“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео байкоочу камералардын натыйжасы жаман эмес.

Долбоор ишке киргизилгенден - 2021-жылдын 25-июнуна чейин  2 млн. 448 миң жол эрежесин  бузуулар катталган. Бул албетте кѳп. Видеокамераларсыз мынча жол эрежесин бузгандар катталмак эмес. Алар МАИчилер тарабынан жеринде чечилип, тѳлѳнгѳн “айып пулдар” инспекторлордун капчыктарына кетмек. Бирок бул жагы жакшы болгону менен айып пулдарды ѳндүрүүдѳ маселе бар экен. Дегенибиз, жол эрежесин бузгандардын 1 млн. 630 миң 218и айып пулдарды тѳлѳшсѳ, калганы тѳлѳшѳ элек. Пайыздык катыш менен алганда, бул 66,5 %ды түзѳт, жалпы тѳлѳнгѳн айып пулдардын суммасы 1 млрд. 800 млн. 757 миң сомду түзгѳн. Бул жазылган айып пулдарды убагында тѳлѳтүү чарасын кѳрүү керек дегенди билдирет. Балким, айып пулдардын ѳлчѳмүн азайтуу, же айдоочуларга карата башкача чараларды кѳрүү керектир…

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын 4-мартында ишке киргизилген. Анын алкагында Бишкекте 38 жол кесилишине, Чүй облусунун аймагында 52 жерге видео байкоочу камералар орнотулган.

Булак: “Майдан. kg” гезити