К.Осмоналиев: Мен муну өткөн кылымдын 30-50 жылдарда орун алган геноциддик кайгы менен катар коёр  элем.

- Каныбек агай, ажо: “Менин эң негизги максатым “Кумтөр” сыяктуу элдин байлыгы болгон кен байлыктарды элге иштетүү болчу. Буюрса, аны ишке ашырдым”- деди.  Бул тармакта президент айткандай жыйынтык болдубу?

- “Кумтөр” эпопеясы 1992-жылдан бери эле кыргыз элинин кара башына түшкөн ырайымсыз трагедия болду. Мен муну өткөн кылымдын 30-50 жылдарда орун алган геноциддик кайгы менен катар коёр  элем. Бул катаклизимге биринчи кезекте акаевдик-бакиевдик-отунбаевалыктык-атамбаевдик-жээнбековдук кылмыштуу бийликтердин кыргыз элине болгон чыккынчылык саясаттары күнөлүү! СССРден каалган баа жеткис завод-фабрикаларды талап-тоногондору аз келгенсип, колхоз-совхоздорду кыйратышты. Малдарын ит бекер сатышып, айыл-чарбасын талкалашып, анан илим, билим берүү мекемелерин, саламаттыкты сактоо жана маданий очокторун кыйратышты. Андан кийин 1 миң тоннага чейин алтын запасы бар “Кумтөр” баш болгон кендерди сатып киришти. Ар бир баштаган долбоорлору чет өлкөлүк шылуундар менен биргелешип турду. Анан кайдагы элге пайдалары тиймек. Садыр Жапаров алгачкылардан болуп бул мафияга каршы турду, ачык күрөштү. Депутаттык комиссиянын алкагында кашкайган чындыкты айтып турду. Бирок, алтын мафиясы ушунчалык терең тамырлаган экен. Дагы деле болсо моюн бербей келет. Жапаров президент болгондон кийин “Центерранын” активдерине контролдук кылдырып сырткы башкарууну киргизип койду. Парламент колдоду. Өкмөт керектүү токтомун токуп, башкаруучу адамдарды дайындап берди. Бирок, күрөш дагы деле уланууда. Шылуун канадалыктар жөн эле багынып беришмек беле. Эми Нью-Йорк сотунун чечимин угалы. Анан белгилүү болот. Бирок, катуу биригип каршылык көрсөтүүбүз керек. Эл Садырга ишенип калды! Керек болсо улутташтыруу ишине өтүшүбүз керек. Башка жол жок! Азыр эйфорияга кирүүгө али эрте. Жөн эле добулбас ура бербейличи! Бирок, өжөрлөнүп алдыга кете берели. “Кумтөр” боюнча элдин эң чоң душмандары ошол “Центеранын” арасына тыгылып киреп алган өзүбүздүн эле жаран-акционерлерибиз. Алар канадалыктарга караганда миң эсе коркунучтуу. Алар эбегейсиз байлыкка бекерден-бекер эле туйтунуп келишкен. Эми ал байлыктарынан жөн эле ажырап калышпайт. Керек болсо согуш ачканга чейин барыштары мүмкүн. Ошондуктан Садыр Жапаровдун админстрация алар менен аёсуз күрөшө алабы? Кептин баары ошондо! Элдин кыжырына тийишпесин да!!!

- Чек ара маселесинин чечкенге күчү жетеби? Башка мамлекеттер чек арасын чечүүгө бизчелик кызыкдарбы?

- Азыр чек араны чечүү - эбегейсиз чебер дипломатияны талап кылган саясатты талап кылып калды. Бул анча-мынча эле адамдардын колунан келе албай калды. Өзгөчө шарм, өзгөчө эрк, күжүрмөн кайрат талап кылынат экен! Тийип-качып, күчкө сала коюп чечүү аракети - бул жеңил ойлуулук! Тиги тарап менен тил табышуунун чебер тактикасы гана ийгиликке жетиштирет. Азыр курал колдонуп маселени чечүүнүн өзү опурталдуу. Чоң өрт чыгып кеткени турат. Элдик дипломатияны колдонбой келебиз! Эл аралык институттардын эбегейсиз зор ресурстары менен такыр ишибиз жок. Президент болгон аракетин жасап жатат. Бирок, тигилер менен болгон гармониялык өнөктөштүктөр иштебей жатпайбы?

- Олипиадада ийгилик жараткан спортчуларды сыйлоо аземинен кийин эмгеги бааланган спортчулар да, сый акыга татыган машыктыруучулар да буга чейин мындай мамиле болбогонун айтышып, ыраазы болушту. Эми президенттин колдоосунан киийн сопрт тармагы да жанданат деп үмүт арсак болобу?

- Олимпиаданын күжүрмөн  баатырларыбызды президент татыктуу тосуп алды жана жакшы сыйлады. Баарыбыз ыраазы болдук. Эми ушундай маанилүү иш чараны таштап койбой же болсо мафиялашып алышкан спорт функционерлеринин колуна кармата салбай бийликтин күнүмдүк контролунда катуу кармап туруусу абзел. Бул керек болсо , улуттук намысыбыз. Демек улуттук идеологиянын бир баалуу түзүүчүсү, Болгондо дагы абдан маанилүүсү. Мамкатчынын ар дайым көзөмөлүндө жана камкордугунда болушу шарт. Спорттук сарайлар жокко эсе. Керектүү инвентарлар дээрлик эле жок. Спортсменге зарыл болгон кийим-кече, тамак-аш өтө маанилүү камкордуктар болуусу зарыл. Өлкөбүз спорстсмендерге татыктуу шарттарды түзүп туруп, анан гана алардан спорттук жетишкендиктерди талап кылууга акысы бар. Андай болбосо жөн эле көз боёмочулук же профанация болуп калат!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити