Т.Мадылбеков: Эки Жапаровду уят кылды.
- Турат мырза, Теңгиз Бөлтүрүк “эч нерсе алган эмесмин” деп актанып, президентке чейин кайрылуу жолдоп, бошонуунун айла амалын жасады эле. Эми дээрлик 850 миллион сомду чогуу иштешкендери менен төгүп, үй камагына чыкты. Бул жагдай анын каражаттарды максатсыз пайдаланганын мойнуна алганын далилдейби?
- Теңгиз Бөлтүрүктүн жана аны менен чогуу иштегендердин 844 млн. 512 мин 858 сом төлөп, баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыкканын интернеттен окудум. Буга чейин ал каражаттарды максатсыз пайдаланганын мойнуна албай, актанып Садыр Жапаровго чейин кайрылган учурлары болгон. Бирок ал парламентте жакшы адис, мыкты иштейт деп көрсөтүлгөн ишенимди тебелеп, калпыс иштерге жол берди. Эки Жапаровду уят кылды. Тергөө кандай болгонун билбейм. Бирок, айыбын тартып жатканы күнөөсүн мойнуна алганы десек болот. Иштин кандай болгону сотто билинер. Бирок, Бөлтүрүк актанганы менен кол алдында иштегендер тергөө учурунда ага каршы көрсөтмө бергени үчүн ушунча каражат төлөөгө аргасыз болсо керек деп ойлойм.
- Бирок ал “мен кол алдымдагыларга ишенгем, алар калпыстыкка жол бериптир” деген ойду кыйытты эле го?
- Теңгиз Бөлтүрүктүн антип актанганы суу кечпейт. Кандай болбосун ал жетекчи. Жетекчи баардык жоопкерчиликти мойнуна алат. Жетекчи кол алдындагыларга ишенет, ошол эле мезгилде текшерет. Эгер кол алдындагылар жеп кетсе, анда Теңгиз Бөлтүрүк жакшы жетекчи эмес. Баарын көзөмөлдөп, канча алтын өндү, канчасы кайда жумшалды деп турганда ага ишеним арткан президентти да, Министрлер кабинетинин башчысын да уят кылмак эмес. Эми келтирген зыянды ашыгы менен төктүрүш керек. Анткени, “Кумтөр” элдики.
- Аялы “квартирага төлөй турган акчам жок калды” деп кайрылуу жасады эле го? Теңгиз Бөлтүрүктүн үй-бүлөсү жокчулукту баштан өткөргөнүнө ишенесизби?
- Ишенбейм. Анткени, Кыргызстандан деле өтө жогорку деңгээлдеги айлык алчу. Буга чейин Канадада иштеди. Квартирага төлөгөнгө акчасы жок болуп, мүңкүрөп кала тургандардан эмес деп ойлойм. Чоң акчанын үстүндө болгону үчүн Бөлтүрүк чакан офиске топук кылбай, кымбат офистерди каалады да. Башында эле Бөлтүрүктүн тизгинин тартып, “бутубуздан турмайын ушул эле офисте иштейсиң, чыгымды азайт, кирешени көбөйт”- деш керек болчу.
Аэлита Сатындиева, Булак: "Майдан.kg" гезити