Президент Садыр Жапаров 23-июнда Кыргызстандагы бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Өлкөдөгу ишкерлер жана инвесторлор мамлекет башчыга көйгөйлөрүн айтышып, ага тийиштүү жооп алышты. Жолугушууда ишкер-коомчулугуна тийиштүү бардык маселелер көтөрүлдү: салык, текшерүүчү органдар, чектөөлөр жана уруксат кагаздары, бажы төлөмдөрү жана коопсуздук маселеси. Ишкерлердин көтөргөн маселелеринен улам көпчүлүгүн, айрыкча сырттан келген инвесторлорду коопсуздук маселеси көбүрөөк тынчсыздандыраары белгилүү болду. Бул боюнча президент мындан ары ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттерге жол берилбей турганын жана экономиканы көтөрүү үчүн аларга бардык шарттар түзүлөөрүн убада кылуу менен жооп берди.

Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти: Ушул күнгө чейин ишкерлер чиновниктердин аркасынан чуркап жүрсө мындан ары тескерисинче болот

- Кыргызстан дагы деле жакырчылыкты жеңе албай жатат. Жакырчылыктын деңгээли дээрлик 25 пайызга өстү, алыскы аймактарда 40 пайызга чейин жетти. Бул сандар аймактардагы экономиканын өнүгүшүндө олуттуу диспропорция сакталып жатканын билдирет. Ошондуктан, шаар менен айыл тургундарынын киришесинин айырмачылыгын азайтууга тийишпиз. Бүгүнкү күндө эл жумуш орундарын түзүүнү жана бардык тармактарга адилеттүүлүктү орнотууну талап кылууда.

Биз өсүп-өнүгүүнүн жаңы пайдубалын түптөө үчүн жаңы эрежелердин негизинде иш алып барабыз. Мамлекеттин бизнес чөйрөсүнө кийлигишүүсүн чечкиндүү түрдө азайтабыз. Ишкерлер арасында мамлекеттик текшерүү органдарына болгон нааразычылык кескин күчөдү. Укук коргоо жана фискалдык органдардын тар кызыкчылыгынан улам иштеп жаткан ишканалар токтоп калган учурлар да бар.

Акыркы кезде бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөдү. Укук коргоо жана фискалдык органдардын тар кызыкчылыкты көздөгөнүнөн улам иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калганы тууралуу фактылар да жок эмес. Салык кызматы болсо пландык текшерүүлөр кыскарды дегени менен пландык эмес текшерүүлөр көбөйүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Мындай текшерүүлөр укук коргоо органдарынын өтүнүчүнүн негизинде жүрүп жатканы айтылууда. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин терең иликтеп, аны жоюу тууралуу чечим кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат.

Ушул күнгө чейин ишкерлер чиновниктердин аркасынан чуркап жүрсө мындан ары тескерисинче болот. Министрлер ишкерлерге “мына, шарт түзүп берейин” деп турушу керек. Антпесек биз мамлекетти көтөрө албайбыз. Министрликтерде ишкерлердин айлап-жылдап бүтпөй жаткан кагаздары дагы деле жатат. Эски заманды унуталы. Бюрократия мындан ары да улана берсе, чиновниктер иштен кетет, керек болсо камалат.

Алмамбет Шыкмаматов, инвестиция тартуу жана коргоо министри: Жалпы инвесторлорду “Кумтөр” менен болгон чырга байланыштырган саясий спекуляцияга жол бербөө зарыл

- Жалпы инвесторлорду “Кумтөр” менен болгон чырга байланыштырган саясий спекуляцияга жол бербөө зарыл. “Кумтөр” – өзүнчө окуя. 30 жылдан берки коррупциянын эң жогорку деңгээлге чыккандагы көрүнүшү. Аны менен эл аралык эрежелерди карманып, мыйзам алкагында циыилдүү түрдө эсептешкенге аракеттенебиз. Ошол эле убакта коррупцияга аралашпаган, мыйзам бузбаган, мамлекеттин кадырын сыйлаган инвесторлорду бапестеп, коргоп алуу мамлекеттик вазийпасы.

