Бишкек, "Саясат.kg". Чындыгында, базарларга цивилдүү соода-сатык иштерин калыптандыруу үчүн тартип орнотуу керек.
Кыргызстанда бир нече күн катары менен базарлардагы соодагерлер митингге чыгышты. Алар 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түрдө киргизиле турчу ККМге каршылыгын билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты. Белгилей кетсек, өлкөдөгү калк менен акча алакасын жасаган ишкерчиликке ККМди колдонуу 2022-жылдын 1-январынан тартып милдеттендирилген. Ал эми базарда соода кылгандарга бул эреже келерки жылдын башынан тартып киргизилмек. Президент Садыр Жапаров басылмалардын бирине берген маегинде соодагерлердин нааразычылыгын күчөткөндөрдүн сап башында "чоң акырдан жем жеп жүрүп" азыр ишсиз калгандар, криминалдар тураарын белгиледи.
Соодагерлердин митингин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да комментарийлеп, "эгерде базар ээлери соодагерлерге шарт түзүп, ижара акысын арзандатпаса, базарларды мамлекетке алып, ижара акысы жок бекер берүүгө" өлкө жетекчилигинин саясий эрки жетээрин айтты.
Саясат талдоочу Марс Сариев мамлекеттин базарларга тартип киргизүү аракети өз убагында башталды деп эсептейт.
"Менимче, базар ээлери Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн туура кабыл алып, базардагы шартты жакшы деңгээлге көтөрүшөт. Анткени алар базарларынын мамлекетке өтүп кетишине кызыкдар эмес. Бийликтин базар темасына көңүл бурганы өз убагындагы чечим болду. Чындыгында, базарларга цивилдүү соода-сатык иштерин калыптандыруу үчүн тартип орнотуу керек.
ККМге эмнеге каршы болуп жатышат? Бул жерде өтө көп фактор бар, Салык кызматы да кайсы бир деңгээлде маселе жаратып коюшту, ККМ аппаратын сатып алуу кымбат, дагы башка түйшүктөрү бар, соодагерлер ашыкча баш ооруну каалашпайт. Ошондуктан туура, терең түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек болчу.
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жакшы түшүндүрүштү. ККМ киргизүүдөгү башкы максат мамлекетке киреше көбөйтүү эмес, анткени салык базардан эмес, башка тармактардан көп түшөт. Бул контрабанданы токтотуу үчүн жасалып жатат. Менимче, баары өз убагында болду, ККМ өз убагында киргизилип, Садыр Жапаров соодагерлер менен өз убагында жолугушту", - деди Марс Сариев.
Жөнөкөй соодагерлерди митингге чыгууга үндөгөндөрдүн башка максаты - өлкөгө башаламандык орнотуу экени белгилүү болуп турат. Бул боюнча өлкө башчысы жана УКМК төрагасы да белгилешкен. Марс Сариев мамлекеттин өнүгүшүн каалабагандар кайсы бир тараптын нааразычылыгын массалык нааразычылыкка айландырууга кызыкдар болушат дейт.
"Мен өлкө ичинде революция жасоого умтулган топтор бар деп ойлобойм. Бирок президент Садыр Жапаровдун үчүнчү күчтөр жөнүндө айтканы туура. Бакиевдин убагында Россияга авиабазаны чыгарбай койгону үчүн жакпай, аны бийликтен кетирүүгө 60 тыйынды курал катары колдонушкан. ККМ дагы тышкы күчтөргө курал болуп калышы мүмкүн, аларга Кыргызстандын көтөрүлүп жатканы жакпайт", - деп белгиледи саясат талдоочу.