К.Осмоналиев: Орустарды Украинанын чек арасынан туруп эле Москвасын баш кылып, бүт ири шаарларын ракеталар менен түз эле жеткире аткылоого жол ачыла турган болуп калган.

Орус-украин чатагынын түпкү себеби эмнеде? Анын дүйнө жүзүнө таасири кандай болот жана Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификацииялоо аракети канчалык туура? Россиянын Украинага жасаган аскердик операциясы жана анын Кыргызстан менен дүйнө жүзүнө таасири тууралуу белгилүү саясатчы, профессор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев менен маек

- Каныбек агай, Россиянын, президент В. Путиндин Украинаны демилитаризациялоо жана денацификацииялоо деген негиз менен аскердик операцияны баштагандыгына бир айга жакындап калды. Россия бийлигинин бул кадамы канчалык деңгээлде туура жана эл аралык нормаларга ылайык келет?

- Ооба, үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Россия Украинанын аймагында атайын уюштурулган операцияны баштап жиберди. Алгачкы ирет “блиц-криг” болот деп жатышкандай маалымдалды эле, бирок, тилекке каршы бул куралдуу конфликттер бир айга жакын созулуп кетти. Али качан бүтөөрү дагы белгисиз. Ортодо эки тараптын куралдуу күчтөрү тең чоң адамдык жоготууларга учурады. Ал ортодо бейкүнөө жарандар кырсыктап жатышат. Согуштун бетин ары кылсын! Бул эки өлкөнүн ортосундагы кагылышуулар XIX кылымдагы азырынча, эң чоң конфликтке айланып бара жатат. Бир жагынан Россиянын аскер ресурсу тартылып, экинчи жактан болсо, НАТО согуштук блогу баштаган Еврокошуундун согуштук потенциалдары активдүү колдонула баштады. Акыркы экөө аскерлерин киргизбегендиктери менен эбегейсиз сандагы курал-жарактарды Украинага ыйгарып беришип, согушту өрчүтүүнүн аракетинде болуп жатышат.

Баарынан кызыгы, Россия Украинаны демилитаризациялоого жана денацификацияга мажбурлоо аракеттери болуп жатат. Эмне үчүн маселе так ушундай коюлууда? Менимче, конфликттин дагы башкы себептери дал ошол эки түшүнүк менен байланыштуу! Россия Федерациясы бул атайын операцияны баштоого реалдуу себептер бар жана анын мындан башка жолу калбай калды деп түшүндүрүүдө. Украина болсо, тескерисинче, Россия бизге куралдуу кол салып, окупация кылып кирди деп жатышат! Эми түшүнүктүү да. Эки тарап өз кызыкчалыктарына жараша пропаганда иштерин жайылта беришет.

Биз, кыргызстандыктар, кандай болгон күндө дагы ар бир айткан сөзүбүздү абайлап, жеке пикирлерибизге жоопкерчилик менен мамиле кылып туруубуз керек. Бул конфликт биздики эмес. Албетте, экономикалык таасирлери бизге дагы тийип жатат. Анткени, биз эки өлкө менен тең саясий-экономикалык катнаштыкта жашап келебиз. Чынында эле СССР таркаганданбери мурдагы ар бир союздук республикалар өз оокаттарын өткөрө башташты. Түрдүү жолдорду тандап кетишти. Прибалтика өлкөлөрү дароо эле Европага ыктап, алар менен интеграцияга тез киришип алышты. “Беловежская пущадагы” РСФСР, Белоруссия жана Ураинанын ошол кездеги лидерлеринин капыстан эле СССРди бузуу боюнча сепараттык келишимдери дүйнөлүк жаңы геосаясатты пайда кылды. “Ново-Огарёво келишиминин” долбоорунун быт-чыты чыгып, ошол эле, 1991-жылдын декабрында Михаил Горбачев СССРдин президенттик тактысынан жылмышып, “Союздун арбагына деп куран окуй сала” тескери басып кетти.

