Эл аралык валюта фонду Кыргызстандагы экономиканын ѳнүгүүсүн ушундай болжолдоп жатышат.

Фонддун прогнозуна ишенсек, 2021-жылы ѳлкѳбүздѳ экономикалык ѳсүш 3,8 %ды түзсѳ, 2022-жылы 6,4 %дык ѳсүш болот экен. Буга алтын ѳндүрүүнүн перспективасы, туризм, транспорт, тейлѳѳ тармактарынын жандануусу себепкер болот дейт.

“Жылдык инфляция жакынкы айларда жогору болуп, бирок акырындап 5-7 %ды түзѳт. Дефицит 2021-жылы ИДПга карата 6 %ды түзѳт, бул импорттун калыбына келүүсү жана чек аралардын ачылуусу менен шартталат”,- дешет Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеңешинин мүчѳлѳрү.

Булак: “Майдан. kg” гезити