Бишкек, "Саясат.kg". Кызматтан алынган мугалимдерден тактаса директорду ким калкалап жүргөнү аныкталат.

- Каниметов атындагы №1 интернат гимназиясы окуучуларды митингге чыгарып, коомчулукта дуу болушту эле. Жыйынтыгында директору да, ага каршы чыгып, митинг уюштурган мугалимдери да  иштен алыныптыр. Өкмөт туура эле чечим кабыл алдыбы?

- Мыйзамды, этиканы, моралдык талаптарды одоно бузуп, кызмат талашка жаш балдарды аралаштыргандарды кызматтан алганы туура болду. Кызматтан берененин негизинде алып, жоопкерчилигин да кароо зарыл. Андан тышкары ошол директорду коргоп, администрациядан чалып жүргөн кызматкерди да кызматтан алып, жоопкерчилигин караш керек. Акча, тааныш -билиш үчүн кызматка коюп, аларды калкалап жүргөн депутат, министр, Президенттин администрациясындагы кээ бир кызматкерлер президенттин кадырына, элдин ишенимине доо кетирүүдө. Кызматтан алынган мугалимдерден тактаса директорду ким калкалап жүргөнү аныкталат. 2 жыл өттү, кадр саясатын иреттебесе чоң маселеге айланууда.