңүлбөйсүң!

 

- Текебаевди ошол кандуу жүктүн ээсин айтып коёт деп камаштыбы?

 

- Мен Атамбаевтин адвокаты болуп калдым го, бирок мен аны жактоо үчүн эмес, акыйкаттык үчүн айтып атам. Аны элдер түшүнбөй жатышат. Ал күнү эч кандай деле каргашалуу жүк жок болчу. Бул рейстер эч качан перегруз кылып, же документсиз ушунча чек ара аркылуу жүк ташыбайт. Баардыгынан документтери толук. Аларды Атамбаев айткандай оңою менен Гонгконгто тактап алууга болот, ар бир килограммына чейин. Авиалинияларда тактык өтө жогору! Текебаев самолет кулабаганда деле камалмак, аны баарыбыз эле билип турбайбызбы.

 

- Атамбаев “менин Кипрде байлыгым болсо, депутаттар бөлүп алсын” деди го?

 

 -Кипрдеби анын байлыгы, башка жердеби, биз Атамбаевдикин коюп, мурункулардын байлыктарын ала албай койдук го. Текебаев жалгыз эле бир депутат. Биз мамлекет катары эчтеке кыла алган жокпуз. Эми белгилүү эле, албетте, эмне себептен. Бул мурункулардын желдеттери толугу менен саботаж уюштургандары үчүн. “Атамбаевдин байлыгы Кипрде катылуу” дегенине мен ишене албайм. Антип баардыгыбызды айта берсе болот.

 

- Парламент президент айткандай, чын эле  ушак тараткан жайга айлана баштадыбы?

 

- Атамбаевтин колунда бар киши катары баарыбыз эле тааныйбыз. Шаардын жарымын түзгөн килейген үч заводду менчиктештирип алганы чын. Аларды иштете алган жок. Цех-цех кылып 10 жылдын ичинде сатып бүткөн. Башкы прокуратура айтып атпайбы, жанагы миллиондогон банк депозиттери 2007-жылы коюлган имиш. Ал киши ошол жылы премьер-министр болбоду беле. Сурап көрүш керек, ал акчаны кайсы жерден колуна түшкөндүгүн. Ал үчүн толук мүмкүнчүлүк бар. Так ушундай кырдаалдарды иликтеш-такташ үчүн антикоррупциялык мыйзамдар кабыл алынган. Атамбаев өзү тактап бериши керек, кайсы акча каяктан колуна түшкөнүн. Он жыл өтсө дагы “эки миллион доллар баланча сделкадан келген” деп түшүндүрүп берүү анын милдети.

 

- Путиндин “саясатта белгисиз адам президент болот” дегени эмнеден кабар берет?

 

- Мен мындай сөзүн укпаптырмын. Бирок макул боло албайм мындайга. Кыргызда жетиштүү көрүнүктүү жигит-кыздары бар. Четтен бирөөнү алып келүүгө эч кандай кажет жок. Кимиси болсо дагы, арабыздан чыгышы керек. Биз менен кайнап, сыноолордон өткөн киши болушу милдет! Болбосо, мекенибиз кыйналып турганда кызматын сунуштабаган, даяр оокатка жалтырап, кычырап келгенге мен ишенбейм! Ал эртең кандай кадамга бара коет, кимдин тилин угат, өзүн кандай алып жүрөт - бул белгисиз. Андай опурталдуулукка жол бербешибиз керек.

 

- Текебаевдин “Мегаком” боюнча камакка алынып, коррупция жана алдамчылык кылды деген беренелер менен иш козголгону мыйзам ченемдүү эле көрүнүшпү?

 

- Текебаев өзү айтып атты го, кайра-кайра, “колуңдан келсе камагын” деп, болбосо “мен, Текебаев, эркекмин, мен сени камайм”- дегенин баарыбыз эле укпадык беле. Мен бул жерде Текебаевдин дарегине туура эмес сөз болуп калат деп коркуп турам. Бирок бул факт: ал кишинин тегерегиндеги бир канча адам (мурунку чакырылыштын эки депутатынын уулдары) “2010-жылы апрелде мародерлук кылган, тоношкон, башканын мүлкүн өзүнө жаздыртып алышкан”- деген статьялар менен кесилишкен! Муну Текебаев деле тана албайт. Ошондуктан “Ата Мекен” партиясынын репутациясы буга чейин деле таза болчу эмес. “Мегакомдун” тегереги боюнча ызы-чуу болуп турат. Мен азыр тергөөчү же прокурор эмесмин, бирөөнү күнөөлөгөндөй, мен унчукпай эле турайын. Өмүрбек Текебаевге мен каалаганым, 25 жылдан бери, өзгөчө акыркы 7 жылда түптөгөн партияңыз сиз үчүн иштеп берсин дейт элем. Ийгилик каалайм. Кайрат кылсын!

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.