К.Кыштообаев:  Орто жана майда ишкерчилик өнүксө, ири ишкерчиликтин деңгээлине жетсе, бул мамлекет үчүн утуш.

- Өлкөдөгү салык саясатына кандай карайсыз? Салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр заман талабына жооп берип жатабы?

- Салык саясаты боюнча айтаардан мурун мен бир нерсени белгилеп кетким келет. Эгемендүүлүк алганыбызга 32 жыл болду, кандай элек, азыр кандай болдук? Көп жылдан бери таза кирешени мамлекеттен жашырып, анысы менен өлкө экономикасына кесепетин тийгизгендер, аткезчилик жол менен товар ташып, анысы менен атамекендик өндүрүшчүлөргө чоң сокку жасагандар көп экенин акыркы убакта гана даана көрүп баштадык. Ак ниеттүү ишкерчиликтин бир белгиси ушул болот – тапканынын кайсы бир бөлүгүн мамлекет менен бөлүшүү. Анткени, алар жашап, бизнесин өнүктүрүп жаткан шарттар мамлекет тарабынан түзүлөт. Ошол эле салыктын эсебинен.

Ошондуктан бүгүнкү салык саясаты туура жолдо баратат деп айта алам. Азыр жаап-жашырынбай ачык иштөөгө, кирешесин ачык көрсөтүүдөн коркпой тургандай шарттар түзүлүп жатат. Ар бир ишкер тапкан кирешесине жараша гана салык төлөйт, андан ашпайт жана кемибейт дагы. Биз ушуну жакшы түшүнүшүбүз керек – ачык-айкындуулук орун алганда гана жеке коопсуздугубуз дагы бекемделет, аны менен катар өлкөбүздү өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк табылат.

Салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр ишкерлерди так бөлдү: жогоруда айтылгандай, ар бир ишкер кирешесине ылайык салык төлөөгө өттү. Башта ири ишкерчилик, майда ишкерчилик дагы бирдей салык төлөп келген. Ушул так ажыратуу көптөгөн майда жана орто ишкерчиликтин өнүгүүсүнө жол ачаарына шек жок. Орто жана майда ишкерчилик өнүксө, ири ишкерчиликтин деңгээлине жетсе, бул мамлекет үчүн утуш.

Биз замандын агымына жараша сүзүүнү жана аны кабыл ала билүүнү үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, убагында акчаны колго кармабай карта менен алып жүрөт, малга паспорт жасатылат дегенде түшүнбөй, сынга алганбыз. Бирок азыр ошол нерселер замандын талабы экенине көзүбүз жетти. Заман менен чогуу өсүүбүз керектигин акылыбызга жеткирдик.

- Салыктан качууну токтотуу үчүн кандай чаралар зарыл деп ойлойсуз?

- Биринчи кезекте ар бир адамдын патриоттуулук сезимдери ойгонууга тийиш. Ансыз эч бир чара, аракет натыйжасын 100 пайыз бере албай калышы мүмкүн. Биз тапканыбызды мамлекеттен катып, кызганып жатсак, кандай гана шарт, мүмкүнчүлүк түзүлбөсүн, жыйынтыгын бербейт. Мен мисалы, чакан жеке чарбасы бар адам катары айына тапкан кирешемдин кайсы бир бөлүгүн мамлекет менен бөлүшүүгө даярмын. Түштүк Корея бир убактарда элинин патриоттуулугун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке киргизип, анын негизинде өнүккөн. Эгерде балдарыбыздын келечегин ойлосок, өзүм байыйын, өзүм гана болойун деген ойду алыс ташташыбыз керек. Кандай болгон учурда дагы адам эл, коом менен адам. Өз алдынча жашап кете албайт. Балдарыбыздын келечеги мекенибизге байлангандан кийин, анын бакыбат болушуна ар бирибиз кызыкдар болууга тийишпиз.

- Жеке чарбам деп калдыңыз, ошондо сиз дагы бизнес өкүлүнө да киресизби?

- Буга чейин ар кандай бизнестерди жасап келгем, учурда жаңы жаратмандык долбоорлордун үстүндө иштөөдөмүн. Бирок мен чөнтөктүн эмес, көкүрөктүн байышын издейм. Учурда өлкөмдүн өнүгүүсүнө кандай салым кошо алам, ден соолук, билим жаатында кандай реформалар керек – ушул багыт мени терең ойлонтот. Үй-бүлөмө жетиштүү чакан мал чарбачылыгым да бар.

- Салык саясатына нааразы болгондор тууралуу сурайын деп жатам, мындай нааразычылыктар эмнеден улам келип чыгууда?

- Бул суроого жооп жогоруда учкай айтылып кетти. Жеке кызыкчылык, жеке өзүн гана ойлоо адатына баш-отубуз менен берилип кеткенибиз, мамлекет бизге милдеттүү, биз мамлекетке милдеттүү эмеспиз деген туура эмес түшүнүктү сиңирип алганыбызда жатат. Миң сом тапсак, бир сомун гана берип, 999 сомун өзүбүзгө калтырып көнүп алганбыз. Бирок адам кабыл албаган эч нерсе жок, убакыттын өтүшү менен натуура түшүнүктөрүбүз оңдолуп, өз ордун татыктуу табат деп ишенем.

- Эки-үч жыл мурунку убак менен азыркы убакты салыштыралы: мамлекеттин бизнести колдоо аракети канчалык күчөдү?

- Мыйзамдуулук орун алууда. Бизнеске эң керектүү шарттардын бири – мыйзамдуулуктун болушу. Бизнес баштаган адам же сырттан келген инвестор бизнеси өнүгүп кетсе, аны кимдир бирөө тартып албайт деген бекем ишеничте болушу абдан маанилүү. Менимче, мамлекет бизнеске колдоо көрсөтүүнү так ушул орчундуу маселеден баштады.