Ошентип мурдагы союздук республикалар жетимсирей түшүштү. Украина болсо ошондо эле Батышка ыктаган аракеттерин көрсөтө баштаган. Анын алгачкы эки президенттери Леонид Кравчук менен Леонид Кучма акырындык менен Батышты көздөй ооп турушса, андан кийинки президент Сергей Ющенко болсо, өз элине ачык эле батышчыл саясатын таңуулай баштады. Төртүнчү президент Виктор Янукович Украинаны Россияга карай ыктоо саясатын колдонду. Аны туйган НАТО менен ЕС дароо эле “түстүү революцияларды” биринин артынан экинчисин уюштура беришип, 2014-жылы мамлекеттик төңкөрүштү ийгиликтүү ишке ашырышты. Бийликке президент болуп Петр Порошенко келди. Батышка кошулуу аракеттери чоң ылдамдык менен жүрө баштады. Азыркы президент Владимир Зеленскийдин тушунда жогорку тенденция аябай катуу күчөдү. ЕС менен НАТОго кошулууга далалатттанган аракеттер эми расмий документтер аркылуу сунуштала баштады.

Мындай кырдаал, албетте, Россияны тынчсыздандырбай койгон жок. Анткени, Украина мурда болуп көрбөгөндөй согуштук куралдар менен жабдыла баштабадыбы. Согуштук арсеналдар Батыш өлкөлөрүнөн күргүштөп кире баштады. Анын үстүнө Прибалтика мамлекеттери толугу менен НАТОго мүчө болуп алышып, өз аймактарына заманбап согуштук базаларды ачып беришти. Румыния менен Польшага болсо, НАТОнун орто радиустагы баллистикалык ракеталарынын кубаттуу базаларын түзүштү. Скандинавия өлкөлөрү дагы алардын куралдуу күчтөрүнүн полигондоруна айланышты. Молдова дагы тартыла баштады. Украина кыска убакыт ичинде күчтүү куралданган милитаристтик өлкөгө айланып чыга келди. Мындай кырдаал, албетте, Россияны чочутту!

Анан кандай болмок эле? Орустарды Украинанын чек арасынан туруп эле Москвасын баш кылып, бүт ири шаарларын ракеталар менен түз эле жеткире аткылоого жол ачыла турган болуп калган. Анын үстүнө, 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштүн азабын куп эле тартышкан орус тилдүү жарандар басымдуулук кылган Донбасс аймагы жашоо инстинкттеринин таасири менен “ДЭР жана ЛЭР аттуу республика” болобуз деп жар салышты. Аларга кубат берген Крым элинин Россияга өз ыктыярлары менен кошулуп алуусу түрткү болду. Ошол кездеги Украина бийлиги аларды өзүнө тартып алуу аракетин согуштук жандармериялык жазалоо жолу аркылуу ишке ашырып кирди.

Акыркы 8 жылда 14 миңге жакын катардагы эле жарандар каза табышты деген маалыматтар бар. Канчалары үй-жайсыз калып, тентип кетишти. Бир нече жыл аткылоолордон жүрөк үшүнө дуушар болгондор үйлөрдүн жер-төлөлөрүндө жашап келгендиктери эмне деген шумдук! Анан улутчулдук саясат күч алганы айтылууда. Батыш Украинанын бир топ агрессивдүү маанайды туткан адамдары аркылуу Донбасс элинин адам чыдагыс кордуктарды башынан кечирип келгендиктери ачык эле маалым боло баштабады беле. Ошондуктан, расмий Россия бийлиги атайын операцияны баштап отурат. Бирок, кандай болгон күндө дагы жакшы болбоду! Бул конфликти тезинен токтонунун аркетин эки тарап тең ыкчам көрүүлөрү керек!

- Орустар менен украиндер кыргыздар менен казактар сыяктуу эле бир тууган, тили окшош, дини бир, кошуна, бир тууган болуп саналат. Эмне үчүн бул эки славян элдери алгач саясый жактан тирешип, азыр бири-бирине душманга айланып калды.

