Э.Карыбеков: Муну шайлоо таза өтөөрүнө кепилдик катары кабыл алсак болот.

- Президент Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлер менен жолукту. Эми шайлоо таза өтөт деп үмүт артсак болобу?

- Президент Ленин райондук округунан ат салышып жаткан талапкерлерге жолугуп, жакшы иш кылды. Ошондой эле талапкерлердин каалоо - тилектерин угуп, ошол жерден тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерге маселени чечкенге буйрук берди. Муну шайлоо таза өтөөрүнө кепилдик катары кабыл алсак болот.