Турсунбек Акун. Эгер ортолорунда пикир келишпестиктер болсо, эч кимге угузбай, дос катары өз алдынча чечишип алышсын.

Укук коргоочу, КРнын мурдагы Акыйкатчысы Турсунбек Акун нечен жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы кагылышууларга, кан төгүүлөргө себеп болгон чек ара маселесинин чечилиши, криминалдардын жок кылынышы, коррупцияга бөгөт коюлушу, тышкы саясаттын оң нукка бурулушу ж.б. бир катар оң көрүнүштөр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин биргелешкен аракети менен ишке ашты деп эсептейт. 

"Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келген беш жылдын ичинде көптөгөн иштер жасалды: чек ара маселеси чечилди, эл тынч уктап калды, кан төгүү болбой калды.

Экинчи маселе, бул бийликтин тушунда криминалдар да жок кылынды. Канчалаган ишкерлер кылмыш дүйнөсүнө салык төлөбөй, ээн-эркин ишмердүүлүгүн жүргүзүп калды. 

Эки достун тушунда коррупцияга каршы да чоң иш жасалды. Мамлекетке көп зыян келтирген коррупционерлер алды камалып, арты мыйзамсыз жеген-ичкенин кусуп, миллиардаган сом акчаны төлөп кутулушту", - дейт ал.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров тышкы саясатты да татыктуу жүргүзгөнүн, Россия, Кытай сыяктуу чоң өлкөлөр, кошуна Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен мамилени чыңдаганын белгиледи

Укук коргоочу эрегиш эч убакта жакшылыкка алып келбей турганын белгилейт. 

"Эгер ортолорунда пикир келишпестиктер болсо, эч кимге угузбай, дос катары өз алдынча чечишип алышсын. Анан эми эки достун урушканын элге чыгарбаш керек, эл укса, эл экиге, үчкө бөлүнөт, ызы-чуу болот. Мына үч күндөн бери эмне болуп жатат? Президент Камчыбек Кыдыршаевичтин жөндөмүн, талантын мындан ары да мамлекетти башкарууда колдонуш керек. Себеби Ташиевдин эл арасындагы кадыр-баркы да жогору. Ошондуктан аны миңдеген колдоп жаткан адамдар бар. Бул жагдайдын баарын эске алыш керек. “Ачуу душман, акыл дос” дейт, эч качан кет дебеш керек. Башка убакта кет десе кетип деле калышы мүмкүн, эч качан кызматка жабышпайт. Бирок ооруп жатканда кокусунан кызматтан алганы бир аз туура эмес болуп калды, аны президентибиз деле туура түшүнөт деп ойлоймун", - деди Турсунбек Акун.