- Туура айтасыз. Орус жана украин элдери тили бир, дили бир, ал турсун базары бир, мазары бир эл болушуп эле ынтымакта жашап келишпедиби эле? “Киевская Русь” деген тарыхый түшүнүктү эмне кылабыз? “Киев - мать городов русских” деп эле жүрүшчү эле го? Атактуу тарыхый инсан князь Владимирдин аракети менен христиан дининин православия агымына чогуу киришкен. Албетте, тарыхый зигзагдар орун алды. Менин оюма Чыгыш Европада, орто кылымда орун алган белгилүү федеративдик империя - Речь Посполитая эске түшүп кетти. Анын орус жана украин элдерине таасири эбегейсиз чоң болгон. Анткени, аталган империя 1569-1795-жж. дүңгүрөп өнүгүп турган. Анын гегемондору Польша Королдугу жана Улуу Литва Княздыгы болушканы менен аталган империяга азыркы Польшанын, Украинанын, Белоруссиянын, Литванын аймактары, анан калса, Россиянын, Латвиянын, Молдованын, Эстониянын жана Словакиянын кээ бир аймактары дагы багынып, баш ийип турган. XVII кылымдын орто ченинде князь Богдан Хмельницкийдин көтөрүлүшүнүн себептеринен кийин Украина эли Россияга бириккен. Орустар менен Речь Посполитаянын согуштук конфликтери ого эле узак созулган.Мен эми бул тарыхка тереңдеп кирбей эле коёюн. Ал белгилүү эле окуялар.

Андан кийин 1688-жылы Киев православиялык митрополия Москва патриархатына баш ийген. Кызык жери, андан кийинки окуяларда Рим католикалык чиркөөсүнүн таасири күчөп, поляктар менен литовецтер католик динин тутунушса, украиндердин азчылыгы православ дининде калышкан. Кийинчерээк протестанттар дагы көбөйгөн. Натыйжада, диндер аралык дагы келишпестиктер орун алган. Ушунун баары славяндардын көөнөргүс тарыхы. Элдери өздүк өзгөчөлүктөргө умтулушуп, керек болсо, ич-ара араздашып дагы келишкен.

Осмон империясынын, Швеция Королдугунун таасирлерин дагы эске алып коюшубуз керек. Ошондой себептер XXжана XXI кылымдарда деле тереңдеп отурду да. Аны 1917-1991-жылдары өздүк өкүмүн жүргүзгөн Советтер Союзу гана бириктирип кармап тура алды. Бирок, СССР тарагандан кийин украин жана орус элдери кайрадан өз ара атаандашкан улуттарга айланышты. Эсиңердеби, 2-Дүйнөлүк согуш бүтөөр замат эле Батыш өлкөлөрү менен АКШ “Гарвард долбоору” деген кыйраткыч куралды таңуулап башташкан. Англиянын премьер-минстри Уинстон Черчиллдин Фултондогу доклады, АКШнын ЦРУсунун башчысы Аллен Даллестин пландары дүйнөгө “муздак согуш” аттуу деструктивдик кыйроонун орун алышына себеп болгон.

Натыйжада, АКШ баштаган НАТО согуштук блогу менен СССР баштаган социалисттик лагер түзгөн Варшава Келишиминин ортосунда айыгышкан тирешүүлөр башталган. Ошондогу “Гарвард долбоору” толук ишке ашып, СССР жетектеген социалисттик блок бытырап кыйрады. Кытай менен Куба гана коммунисттик идеологияларынан кайтпай, мезгилдин талаптарына ыңгайы келген модель менен жашап кете алышты. 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мурдагы союздук республикалар өз алдынча күн көрүп келишет. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү же болбосо Прибалтика өлкөлөрүнөн башкалары көптөгөн кыйынчылыктардан баштарын көтөрө албай эле келишет.

