А.Медетбеков:  Ошондо гана коррупциянын тизгини тартылып, биротоло жок болбосо дагы азая түшөт.

- Артур мырза, коррупция менен күрөш ойдогудай жүрүп жатабы?

- Коррупция менен күрөш болуп жатат. Бирок системдүү, комплекстүү күрөш болбой жатканы үчүн коррупционерлер баштагы ишин тымызын улантышууда. Негизи, коррупция менен бир эле УКМК же укук коргоо органдары  эмес, жалпы эл кошо күрөшүшү керек. Өзгөчө мекемелердеги, тейлөөчү органдардагы, жергиликтүү бийликтердеги коррупция менен  күрөшүүдө өзүнчө программа түзүп,  ошого жараша иш алып барса коррупция биротоло жок болбосо да, азайат.  

Ошондой эле коррупциянын ана башчысы болгондордун тизгинин тартып, жоопкерчиликке чакырыш керек. Мурда Ак үй, "көк үйдө" иштеп, коррупциялык схемаларды түзгөндөрдү катуу көзөмөлгө алсак, коррупция менен ылдыйдан жогору эмес, башынан ылдый көздөй системдүү күрөшсөк, коррупциялык схемаларды ишке ашырган кызматкерлерди иштен четтетсек, коррупция менен күрөштүн  натыйжасы  сөзсүз болот. Ошондой эле эмне иш жасарын ишин так билбей, бирок кошоматчылык менен алек болуп, жооптуу кызматтарды аркалап, коррупциянын жайылышына шарт түзгөн шумпайларды дагы  ордуна коюшубуз керек. Ошондо гана коррупциянын тизгини тартылып, биротоло жок болбосо дагы азая түшөт.