Ш.Бактыгулов: Матраимовдун экстрадицияланышы КР УКМКнын жогорку ыкчамдуулугун жана аракеттеринин натыйжалуулугун билдирет. 

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке экстрадицияланды. Бул окуя жогорку саясий мааниге ээ жана бир гана Кыргызстанда эмес, анын чегинен сырткары дагы кеңири резонанс жаратты. Анткени Матраимов коррупционерлердин жана кылмышкерлердин санкциялык тизмеси болгон "Магнитский тизмесинде" фигурант болуп эсептелинет. Мындай пикирин саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов "Кабар" улуттук агенттигине билдирген. 

Ал белгилегендей, Матраимовдун экстрадицияланышы КР УКМКнын жогорку ыкчамдуулугун жана аракеттеринин натыйжалуулугун билдирет. 

"УКМК мамлекет башчысына жана башка жогорку даражалуу аткаминерлерге карата мыйзамсыз аракеттердин болушун бөгөттөп, жигердүү иш алып барбы. Бул жай тургундарга карата дагы зомбулук иштердин болушун алдын алды", - дейт Бактыгулов. 

Ошондой эле, эксперт Матраимовдун экстрадицияланышы коррупция жана улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү маанилүү этап болуп калды деп эсептейт. Буга чейин Бишкекте кармалган, өлкө жетекчилигине кол салуу уюштурууну пландаган азербейжандык уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен Матраимовдун байланышы бардыгы айтылган. Бул коркунучтун олуттуу экенин  жана аларды алдын алуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүү зарылдыгын билдирет.

Райымбек Матраимовдун камакка алынышы Кыргызстан үчүн коррупция менен күрөш приоритетке айланган жаңы доордун башталганын айгинелейт. Бул кадам өлкөнүн укук жана тартип негизги принцип болгон акыйкат жана ачык коом түзүү чечкиндүүлүгүн көрсөтүүдө, дейт эксперт. 

Өлкө үчүн болуучу кесепеттер боюнча Бактыгулов эки учурду белгилеген. 

"Биринчиден, өлкө жетекчилигинин коррупцияны жоюу аракетин кабыл албаган адамдар бар. Алар же өздөрүнүн коррупциялык ишмердүүлүгүн токтотушат же көмүскөгө өтүшүп, реванштык пландарын түзүшөт, бирок абдан жашыруун. Экинчиден, бул калыс жана ачык саясий атаандаштыкка, идеялардын атаандаштыгына жана өнүгүүгө кеткен жол. Бир тууган Матраимовдордун жана башка коррупционерлердин кармалышы башкаларга Кыргызстандын жетекчилигинин аракетин эске алууга түртөт. Эски коррупцияланышкан элита акырындык менен бийликтен кетип жатат, бирок дагы деле бизнес жана экономикалык жаатта таасирин сактап турат деп айтууга болот", - деген Шерадил Бактыгулов.