Андан кийин ошол эле Батыш өлкөлөрү 1969-жылы “Хьюстон долбоорун” иштеп чыгышкан. Анын максаты -Россиянын өзүн тымтыркай кылып майдалап бөлүп жиберүү болгон. Россияменен Украинанын азыркы араздашы ошол долбоордун изи менен эле уланган аракеттер деп кабыл алсак болчудай. Иши кылып АКШ баштаган НАТО өлкөлөрү Украинанын аймагын согуштук эффективдүү саясат жүргүзүүгө ыңгайлуу болгон, Россияга каршы багытталган плацдарм катары таанышып, анан иш аракеттерин башташкан. Менимче, негизги себептери ушулар.

Украинанын батышында жайгашкан Галициянын өзгөчө тарыхы бар. Аны кээде Галичинадеп да атап коюшат. Бул аймакка Львов, Ивано-Франковск жана Тернополь облустары кирет. Убагында Галицияга азыркы Польшанын Малопольское жана Подкарпатское воеводалыктары дагы кирчү. Булардын илгертен берки эле өз алдынчалыкка умтулуу максаттары күчтүү. Белгилүү улутчул Стефан Бандера баш болгон жикчилдердин кыймыл-аракеттерин биз тарыхтан 2-Дүйнөлүк согуштан бери эле билебиз. Азыр алардын сепарататтык идеяларын уланткан улутчулдар катуу кетип жатышат. Азыркы таймашта, “Азов” өңдүү боевиктердин отряддарын курап алып, тынч жашап жаткан орус тилдүү Украина жарандарынын азабын берип жүргөндөр дагы ошолор. Демек, Украинаны денацификацияга алып келүү керек деген орус бийлигинин аракеттери ушундан улам көтөрүлүп жатат.

- 2014-жылы Крым жарым аралы элдик референдумдун натыйжасында Россияга кошулду эле. Андан кийин Донбасстагы Донецк жана Луганск облусттары да өздөрүн Элдик республика деп жарыялашты. Алардын бир мамлекеттин курамынан бөлүнүп чыгуусунун себеби эмнеде жана кесепети кандай болду?

- 2014-жылы Украинада ошол кездеги президент (кичи мекени Донецк шаары) Виктор Януковичти кулаткан мамлекеттик төңкөрүш болгон. Украина Батыш -Чыгыш болуп бөлүнө баштаган. Ооба, натыйжада, Крым эли Россияга кошулуу жөнүндөгү идеяны алып чыгып, референдум жолу менен маселени бир өңчөй кылып чечип алган. Андай кадамдарга адекваттуу жооп кылбай Россия отуруп алмак беле? Президент Владимир Путин демилгелеп, Россиянын Федералдык Жыйынынын эки палатасы тең колдоп, Крымды автономиялуу статусу менен өздөрүнө кошуп алышкан.

Мындай тарыхый чечимдерди АКШ баштаган Батыш Европа жана бир нече өлкөлөр эмдигиче “Крым аннексияланды” деп келишет. Россия менен Украинанын өздөрүнчө чындыктары бар. Биздин Кыргызстандын мындай татаал маселелер боюнча адилет жана калыс турган позициясы туура. Бир жаңсыл пикир чыгарып коюу бизге туура келбейт болчу. Анан Крымдын тагдырына окшотуп, Донбасстын 2 облусу Донецк менен Луганск дагы өзүнчө түтүн булатабыз дешип ДЭР жана ЛЭР деген түзүмдөрдү жарыя кылып салышты. Расмий Киевге Батышты ачык колдогон Порошенко президент болуп калды. Анан башталды. ДЭР менен ЛЭР, мына 8 жылдан бери кысымга алынып келе жатат. Канчалаган өмүрлөр кыйылып кетти. Бул чыныгы эле граждандык согушту элестетип жатпайбы? Болгону ушул! Мындай күндү бир дагы өлкө көрбөсүн. Чоң трагедия болду!