Эл менен инвесторлордун ортосундагы түшүнбөөчүлүктү токтотуу үчүн чараларды көрүү керек.  Маселе коомчулук, эл тарабынан болуп жатат. Андайда өз элибизге каршы чыга албайбыз да. Терс көрүнүштөрдү болтурбоо, алдын алуу үчүн элге туура маалыматтарды жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алышыбыз керек.

Курманкул Зулушев, башпрокурор: Биздин өлкөдө эч ким өзгөчө статуска ээ эмес, ишкерлерге тийишкендер тиешелүү жазасын алышат

- Кыргызстанда кызмат адамдары мамлекеттен уурдап алган каражаты менен өздөрүн ишкер көрсөткөн фактылары көп, ал башка ишкерлерге да терс таасирин тийгизип  жатканын жашыруу мүмкүн эмес. Биз мыйзамдуу ишкерлерди кантип коргоп калабыз? Ушул маселе олуттуу болуп турат. Президентибиз динамикалуу өлкө курабыз деди, баарыбыздын максатыбыз ошол. Бул сиздердин укукту милдеттүү коргоого да байланышкан. А сиздер чын көңүлдөн салык төлөп, мыйзамдуу бизнес менен алектенүүгө аракет кылыңыздар.

Биз сиздерди кантип коргойбуз? Ишеним телефондору бар, андан сырткары Башкы прокуратуранын сайтында онлайн-арыз жазуу бөлүмү иштеп жатат. Ага жазылган арыздарды мен жана менин жардамчым гана окуйт. Ошол күнү текшерүү башталат. Укук коргоо кызматкерлери мыйзамсыз текшерсе, жергиликтүү бийликтин мыйзамсыз иш аракеттерине туш болсоңуздар, бул жакка убара болуп келип арыз жазуунун кереги жок. Онлайн арыз жазып коюңуздар, даректи калтырыңыздар, дароо текшеребиз. Ким болбосун, мейли ал укук коргоо кызматкери, прокуратура кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлү болбосун, мыйзамсыз иш аракеттерге барса, кабарлаңыздар. Пара берүүдө буюм далили болушу керек, а мыйзамсыз текшерүүлөрдү биз топтолгон документтер менен эле аныктап коебуз.

Акыркы 8 айда болгону 85 ишкерден арыз түштү. Анткени, ишенбейсиздер. Укук коргоо органдары ич ара сүйлөшүп алышат да, үлүшүн алып ишти жаап салышат. Анан ортодо бизге кысым башталат деп ойлойсуздар. Андай болбойт. Биздин өлкөдө эч ким өзгөчө статуска ээ эмес, тиешелүү жазасын алышат.

Эгер ага да ишенбесеңиздер, менин жеке кепилдигим керек болсо, ар жуманын бейшемби күнү жеке абы лалам. Өзүмө келип, маселеңиздерди айтыңыздар.

Ильяс Түлекеев, “KAZ Minerals Bozymchak” ЖЧКсынын башкы директору: Бийликтин колдоосу Кыргызстанда ишкердиктин жана инвестициялык долбоорлордун мындан ары да өсүшүнө  жол ачат деп ишенем

- Президент менен жолугушуу абдан жакшы маанайда өттү.  Анда ишкердик менен мамлекеттик бийлик органдарынын  ортосундагы маанилүү  маселелер көтөрүлдү. Бул багыттагы диалог үчүн жакшы аянтча түзүлдү.  Албетте, бийликтин ишкердикти угуп анда болуп жаткан түрдүү тоскоолдуктарды жоюу аракети кубандырат. Ошондон улам мындай жолугушуулар Кыргызстанда ишкердиктин жана инвестициялык долбоорлордун мындан ары да өсүшүнө  жол ачат деп ишенем. Мен жеке өзүм чет элдик инвестициялар - социалдык-экономикалык өнүгүүнүн эн натыйжалуу жолу деп эсептейм. Анткени, алар мамлекеттик бюджетке кошумча салыктарды төлөө менен жумуш орундарын түзүшөт.  Мындан тышкары чет элдик инвесторлор Кыргызстандын башка мамлекеттер менен жакын мамиледе багыт алышына өбөлгө  болот.