Бишкек, "Саясат.kg". Азыркы бийликтин сөзү ишине дал келди. 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев "коррупция менен күрөшүү оңой эместигин жана аны ишке ашырууда темирдей эрк керек экенин" белгиледи. Ал бул тууралуу "Азаттыктын" "Ой Ордо" көрсөтүүсүндө айтты. 

"Баарыбыз эле билип турабыз, кайсы президент келбесин, жаңы өкмөт келбесин элдин мүдөөсүн айтышат. "Мен барсам буйруса коррупция менен күрөшөм" дейт. Ал оңой иш эмес, буга эрк керек. Кыргызстандын азыркы жетекчилери ачык айтышты: "Биздин эркибиз жетет, керек болсо өмүрүбүздү канжыгага байлап коюп, аягына чейин күрөшөбүз", - деп. Бул жаатта өзгөчө Камчыбек Ташиевдин жасап жаткан ишине күбө болуп жатабыз. Коррупция менен күрөш жүргүзөбүз деп ачык айтуунун өзү чоң нерсе, анан азыркы бийликтин жасаган иши дагы сөзүнө дал келип жатат", - деди ИИМ министринин мурдагы орун басары.