- В.Путин көп жылдардан бери НАТОнун улам Россиянын аймагына жакындап, курал-жарактарын орното баштагандыгын өз өлкөсүнө коркунуч катары айтып келет. 24-февралдагы аскердик операция ошол коркунучтун алдын алуу же мизин кайтаруу болгон жокпу? Анткени эгер Украина НАТОго мүчөлүккө өтсө, анда Россияга чындап чоң коркунуч жаралмак.

- Бул балакеттин баардыгы НАТОнун экспансиялык аракеттеринин азабынан башталып отурат. Мен жогоруда “Хьюстон долбоору” жөнүндө сөз кылбадымбы? Ошону эле иш жүзүнө ашыруу аракеттеринин натыйжалары. Украина элинен сурап коюштубу? Жок. Батыштын согуш “ястребдери” Чыгышты көздөй жортуулдарын күчөтүп отурушту. Акырында Украинанын НАТОго жана ЕСке мүчө болуп кошулуусу жакынкы убакыттын эле иши болуп калды. Бул кырдаал Россияны ойлонтпой койгон жок. Анын үстүнө Донбасс боюнча “Минск-1” жана “Минск-2” келишимдери ар кандай себептерден улам бир кадам дагы алга жылбай туруп калды. Көптөгөн дипломатиялык аракеттер текке кетти. Кырдаал ушул жылдын башынан бери эле күчөгөндөн күчөй берди. Андан соң эле Батыштын лидерлери “Россия Украинага кол салууга камынып жатат”- деген маалыматтарды байма-бай бере башташты.

Чыңалууу күчөдү. Россияга кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга баруу керектигинин зарылдыгы түзүлдү окшойт. Ошентип Украинага карата “атайын операция” башталып кетти. Аттиң, адамдардын каны төгүлгөн апаат орун алды! Батыштын лидерлери менен президенттер Путин жана Зеленский жолугушууларды өткөргөндөрү менен тынчтыкты кармап кала алышпады. Эми эки тараптан тең бири-бирин катуу каралаган маалыматтар берилип жатат. Муну баарыбыз түшүнүп эле турабыз. Ар кимиси өздөрүн актагысы келишет. Россия НАТОнун экспансиясынын алдын алып, операцияны баштаганын жарыя кылса, Украина болсо, “көз карандысыздыгыбыз үчүн күрөшүүгө аттандык”- деп айтып келишет. Эми кандай чара керек? Албетте, согуш тез арада токтоп, эки өлкөнүн ортосундагы орун алган конфликттер сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши зарыл. Эки мамлекеттин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү Беларуссияда бир нече раунд менен өтүп башталды. Ошондон үмүт кылып туралы. Мындай согуштун эч кимисине кереги жок. Карапайым элдин эле шору болуп жатат.

- Украинанын президенти В.Зеленский алгач “НАТО, АКШ, Батыш өлкөлөрү бизди карабай, таштап койду...”,- десе, акыркы билдирүүлөрүндө Германияны Россиянын газын сатып алуу менен экономикасына салым кошту деп айыптады. Чын эле Украина менен В.Зеленский НАТОнун карамагындагы өлкөлөрдүн Россия менен тирешүүсүндө курмандык болдубу?

- НАТО, АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү өздөрүнүн алгачкы эле кадамдарында Украинаны милитаристтик жолго буруп келишти. Тынчтык жолуна түшкөн мамлекетти өздөрүнүн экспансиялык максаттарына көздөй бура алышты. Буга мисал болуп, 2014-жылы эле орун алган мамлекеттик төңкөрүш менен анын артынан эле от алган жарандык согушту келтирсек болот. Ошондо эле Россиянын активдүү катышуусу менен Украина өзүнүн келечек тагдырын айкындап алса болбойт беле? Жок! Тескерисинче согуштук эскалацияга жол ачып берип коюшту.

