Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстандын жаңы тарыхында Камчыбек Ташиевдей ички жана тышкы душманы мынчалык көп саясий ишмер болгон эмес!

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгына дайындалган күндөн тарта Кыргызстанда 1991-жылдан берки эң ири коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш баштаган. Генерал-лейтенант Ташиевдин жетекчилиги астында атайын кызмат эбегейсиз ийгиликтерге жетишип, президенттик бийликтин вертикалын бекемдегенин моюнга алуу керек. Бирок, ошол эле маалда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеген Камчыбек Кыдыршаевич коррупциялашкан кландардын, кылмыш дүйнөсүнүн ичинен көптөгөн душмандарды жаратты.

Ташиевдин оппоненттери өтө олуттуу, эбегейсиз каржылык ресурстарга ээ жана жалданма киллерлердин синдикаттары жана террористтик уюмдар менен байланышы бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Ташиев коррупционерлердин жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринчи бутасы болуп саналат. Трансулуттук/эл аралык кылмыштуу коомдор дагы Ташиевди жок кылууну каалап жатышат. Кыргызстандын жаңы тарыхында Камчыбек Ташиевдей ички жана тышкы душманы мынчалык көп саясий ишмер болгон эмес!

Борбор Азияда, менин оюмча, ушундай саясат жүргүзүп, душмандарынын санын эселеп көбөйткөн бир гана мамлекеттик ишмер болгон. Ал Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов. Каримов президент болуп турганда казынага кол салгандар менен уюшкан кылмыштуу топторго, терроризмге, экстремизмге каршы аёосуз күрөш жүргүзүп келгени баарына маалым. Ислам Абдуганиевичтин жогоруда айтылган катаал саясатынын аркасы менен Өзбекстан горячий точка же “кара” республикага айланып кетүү коркунучунан кутулду. Демек, бул жерде Ташиев менен Каримовду салыштыруу абдан логикалуу жана орундуу. Камчыбек Ташиев Кыргызстанда мамлекеттик бийликти чыңдоого зор салым кошту. Ал эми УКМКнын рейтинги болуп көрбөгөндөй өсүп, коррупционерлер менен уурулардын чочулоосун жаратууда. Башкача айтканда УКМКнын аркасы менен мамлекетибиз күчтүү болуп баратат.

Эң негизгиси азыркы кырдаалда Камчыбек Ташиевдин көздөгөн багытынан тайбай, бир позицияда турганы. Генерал Ташиев өмүрүнө коркунуч жаралса да, өлкө үчүн, сен жана мен үчүн коррупционерлер менен ууруларга каршы күрөшүн улантат.

Буга чейин коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш ачууга, эң катаал чечимдерди кабыл алууга Ташиевге чейин ким батынды эле? Мурунку бийликтегилер акча уурдагандар, уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери менен сүйлөшүүнү артык көрүшүп, ымала түзүшкөн.

Камчыбек Ташиев эч ким менен сүйлөшүүгө барбай турганын ачык, так кесе айтты. Андан тышкары урдаганыңарды кайтарып, кылмыш кылууну токтоткула, же түрмөгө отургула, ар дайым тандоо бар - деп эскертүү да берди. Жетекчи деген ушундай болуш керек. Муну баары эле түшүнө бербейт же түшүнгүсү келбейт.

Үч жылдын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик институттардын ролун жана таасирин түп-тамырынан бери күчөттү. Үчүнчү күчтөр, коррупционерлер жана криминалдар генерал Ташиев турганда Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу планын ишке ашыруу кыйын экенин түшүнүшөт.

Ташиевге аңчылык кылган күчтөр, топтор - жолборско аңчылыкка чыгуу өздөрүнө жаман аякташын түшүнүшү керек. Жолборс өзүнө аңчылыкка чыккан мергенчинин артынан келип, мергенчинин өзүн олжого айлантат. Ушуну эсинен чыгарбашы керек!

Медербек Корганбаев, саясий эксперт