Мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүндө ири ишкерлер менен мамлекеттик мекеме, органдардын өлкөнүн, элдин кызыкчылыгында тыгыз иш алып баруусу чоң мааниге ээ. Бул дүйнөнүн бардык жеринде ушундай. Бирок тилекке каршы, бизде көптөгөн жетекчилер, чиновниктер тоңмоюндук кылышып, «сен мага кайрылба, мен сага унчукпайм» принцибине өтүп алышып, ишкерлердин кайрылууларын, өтүнүчтөрүн, сунуштарын четке кагышып, алар менен иштешүүгө кызыкдар эмес болуп келишерине аз күн мурда дагы бир жолу ынандык. Биздин чиновниктердин эстерине келип, кыймылдашы үчүн сөзсүз президенттин «камчысы» керек экен. Президенттин бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуусунда ишкер Р. Ирсалиев өзү курган чакан ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергияларын «Чыгышэлектро» 2 жылдан бери сатып албай жатканын айтты эле, президент каарын төккөндөн 2 күндөн кийин маселе чечилип, контракт түзүлдү. Болот экен го!

Эми мүмкүнчүлүгү бар ишкерлердин колдоолору менен чакан ГЭСтерди куруп, алардан өндүрүлгөн электр энергияларды мамлекеттин сатып алуусун жөнгө салуу керек. Чакан ГЭСтер көбөйсө, өлкөнүн энергетикалык секторундагы түйшүктөр аз да болсо жеңилдейт.

Минтип мамлекеттик органдарга, чиновниктерге жолуга албай, долбоорлорду ишке ашыра албай келаткан ишкерлер, физикалык тараптар толтура. Ушундан улам «Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө» (ГЧП) мыйзамы иштебей келүүдө. Мыйзам толук кандуу иштегенде, көптөгөн долбоорлор ишке ашырылмак. Бул мыйзамды аткаруу үчүн да президент «камчысын» ойдолотуп, маселени кабыргасынан коюп, ишке ашырууга убакыт белгилеп турушу керек окшойт. Ансыз биздикилер кыймылдашпайт турбайбы…

Мирлан Дүйшөнбаев