К.Осмоналиев: Бул Академия билим берүүгө арналабы же илимий иш жүргүзгөн академиялык мекеме болобу?

- Каныбек агай, Токмокто Ислам Академиясын ачуу идеясы айтылды. Эгерде бул идея ишке ашса, идеологиялык коопсуздуктан сактай алабы?

- Азыр Ислам Академиясы деп эле ызы-чуу түшүп калдык. Түшүнгөнүбүз деле же андан эч бир кабарыбыз жокторубуз деле көсөм болуп чыга келдик. Адатыбызча тириукмуш сунуштарды киргизип эле жатып калдык! Маселе ошол Ислам Академиясынын кандай формасын жана мазмунун түптөгүбүз келет? Кеп мына ушунда!  Бул Академия билим берүүгө арналабы же илимий иш жүргүзгөн академиялык мекеме болобу? Же экөө аралаш алынып кетилеби? Эгерде эсиңиздерде болсо, бул идея Кыргызстанда 2019-жылдын декабрь айында катуу көтөрүлгөн. Күлкүң гана келет да! Ошол кездеги бийлик чу дегенде эле: “бул Академия мамлекеттик кызматчыларды, башкача айтканда аткаминерлерди окутат”- деп чыкты! Анан бир күндөн кийин эле ошол кездеги ойду-тоону сүйлөгөн президенттик аппарат “дин кызматкерлерин окутабыз” деп айкырды! Иши кылса кызык эле жагдай түзүлгөн. Ал эми Билим берүү министрлиги болсо, “биз академияны көзөмөлгө алуубуз керек, бул жерде аткаминерлердин диний билимин жогорулатуу, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында иштешибиз керек”- дегендей болгон. Биз ошондо суроо бергенбиз: “Бизде конституциялык норма болуп эсептелген светтик (дүйнөбий) мамлекттигибизге бул аракетиңер канчалык деңгээлде туура келет? Дин мамлекеттик башкарууга, мамлекет болсо динге аралашпаш керек. Ал эми сиздер болсо мамлекеттик кызматкерлерди Ислам Академиясында окутабыз деп жатасыздар? Бул жагын кандай түшүнсө болот? Биз эмне теологиялык өлкө курууга кириштикпи?” -дегендей. Ошол боюнча жообу жок калтырылып келген. Менин эсимде, ошол долбоордун демөөрчүсү жана аткаруучусу Бириккен Араб Эмиратынын Шейх Мухаммад Зайед Фонду болуп эсептелет деп жарыяланган болчу. Азыр Токмокто курулат деген Академия ошол Фонд менен байланыштуубу? Эгер ошондой болсо, 2 жылдан бери ал долбоор формасын жана мазмунун өзгөрттүбү же ошол эле бойдон келиштиби? Маалымат азырынча жок! Өзү Ислам Академиясын түзүү идеясы мага абдан жагат. КМШ өлкөлөрүнүн бир тобунда мындай мекемелер ачылган. Бирок, анын милдетин так аныктап алалычы, бай болгурлар! Чыныгы идеологиялык коопсуздугубузду коргоп бере алабы? Же катардагы эле чала сабат молдолордун акча кылуучу жайына айланып кетеби? Анын менен жарыш иштей турган Бишкектеги Ислам университети менен өлкөбүздөгү 10 Ислам институттарынын абалдары кандай болот? Кадрдык жана интелектуалдык ачкачылык орун албайбы? Суроолор көп!

- Ислам Академиясын шылтоолоп, “Талибдер” кирип, Кыргызстанды коркунучка кептейт дегендер бар. Чын эле бул жагынан коркунуч барбы?

- Андай коркунуч жок эмес! Анткени, бүгүнкү күндө бизде эл аралык деңгээлдеги ислам теологдору жокко эсе. Болсо дагы андай аалым-адистерди жергиликтүү, билими тайкы “ишмерлер” муфтиятка жана Ислам университети баштаган институттар менен медреселерге жакын жолотпой коюшкан. Андай билимдүү , исламий кадрларыбызыдын көбү башка өлкөлөргө кетип калышкан. Илимий мектеп жөнүндө айтпай эле коёюн. Ал бизде жок! Эмдигиче, 30 жыл ичинде ислам илимий интеллигенциясын эмнеге түзө албадык? Эмнеге Кыргызстан исламдын дүйнөлүк агымдарынын полигону болуп калды? Менин суроолорума туура түшүнөсүздөр деп ойлойм!

- Кооптуу мезгилде биз сөз кылып жаткан Ислам Академиясы элди диний караңгычылыктан сактай алабы?

