Бишкек, "Саясат.kg". Жаңы ишке киришкенде абал башкача болчу, азыр күч топтоду, ресурстарды топтоду.
УКМК өлкөдөгү терс көрүнүштөргө каршы күрөшүн этаптуу улантып келатат. Коррупция жана уюшкан кылмыштуулуктун өзөгү кайсы бир деңгээлде бир. Коррупция гүлдөгөн өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун таасири өсөт. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн алгач коррупциянын тамырын кыркуу керек. Мындай пикирин медиаэксперт Адиль Турдукулов билдирди.
"Учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тууралуу сөз болгондо, айрымдар Камчыбек Ташиевге карата "эмнеге кызматка жаңы киришишкенинде эле Матраимовдун, Көлбаевдин аракетин токтоткон эмес, эмнеге ошол убакта камап салбаган" деген сындарды айтышууда. Мен ага жүйөөлүү себеп бар болуш керек деп ойлойм. Жаңы ишке киришкенде абал башкача болчу, азыр күч топтоду, ресурстарды топтоду. Ошону пайдаланып катуу күрөш баштады.
Баңгизат трафиги, Кытайдан болгон аткезчилик азайса, бул күрөштүн жыйынтыгы ошол болот. Эгерде Матраимов, Көлбаевдин ордуна башка келип, ошол эле укук коргоо органдарын тейлеген адамдар көзөмөлдөп калса, анда күрөштүн маңызы жок болуп калат", - деди Турдукулов.
Акыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында кримдүйнө менен кол үзгөнүн жарыялаган бир нече адамдар коомчулукка билдирүү жасашты. Андан тышкары УКТлардын көптөгөн мүчөлөрү камакка алынды. Мындан улам Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топторго белчесинен батып калганы белгилүү болду. Адиль Турдукулов көмүскө экономиканын жогорулашы уюшкан кылмыштуулукту арбытып, кримдүйнө өкүлдөрүнүн өлкөнүн саясатына, экономикасына болгон таасирин калыңдатты деп эсептейт. Ошондуктан, УКТны өлкө экономикасынын кесепети деп кабыл алууга болот.
"Өлкөдө көмүскө экономиканын көрсөткүчү канчалык көп болсо, сөзсүз түрдө криминалдын саясатка, экономикага кийлигишүүсү да сөзсүз чоң болот. Жогоруда айтылгандай, аткезчилик жоюлса, фискалдаштыруу маселеси жайына келсе, УКТнын таасири азаят", - деген Турдукулов коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн куйрук улаш баратканы дыкат ойлонулган туура багыт экенин белгиледи.
Эске салсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтор, кримдүйнөнүн өкүлдөрү менен байланышы бар бардык мамкызматкерлер, депутаттар тазаланаарын билдирген. "Мен тирүү кезде мамлекетке каршы жасалган бир дагы ишке жол бербейм! Ким болсо дагы мыйзам алдында бирдей. Кылмыш өкүлдөрү менен кайсы бир операция жасап, ал турмак чогуу чай ичкен чиновниктер токтоосуз кызматынан кетет" - деген.