А.Новиков: "КМШ кайрадан постсоветтик мейкиндиктеги сүйлөшүүнүн маанилүү форматына айлана баштады!
11-12-октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити болуп өттү. Россиянын Илимдер Академиясынын алдындагы Ортоазиялык иликтөөлөр борборунун жетекчиси, саясий илимдеринин кандидаты Дмитрий Новиков бул боюнча пикирин билдирген.
"КМШ өлкөлөрүнүн болуп өткөн саммити постсоветтик мейкиндикте бул форматтын маанилүү ролу уланып жатканын көрсөттү. Бир канча убакыт мурда "КМШ эскирген формат" деп айтылып келген, ал турмак Россиянын президентинин аны мурдагы советтик өлкөлөрдүн "цивилдүү ажырашуусунун куралы" деп атаганы бар. Анткени СССРдин кулашына байланышкан формат катары кабыл алынып, КМШнын кандайдыр бир аянтчасына айлана албай келген. Ал эми азыр КМШ кайрадан постсоветтик мейкиндиктеги сүйлөшүүнүн маанилүү форматына айланганын көрдү. Болуп өткөн саммит аны тастыктады.
Биринчиден, "сааттарды текшерүү" функциясы азыр глобалдык геосаясий турбуленттиктин контекстинде өтө маанилүү болуп калды. Экинчиден, КМШ постсоветтик мейкиндикте социалдык-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана талкуулоо жаатында кандайдыр бир "адистикке" ээ болуп калды.
Ошентип, Бишкек саммитинин жыйынтыгында көтөрүлгөн борбордук демилге - орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү болду. Бул постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөр арасындагы гуманитардык кызматташтыкты жакшыртуу, анын маданий-тил негизин сактоодогу маанилүү кыймыл.
Бул демилге белгилүү бир деңгээлде Борбордук Азиянын чечүүчү ролун баса белгилейт – бул Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн эң актуалдуу жана суроо-талапка ээ", - деген Дмитрий Новиков.