А.Арабаев: ГЭС, плотина, дарыяларыбызда жылдагыдай суу да жок.

Жакында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасаган. Анда төрага суунун тартыштыгынан улам кыш мезгилинде электр энергиясынын таңкыстыгы жаралаарын, ошондуктан үнөмдөп колдонууга туура келээрин айткан. Профессор Автандил Арабаев бул жалпы дүйнө туш келип жаткан көйгөй деп эсептейт. 

- Климатты изилдөөчү эл аралык эксперттердин билдирүүлөрү боюнча, глобалдык климаттын жылышы менен суунун тартыштыгы тыгыз байланышта болуп, чиеленишкен циклга кептелгени мыйзам ченемдүү көрүнүш экен.

Ал эми быйылкы күндүн өзгөчө ысыганын коңшу Казахстан, Өзбекстан, Тажикистан эле эмес, көптөгөн чет өлкөлүктөр сыяктуу биз да жон терибиз менен сезип, көрдүк. Ушундан улам, быйыл суу бардык жерде эле тартыш болуп, анын көйгөйү мамлекеттер аралык алакаларыбызга чейин чыкты.

Албетте, кургакчылык, суу тартыштыгы кышка даярдыгыбызга таасирин тийгизбей койбойт. ГЭС, плотина, дарыяларыбызда жылдагыдай суу да жок. Электр энергиябыздын булагы болгон суу жок болсо, кышында светтин тартыш болоору айдан ачык.

Андан калса, эски ГЭСтерибиздин кубаттуулугунун жылдан жылга төмөндөгөнү да көйгөйлүү маселе. 30 жылдан бери эгеменддүүлүк ырын ырдап, саясаттан кол бошобой, бир ГЭС куруп да кыйратпадык.

Жылда кышында жетишпеген электр энергиянын ордун толтуруп, биз менен бөлүшүп турган коңшуларбызда деле ушундай эле жагдай.

Ушундай учурда болгонун болгондой, ачык айтып, өкмөт башчыбыз Акылбек Жапаров туура эле кылды.

Ал айткандай, президентибиз Садыр Жапаров да, өкмөт да мамлекетибиздин электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугун күчөтүү боюнча тиешелүү иштерди жасап атышат. ГЭСтер, аны менен байланышкан инфраструктура бир эле күндө жасалчу маселе эмес экен. Быйыл жыл аягына чейин 16, эмки жылдын аягына чейин дагы 12 станция пайдаланууга берилет деп айтты. Кийинки жылдарда боло турган иштерди да ачыктады.

Менимче, жоопкерчиликти өзүнө алып, көйгөйдү көйгөй деп ачык айтып, өкмөттүн пландарын жарыялаган Акылбек Жапаровду «ташбараңга» салып, «андай-мындай» деп, сындай бербей, «сабырдын түбү сары алтын» демекчи, сабырдуулук кылып, мамлекетибиздин туруктуулугу, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы бир жарандык позицияга келип, позитивдүү аракеттерди колдосок болоор эле.