Бишкек, "САЯСАТ.KG". Президенттин сөзү, чынында эле, тарыхый жүрүш болду.
Президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн таасирдүү сөзү бүтүндөй өлкөнү, коомду бир козгоп койду. Бул тууралуу серепчи Тимур Саралаев билдирди.
Анын айтымында, адатта мындай сыймыктануу ири спорттук жеңиштерден, Олимпиада алтындарынан же маданий чоң окуялардан кийин пайда болот.
"Кечээ бүт Кыргызстан чыныгы улуттук сыймыктануу сезимине бөлөндү. Бул сезимди сөз менен жеткире алчудай эмессиң. Чынында жалпы элдин жүрөгүн бир муштумга бириктирген жана келечекке болгон ишенимди бекемдеген өзгөчө учур болду.
Садыр Жапаров Кыргызстандын үнү канчалык маанилүү экенин, эл аралык кайсы бир окуяга элибиздин принципиалдуу көз карашы жана салмактуу сөзү бар экенин бүткүл дүйнөгө даңазалап, өлкөбүздү татыктуу көрсөтө алды. Бул жөн гана расмий баяндама эмес, тескерисинче, кыргыз элинин дүйнөлүк аренадагы салмагын жана ордун арттырган, тарыхта кала турган чоң окуя болду",-деди ал.
Саралаев ошондой эле бул учур, бүткүл элди бириктирген биримдиктин символуна айланганын кошумчалады.
"Социалдык тармактарда мурда президентти колдобогондор да "Биздин президент!", "Менин президентим!", "Азаматсың, сыймыктанабыз!" деп жазып, жүрөктөрүндөгү чыныгы сезимдерин билдиришти.
Президенттин сөзү, чынында эле, тарыхый жүрүш болду. Ал эл менен мамлекеттин ортосундагы ишенимдин жаңы деңгээлин ачып, ар бир кыргызстандыкты бир чоң үй-бүлөнүн мүчөсү катары сездирди. Ар бир жаран: "Бул биздин өлкө, биздин келечегибиз жана биз биргеликте дүйнөлүк аренада күчтүү, татыктуу жана кадыры бийик Кыргызстанды кура алабыз" деген улуттук духту, орток сезимди, жалпы байланышты сезди деп айта алам.
Бул күнү Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн биримдигин, күчүн жана алдыга умтулууга даяр экенин айкын көрсөттү",-деп жыйынтыктады.
Булак: Кабар