Бишкек, "Саясат.kg". Өзбек президентинин мамлекеттик сапары көп жакшы иштердин каалгасын ачты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинин жаңы барагы ачылып, жаңы деңгээлге чыкты. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров билдирди. 

"Мурда, союз маалында эки өлкө ортосунда карым-катнаш күчтүү болчу, бул соода жагына да, өндүрүш жаатына да тийиштүү. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары дагы ошол мамиле уланып келди. Биргеликте Борбор Азиядагы экономикалык долбоорлор жакшы эле жолго коюла баштаган болчу. Бирок ар кандай себептерден улам кийин солгундады. Анын бир эле мисалы, эки өлкөнүн ортосундагы соода 160 миллион долларга чейин гана жеткен. Бул өтө аз көрсөткүч.

Өзбекстанга Шавкат Мирзиеев президент болгондон кийин кайра мамиле жанданды. Биздин президентибиз Өзбекстанга расмий сапар менен барды, андан соң минтип, өзбек президенти бизге мамлекеттик сапар менен келди. Анын натыйжасында, ортодо көп жакшы долбоорлор пайда болуп, келишимдерге кол коюлду. Акыркы жылдары бул жылуу мамиленин шарапатынан тышкы соода 543 миллион долларга көтөрүлгөнүн белгилей кетели. Буйруса, бул көрсөткүчтү 1 миллиард, ал турмак 2 миллиард долларга көтөрүүнү пландап жатышат. Кыргыз-Өзбек өнүгүү фонду ачылды, анын уставдык капиталын 200 миллион долларга жеткирүүнү эки өлкө колго алды. Андан тышкары биргелешкен ишканаларды өнүктүрүүнү да ойлонуштурушту. Айтор, өзбек президентинин мамлекеттик сапары көп жакшы иштердин каалгасын ачты.

Жалпысынан карап көрсөк, кошуна мамлекеттердин мамилеси жакшы жагына жөнгө салынып жатканы абдан жакшы көрүнүш", - деди Төлөнбек Абдыров.