А.Бекназаров: Революциянын кесепетинен качууга аргасыз болгондордун Кыргызстанда калган куйруктары, башкача айтканда, азыр Атамбаевдин короосунда жүргөндөрү пайдаланып, революцияны бирге жасаган үзөнгүлөштөрүн жок кылып, акырында Атамбаевди жок кылышат.

 

- Токтайым Үмөталиева “баш кесердин куралы өз башын кесип жатат” деген оюн айтты го? Бүгүн чын эле Текебаев өзү казган орго өзү түшүп жатабы?

 

- Бул маселе Текебаев менен Атамбаевдин жеке мамилесинен келип чыкты. Тиреш ырбады. Атамбаев “мен жакшы”, булар “жаман” деди. “Башкесерлердин куралы өздөрүнүн башын кесип жатат”- деп айта башташты. Себеби, Текебаев менен Атамбаев алты жыл каалаганын кылышты. Авторитаризмди орнотушту. Эми ошонун азабын тартып жатышат. Айтайын дегеним, МУККнын СИЗОсун Кокон хандыгынын зынданына айлантты. Азыр Атамбаевди ким жаман десе, сындаса МУККнын СИЗОсуна камап жатышат.

 

- Азимбек Анаркулович, президент неге бир кездеги санаалаш, үзөнгүлөштөрүнөн биротоло кол үзүүнү максат кылып алды?

 

- Атамбаев революциядагы үзөнгүлөштөрүнө каарын төгүп калганы бул сырткы күчтөрдүн пландуу таасиринин негизинде болуп жатат окшойт. Сырткы күчтөр мүмкүн Сегизбаевдин колу менен  жок кылдырып жаткандыр. Анткени, сырткы күчтөрдүн биринчи максаты революцияны жаман көрсөтүш, экинчиси революциялык күчтөрдүн баарын потсоветтик мамлекеттерде жок кылууну каалашат. Аны Атамбаев сезген жок. Сегизбаев революциядан жабыр тарткан адам үчүн революцияны жек көрүп, сырткы күчтөрдүн таасири жана мурда качып кеткен адамдар менен иштеп жатышы мүмкүн. Себеби, элдик революциядан корккондор өздөрүнө өтүп кетпесин дешет. Ошон үчүн СССР аймагындагылар “түстүү революция болбосун” деген  саясаттын алкагында иш кылып жатышат. Украинанын, Кыргызстандын революциядан кийинки абалын көргүлө дейт. 

 

Революциянын кесепетинен башка мамлекеттерге качууга аргасыз болгондордун Кыргызстанда калган куйруктары башкача айтканда, азыр Атамбаевдин короосунда жүргөндөрү пайдаланып, революцияны бирге жасаган үзөнгүлөштөрүн жок кылып, акырында Атамбаевди жок кылышат. Сырткы күчтөрдүн пландуу аракеттеринин негизинен ушул багыттагы иштер тымызын ишке аша баштады. Чынында революционерлер Атамбаевди алдыга салып, аны президент кылгандан башка жамандык деле жасаган эмес. Башкача айтканда, азыр камакка алынып жаткан Текебаев 6 жыл анын айтканын аткарды. Отунбаеваны деле Атамбаев башкарган. Башкача  айтканда, КСДП башкарган. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевди анда-мында сындап  койгонубуз болбосо, аны менен бийлик талашып жамандык деле кылган жокпуз. Отунбаева Конституцияны өзгөртүүдө, анан Текебаев камакка алынганда эле үнүн чыгарды. Кыскасы, Атамбаевге эч ким деле тирешип, ага карасанаган жок. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү биригип алып, Текебаевди колдогон жокпуз.  Колдосо партиялаштары колдоптур. Биз Атамбаевге да, Текебаевге да калыс болуп жатабыз. Бирок, жогоруда айткандай, революцияны жокко чыгаргысы келген сырткы күчтөрдүн таасири менен революционерлерди кылмышкер кылып,  Атамбаев өзү алардын максатын ишке ашышына шарт түзүп жатат.  Өкүнүчтүүсү,  ошол  сокку өзүнө да тийерин билген жок.

 

- Балакеттин баары “Мегакомго” такалып жатпайбы. Убактылуу өкмөт чечим кабыл алган. А чыныгы ээси ким?

 

- Биз 2010-жыл тергөө жүргүзүп, арест салып туруп, “кимдики экенин сот аныктасын” деп сотко өткөрүп койгонбуз. Ошол ишти 2010-жылы декабрь айында өткөрсө да ушул убакка чейин каралбай жатпайбы. Прокурорлор кимдики экенин 2010-жылы аныктап, алардан  Максим менен Елисеев тартып алганын айтышкан. Рейдерлик жол менен тартылып алынган экен деп Елисеев менен Максим жоопко тартылган эле.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.