Э.Каптагаев: Президент Жапаровдун Москвага барышын Орус-Украин согушунда Россияга колдоо көрсөтүп жатат деп түшүнүү керек эмес.
Россия жеңиш күнүндө болчу парадга катышууга бир гана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду чакырганы маалым болгон. Кыргыз президенти жакында орус жергесине барат. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун Москвага сапарынын маанилүү тарабын чечмеледи:
- 9-майда Жеңиш күнүн өткөрүүгө карата Россиянын Президенти Владимир Путин биздин Президент Садыр Жапаровду чакырыптыр, Кызыл Аянттагы парадда ардактуу конок болот деген кабар айтылды.
Ушундан улам кай бирлери барбаш керек дегендей да пикир айтышууда. Менин пикиримде, баруу керек, чакырып жаткандан кийин барып катышып келгени туура болот. Балким Путин деле “былтыр тажиктерди чакырып кыргыздар таарынып калды, быйыл кыргыздарды сыйлап, көңүлдөрүн алып койоюн” деп жаткандыр.
Президент Жапаровдун Москвага барышын Орус-Украин согушунда Россияга колдоо көрсөтүп жатат деп түшүнүү керек эмес. Өзү деле ал жердеги жолугушууда, сүйлөшүүдө, сый тамак үстүндө баскынчылык согушту колдой тургандай ишарат кылбайт болушу керек деп ойлойм.
Президент Садыр Жапаров Москвага барып Кызыл Аянттагы парадга катышса – муну биз Улуу Жеңишке таазим кылганы, ошол Ата Мекендик согушта курман болгон, катышып келишип жай турмушта каза болгон өзүбүздүн мекендештердин арбактарына таазим кылганы, ошол согуш учурундагы Кыргыз Республикасынын элинин тылдагы каармандык эмгегине таазим кылганы деп түшүнүүбүз абзел го дейм.
Кандай болгон күндө дагы Жеңиш парады 1945-жылы ошол Кызыл Аянтта өткөн, ошол Кызыл Аянтка Американын Президенти баш болуп далай өлкөлөрдүн лидерлери ушул эле Жеңиш күнүнө карата көп эле жолу келишкен, Совет элинин эрдигине, жалпы Жеңишке кошкон эбегейсиз зор салымына таазим кылышкан.
Улуу Жеңиш күнүн идеологияга, утурумдук саясатка байлагандыгыбыз болбойт, Улуу Жеңиш күнүнө карата мамиле өзгөрүүсүз так бойдон калуусу зарыл.