Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров экөөсү бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда айтылуу кыргыз олигархтары Аскар Салымбеков, Рахатбек Ирсалиевдер мамлекет башчыга арыз-даттанып, ишмердүүлүгүнө бут тоскон жагдайларды ачык айтышты. Мисалы, Аскар Мааткабылович “Мен раматылык Мухтар Өмүракунов экөөбүз Ат-Башыга логистикалык борбор куралы деп, мен 50 миң долларга суу чыгарып, Мухтар жолду оңдогондон кийин бекерчилер менен жазгычтар бизди кубалап жиберишти...”,- деп наалыды. Ал эми Р.Ирсалиев болсо, өзү банктардан карызга акча алып, кичи ГЭСти араң курган менен азыр ошол өндүргөн электр энергиясын сата албай, айласы кеткенде каражатын биткоин менен алмаштырып жаткандыгын айтып, көйгөйүн чечип алышкандай болду.

Дагы бир ишкер, “Россия Нефть” ЖЧКсынын өкүлү Семетей Козуев болсо мамишканалар ишкерлерден “доля сурап жатканын” айтып нааразы болду. Козуев май куюучу жайды ачуу үчүн 5-6 мекемеден уруксат алуу керектигин билдирди. Анын айтымында, аткаминерлер ишкерлерди колдоонун ордуна “доляга” отуруу үчүн соодалашат экен.

“Ар биринде “азамат” деп, желкеден таптап “сен ушунча жумуш орун түзөсүң, мамлекетке салык төлөйсүң” деп туруп колдогону жок да. Бир гана соодалашмай, бир гана “доля” сурамай. Кадимкидей соодалашат. Товарды бир жерден алып келип сатып жатканда “ага болбойт, мынчага болот”,- дейт. Болбосо бир-эки жыл жүрө бересиң ошол ишти аткара албай. Баарыны мыйзамдуу кылмак дагы, эптеп “долясын” алып туруп, “конвертбайлар ушинтип жашап жатышат”,- деди ал.

Мындан сырткары Семетей Козуев көмүр карьер ачуу үчүн 200 миң доллар инвестиция кылганын, бирок “доля” берүүдөн баш тарткандыктан бул иш эки жылдан бери жылбай жатканын айтты.

А.Жапаров мындай көрүнүштөрдү жоюу үчүн механизмдер иштелип жатканын билдирди. Ошондой эле Жапаров Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутмановага кайрылып, Оштун экотехинспеция башкармалыгынын жетекчиси буга чейин айтылган иштерди жасаган болсо иштен алууну тапшырды.

Президент болсо түз эле “Мындан ары ишкерлерге бут тоскон чиновниктер иштен гана алынбай, камалат...”,- деп кесе айтты.

Булак: “Майдан. kg” гезити