Ш.Эркебаев: Президенттен,УКМК төрагасынан жана укук коргоо органдарынан гана кыймыл күтпөстөн, жалпыбыз коррупцияга каршы аракет кылалы!
- Эки жылдан бери өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат. Күн сайын коррупциялык схемага уюштурууга шектелгендер жана пара алгандар кармалууда. Айрымдар мындай көрүнүштү күрөш коррупцияны токтотпой эле, кайра күчөтүп жаткандай кабыл алышууда. Мындай кылмыш менен кармалгандардын катары түгөнбөй жатканын кандай түшүндүрүүгө болот?
- Коррупция менен күрөш эч качан ойдогудай болгон эмес, ошол эле учурда бүгүнкү күндөгү иш-чаралардан улам коррупция күчөп деп баа берүү да максаттуу эмес.
Эч качан ойдогудай болгон эмес дегеним, аны менен күрөшүүнүн жалпыга түшүнүктүү жол жобосу, жадыбалы, башкача айтканда, оюбузда калыптанган бир тартиби жок. Анткени бул кыргыз саясий-укуктук системасында медицинада айтылгандай дабасы табылбай жаткан рак илдетиндей эле көрүнүш.
Коррупция десе биз көбүнесе катардагы дарыгерлердин, мугалимдердин, милиция кызматкерлеринин, дегеле мамлекеттик органдардыг ылдыйкы звенолорунда кызмат өтөгөн жарандардын экинчи бир жарандардан пара алганын, бергенин түшүнүп калганбыз. Алардын кыймыл аракетинде коррупциянын эч кандай алакасы жок. Жалпак тилге салсак алардын жоругу -паракорлук же бул турмуштук зарылчылык десек да болчудай. Же болбосо аргасыздык деген термин ыйгарсак да болот. Муну менен адардын кылганын актайын же болбосо туура кылат деген ойдон алысмын. Айтайын дегеним мына ушундай майда барат кызматкерлердин аргасыздыгына жол ачып, аларды ушул жолго түрткөн жогорку тепкичтеги кызмат адамдарынын кызмат ордун системдүү пайдалануусу, туруктуу акча каражаттарын ар кандай жолдор менен чыгарып кетүүсү, тендерлер аркылуу олчойгон суммалардын максаттуу пайдаланбаганы коррупциянын эң түшүнүктүү белгилери катары таанылат.
Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында, башкача айтканда заманбап Кыргызстан тарыхында бул илдет менен күрөшүү ар кандай жол менен, түрдүү методдор аркылуу жүзөгө ашырылган. Жыйынтыгы кандай болгон коомчулукка маалым.
Мен, кыргыз саясатында көп жыл оппозициячыл жана куугунтукта жүргөн, ал эми бүгүн бул бийликтин саясатын колдогон киши катары өзүмүн жеке субьективдүү оюмду төмөнкүдөй кыскача айтканга аракет кылайын.
Жогоруда жыйынтыгы коомчулукка маалым дегенимдин себеби мындай: ким кандай реформа жасабасын, анын жыйынтыгы, мөмөсү беш жыл, он жылда көрүнө баштайт. Ушул аралыкты коом жашап өткөндөн соң гана реалдуу жыйынтык көрүнөт.
Бүгүнкү болуп жаткан коррупциялык кылмыштардын [иштердин] дагы деле токтобогону, уланып жатканы - мындан беш, он жыл мурун бийлик тушундагы кишилердин жасаган реформаларынын жыйынтыгы. Ал эми бүгүн коррупцияга каршы күрөш жүрүп, бийлик башындагы кызмат адамдары катуу күрөшүп жатышат, тийиштүү жарандар камалып, жазасын алып, казынадан уурдалган акчалар калыбына келтирилип жатат деп барын бардай айтканым менен бул бийликтин колдоочусу катары сөзүм өтүмдүү болбой калаар. Ошол себептен ушул тапта күрөш кандай жүрүп жатканын же солгундап калдыбы деген сурооңузга жоопту кийинки беш - он жылда ала аласыз.
Мен ойлоймун, бул илдет коомчулук арасында толук кандуу жек көрүүгө кабыл болот. Анткени канчалаган жарандарыбыздын мыйзамдуу акылары эки- үч акылдуунун алкымына түшпөш керек. Андыктан президенттен,УКМК төрагасынан жана укук коргоо органдарынан гана кыймыл күтпөстөн, жалпыбыз коррупцияга каршы аракет кылалы!