Бишкек, "Саясат.kg". Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого түрткү берет.

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы жана Өзбек президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары тууралуу саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев пикирин "Кабар" улуттук агентигине билдирди. 

- Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин дароо Өзбекстандагы негизинен этникалык кыргыздар жашаган “Манас” айылын оңдоду. Менимче ошондо ал коңшулар менен, тагыраак айтканда Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экенин ачык көрсөткөн. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Өзбекстанга болгон иш сапары эки өлкө үчүн масштабдуу жана жемиштүү болгон. Энергетикадан тартып билим берүүгө чейин ар түрдүү тармактарда бир катар маанилүү документтерге кол коюлушу – тараптардын сөздөн ишке өтүүгө чечкиндүү экендигинин далили. Мына андан көп убакыт өтпөй Өзбекстандын президенти өзү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип отурат. Бул сапар стратегиялык өнөктөштүктүн, бир туугандык маанайдагы достуктун бекем пайдубалы болуп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого түрткү берет деп ойлойм.

Саясатта кол коюлган документтер жана келишимдер менен кошо чечкиндүү, так жана максаттуу аракеттер дагы маанилүү ролду ойнойт. Биздин президенттерибиздин аракеттеринин аркасында бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан өлкөлөр ортосундагы эң маанилүү болгон – чек ара маселесинде бир пикирге келе алышты. Мындан тышкары, “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргелешип куруу маселеси дагы маанилүү болуп саналат. Ошентип, Кыргызстан менен Өзбекстан көп жылдардан бери чечилбей келген бардык облуттуу маселелер боюнча тил табыша алды. Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапарынан кийин тараптар мурда жетишилген бардык келишимдерди жүзөгө ашырууга киришет деп ишенем. Муну эки өлкөнүн президенттеринин чечкиндүү жана достук мамилелери ырастап турат.

Өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтык дагы көздү кубантат. Кыргы-Өзбек өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталы 50 млн доллардын тегерегинде болсо, эми ал 300 млн долларга чейин жетүүдө. Келечекте уставдык капиталын 1 млрд долларга жеткирүү күтүлүүдө. Мындан тышкары, мен “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумуна бардым, анда бизнестин өз ара кызматташууга абдан жандуу кызыгуусун көрдүм. Демек, бул Кыргызстандын экономикасына инвестициянын жанданышын күтсө болот дегенди билдирет. Кыргызстанда автозаводду биргелешип курууга келсек, бул долбоор ишке ашат деп ойлойм.

Кыргызстан менен Өзбекстандын достугу Борбор Азиядагы туруктуулуктун бекем негизи болот.