- Эгерде ушул Академияны туура саясат менен ачсак, албетте чоң өбөлгө болот. Тарыхка кайрылалы. Ислам Ренессансынын базасын кандай мекемелер түзгөн? Албетте, алар  820-жылдары Багдадда түзүлгөн “Акылмандар Үйү” (Байт аль хи'кма) менен Египеттеги 970-жылы түптөлгөн Аль-Азха'р университети. Ал мекемелерде бүткүл ислам дүйнөсүнүн мен деген аалым-окумуштуулары эмгектенишкен. Алар пайдалуу телогиялык материалдарды берип турушкан.  Философия менен теологияны айкалыштыра билишкен. Жаш, дилгир балдарды окутуп гана тим болбостон, алардын активдүү катышуусу менен илимий иштерди жүргүзүшкөн. Натурфилософиядан качышкан эмес. Байыркы жоголуп бара жаткан грек цивилизациясынын эмгектерин араб тилине которушуп, аны өздөрүнүн комментариялары менен байытышкан. Натыйжада дүйнөнү дүңгүрөткөн Улуу Араб Цивилизациясын түптөшкөн. Эң башкысы Европа жана башка өлкөлөргө ошол илимий баалуулуктурды жеткирип беришкен. Орто кылымдагы Европанын Кайра Жаралуу Доорунун себепчиси болушкан. Биз азыр өз алдыбызга ошондой амбициялуу маселелерди коюшубуз керек экенин түшүнөлү!

- Ислам Академиясы Кыргызстанга керекпи? Аны ачуунун зарылчылыгы барбы?

- Албетте керек. Мен дагы кайталап коёюн. Ислам Академиясынын түзүлүшүн мен  кубаттап колдоймун! Менимче, ал мекемеде дүйнөбий жана теологиялык адистиктер жарыша окутулушу керек. Анан сөзсүз илим изилдөө иштери жүргүзүлүшү абзел. Бишкектеги Ислам университетинин алдына убагында ушундай талаптарды канча жолу койдук! Уккан жан болбоду! Алыс барбай бизге шериктеш болгон мамлекеттердеги Ислам Академияларын эле алалы. Мисалы, Ташкенттеги Эл аралык Ислам Академиясы. Ал 2018-жылы, апрелде  Өзбек Республикасынын президентинин  Жарлыгы менен түзүлгөн. Алматыдагы “Нур-Мубарак” университети. Казак жана Египет өлкөлөрүнүн президенттеринин демилгеси менен курулган. Россиядагы Татарстандын Болгар шаарындагы Болгар Ислам Академиясы (ноябрь, 2015-жыл) бар.  Бул мекемелер азыр эң алдыңкы дүйнөбий  жана теологиялык окуу-илимий борборлору болуп эсептелишет. Биз дагы ошол жолду тандашыбыз керек!

- Каныбек агай, аталган академиянын Кыргызстанга зыяны эмес, пайдасы тийиши үчүн эмнелерди эске алышыбыз керек?

- Менин ушул жаңы түптөлө турган Ислам Академиясында кандай адистиктер окутулушу керек жана кандай илимий иштер жүргүзүлүшү зарыл деген багытта өз пикирлерим бар. Башкача айтканда, Академиянын негизги милдеттери менен максаттары мындай болуусу керек деп эсептеймин: курантаану, хадистаануу, ислам укугу, акида, ислам экономикасы жана каржылоосу, тарых, ислам философиясы боюнча магистрлер менен бакалаврларды даярдоо; дүйнөбий адистиктеринен болсо: динтаануу, эл аралык мамилелер, чет тилдер, ажылык жана жалпы эле дин менен байланышкан туризм, классикалык чыгыш филологиясы боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо.

Мындан сырткары, өлкөбүздүн баардык ислам билим берүү мекемелерин окуу-усулдук жана окуу-нормативдик материалдар менен камсыз кылуу милдетин мойнуна алуусу абзел. Бул Академия баардык ислам билим берүү мекемелеринин билим берүү ишмердиктерин координациялай турган орган дагы болуусу максатка ылайыктуу. Анан, албетте баардык дүйнөлүк ислам дини боюнча илимий иштерди уюштуруу милдети. Иши кылып бул Академия чыныгы интеллектуалдык борбор болуусу бүгүнкү күндүн талабы. Андай болбосо ал кезектеги эле бир чала молдолор жем жеген акырга айланып калат. Ал турсун караңгычылыкка сүйрөгөн бир балакеттүү борбор болуп калбасын. Андан Кудай сактасын!

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити