Бишкек, "Саясат.kg". Бир караганда акимдер жакшы иштебей, жергиликтүү бийликтегилер ишинен жыйынтык чыгарбай жаткандай сезилет экен.
- Рамазан Олокеевич, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин ломбарддарды тизгиндеп, ашыкча пайыз кошконуна каршы чыкканы туура эле болдубу?
- Камчыбек Кыдыршаевич эң жакшы кадам таштады. Чындыгында эле ломбарддарга аз акчага эле мүлкүн тарттырып жүргөндөр көп. Ломбарддар ашыкча пайыз коюп алып, элдин эсебинен байып жатышканы үчүн кирешелүү тармак болуп күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Ломбард иштеткен алдамчылар элдин канын соруп жатат. Камчыбек Ташиев мына ошолорду тизгиндеп эң туура кылды. Ал деле аргасыздан кийлигишүүгө аргасыз болду окшойт. Негизи Камчыбек Ташиев жакшы иштеп жатат. Уюшкан кылмыштуу топ менен да жакшы күрөштү. Көлбаевдин тамырын кыркты. Азыр да аны менен байланышы барларды камап, кызматтан кетирип, коомду бир топ тазалап койду. Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга болгон күчүн жумшап жатат. Ага ырахмат айтышыбыз керек.
- Кечээ жакында өткөн курултай максатына жеттиби?
- Алдыга кандай максат койгондорун билбейм. Бирок, президент курултайга катышып, отчёт бергени жакшы жөрөлгө деп эсептейм. Курултайдын эффективдүүлүгүн келечек көрсөтөт деп ойлойм. Анткени, бул экинчи эле курултай болду. Курултайга анализ кылып карасаң делегаттардын көбү орчундуу көйгөйлөрдү көтөрбөй, акимиатта эле чечиле турган маселелерди айтышты. Бир караганда акимдер жакшы иштебей, жергиликтүү бийликтегилер ишинен жыйынтык чыгарбай жаткандай сезилет экен. Ошончо жерден бери келип, маанилүү деп айтып жаткандан кийин президент да ар биринин көтөргөн маселесине карата эрикпей жооп берди.
- Коррупция менен күрөш жыйынтык берип жатабы? Эмнеге кармалгандар көп экенине карабай коррупция токтобой жатат?
-Бийлик коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялады. Кудайдын куттуу күнү пара талап кылгандар же пара алгандар кармалып жатат. Бирок, ошондо дагы коррупция токтобой жатат.
Менимче, эл коркпой жатат. Ошон үчүн элдин аң сезимин өзгөртүш керек. Элдин аң сезими өзгөрбөсө, ар ким өзү камалып, камактын азабын тартмайын коркпой коррупция менен алек боло берет. Ошон үчүн коомдун аң сезимин өзгөртүп, терс көрүнүштөргө аралашпай турган кылыш керек. Ар-намыс, уят-сыйыт деген жогору болуш керек. Ошондо эл жаман иштерден алыс болуп, ийгиликке ак мээнет менен жетүүнү көздөп калат.
1997-жылы Америкадагы бир түрмөгө барып калдым. Камактагыларга бир сулуу кыз тамак таратып жүргөнүн көрүп, сулуу кызды кимдир бирөө зордуктап салбайбы деп чочулап түрмө башчысына суроо салдым . “Андай болушу мүмкүн эмес. Бул жерде андайга эч ким жол бербейт”-деди. Биз да жаштарды, элди намыскөйлүккө, уят-сыйытка тарбиялап, аң-сезимин өзгөртсөк, коом терс көрүнүштөрдү тескеп, терс кабыл алганга үйрөнүп, коррупция дагы, аялдарды зордуктоо, зомбулук көрсөтүү да азайат.