24-февралдын алгачкы окуялары эле көрсөткөндөй, АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Украинаны өз алдынча Россия менен бетме-бет таштап коюшту. Президент Зеленский ошого капа болуп, жогорудагыдай сөздөрдү айтып жаткандай. Анын оюнда Батыш куралдуу күчтөрү менен активдүү согушка катышат деген болсо керек. Батыш анткен жок. Экономикалык санкциялар менен гана чектелип туруп алышты. Ооба, курал-жарактарды Украинага ченемсиз эле берип жатышат. Эки боордош элдин өз ара кырылышына жол берип коюп жаткандай. Батыштын тайсалдай баштаганына Россиянын лидерлеринин чечкиндүү сөздөрү, кадамдары жана кабыл алган чечимдери дагы себеп болуп жатат.Ошондуктан, Украина өз элин курмандыкка берип, көптөгөн жоготууларга дуушар боло баштады. Аттиң гана дейсиң да! Ушундай саясаттын боордош украин элине кереги бар беле?

- Эмнегедир Батыш өлкөлөрү менен АКШ кыйраган жана кансыраган Украина менен анын элине азык-түлүк эмес, жалаң гана курал-жарак берүүдө. Алардын мындай позициясын кандайча түшүнсө болот?

- Мен дагы аны байкап, чындап бушайман чектим. Демек, Батыштын амалдары такыр башка экен да? Азыр карапайым украиндиктерге эмне керек? Албетте, азык-түлүк, жылуу кийим, анан эң башкысы согуштун токтотулуусу керек. Канча адамдар жылуу жерлеринен козголушуп, качкын кейпин кийишип, карбаластап бечара болуп калышты. Гуманитардык катастрофа башталды. Ага карабай эле Батыш курал-жарак, ок-дары менен шыкап жаткандыктары алардын ою кандай экендигинен кабар берет. Эмне болгон күндө дагы өз пландарын ишке ашырууга жан далбас кылып киришти.

Бирок, Россия аларга туруштук берип, өз позицияларынан кайтпай келишет. Дагы айтып коёюн. Украина менен Россияны өз ара тынчтык мамиле жана аны камсыз кыла ала турган дипломатиялык сүйлөшүүлөр гана сактап калат. Башка жол, ушул катастрофадан геосясаттык пайда көрө турган өлкөлөргө гана керек! Алар - Батыш өлкөлөрү.

- Азыр Россия АКШ баштаган көптөгөн анын союздаштарынын экономикалык санкциясына кабылды. Алардын мындай кысымы Россиянын экономикасына кандай кесепетин тийгизиши мүмкүн?

- Согуш мезгилинде экономикалык санкцияларды киргизүү жолу менен таасир берүү XXI кылымдын башталышынан бери карай эле колдонулган чоң тактикалык жаңылыктар болуп калды окшойт. Конфликт башталгандан бери АКШ баш болгон бир катар өлкөлөр Россияга мурда болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизе башташты. Орус тарап алгачкы иретте унчукпай байкап отурду. Анан булар дагы өздөрүнүн чараларын көрүштү.

Эми кызык кырдаал түзүлдү. Батыш өзүнүн ойлонбой жасаган санкцияларынын курмандыктары боло баштаганы билинип калды. Алардын өздөрүндө экономикалык, айрыкча, энергетикалык кризистер башталды. Европа менен АКШда бензиндин баасы 3 эсе көтөрүлдү. Элдеринде нааразычылык орун ала баштады. Ооба, Россияга дагы кыйынчылыктар келди. Бирок, алардын дагы контраргументтери бар экен. Аны билгичтик менен колдонушту. Натыйжада, азыр Батыш кандайдыр бир декоративдик чаралар менен эле чектелип калышты. Ал ортодо АКШ долларынын кадырын төмөндөтүү аракеттери башталды. Кытай менен Индиянын кадамдары таасирдүү болуп турат. Алар БРИКС биримдигинин ресурстарын колдонуу идеяларын көтөрүшүүдө. Долларга альтернативалуу болгон валютаны киргизүү аракеттери уламдан-улам күчөй баштады. Бул - абдан зор саясий-экономикалык жаңылык болуп кетүүсү мүмкүн. Буга чейинки орун алып келген бир вектордуу дүйнө тартиби түп тамыры менен өзгөрүүгө алыпбарышы мүмкүн деп айтаар элем, мен.

– Россияга салынган санкциянын залалы Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Биздин мамлекетибиз кандай зыян тартышы мүмкүн жана ал кризистен чыгуунун кандай жолдору бар?

- Албетте, Украина-НАТО-Россия конфликтери бүт дүйнөнү азапка сала баштады. Covid-19 пандемиясынан эми араң кутула баштаган кезде, 24-февралдан бери орун алган согуш конфликтери көп өлкөлөрдүн экономикалык абалдарын начарлатып жиберди. Анын ичинде Биздин Кыргызстан дагы бар. Улуттук сомубуз кескин түрдө арзандай баштады. Дагы жакшы Кабмин аны ооздуктап калууга үлгүрдү. Бирок, коркунучтар дагы деле күчүндө. Ошондуктан президент Садыр Жапаров өзүбүздүн экономикабызды көтөрүү боюнча тынбай жаңы сунуштарды берип келүүдө. Импорт/экспорт балансасын өз кызыкчылыгыбызга жараша чечүү азыркы күндүн башкы талабы. Аны ишке ашыруу үчүн ата-мекендик продукцияларды өндүрүүнү күчөтүү, айыл-чарбаны жандандыруу.

Бул максатта мурда болуп көрбөгөндөй кадамдар жасалды. Мисалы, айыл фермерлерине деп бюджеттен 36 млрд. сом акча бөлүндү. Дагы башка каржы ресурстары мобилизацияланууда. Ишкер-бизнес өкүлдөрү менен пикир алышып, алардын ийгиликтүү иштерине өбөлгө боло турган кадамдар макулдашылды. Фискалдык саясат жанданды, ж.б. аракеттер катуу болууда. Азыр бизге саясий стабилдүүлүк аба менен суудай керек. Украинанын мисалынан оң натыйжа чыгаруубуз зарыл. Коңшулар менен ынтымакта жашоо гана бизге тынчтык алып келет. Андай болгон күндө алар менен биргелешип экономикалык карым-катнаштар оң жолго коюлат. Элдин турмушу жакшырат. Ошондуктан биз өз күчүбүзгө ишенип, алга жыла берүүбүз керек.

- Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөр Россиянын Украинадагы аскердик операцияларын айыптаган жана колдогон же бейтарап болгон позицияга өтүүдө. Мындай учурда Кыргызстан кандай багытты карманыш керек?

- Ооба. Башында ошол Сиз айткан пикирлер катуу үстөмдүк кылган. Бирок, кийинки окуялардан кийин көп мамлекеттер дагы түшүнө башташты. Кеп Украина менен эле Россияда эмес экен. Көбүнчө АКШ баштаган кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн саясий амбициялары дагы абалды курчутуп, бүгүнкүдөй трагедиялуу окуяларды пайда кылып жатат. Ар бир мамлекет бул араздашууну жактырбай тургандыктарын билдиришүүдө. Биз, Кыргыз Республикасы дагы адилет гана позицияны карманып турганыбыз оң. Биздин дагы өз кызыкчылыктарыбыз бар. Россияда 1,2 млн. эмгек мигранттары жашап, иштеп оокаттарын өткөрүп келишүүдө. Бул жактагы ата-энесин, үй-бүлөлөрүн багып жүргөндүктөрү айныгыс факт. Биз, эки боордош элге тең бирдей мамиле кылганыбыз оң. Геосаясий оюндардын курмандыктарына айланып калбайлы. Өзүбүздүн тынчтыкты сүйгөн касиетибизден кайтпай, биримдикте бололу.

Маектешкен Эмилбек Момунов, Булак: “Майдан. kg” гезити