Башка өлкөлөрдөгү мамлекеттик ишканалар өнүгүп-өсүүнүн үстүндө болсо, Кыргызстандагы мамлекеттик ишканалардын иштери артка гана кетүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ишенсек, реалдуу сектордогу ишканалардын 2020-жылдагы чыгашасы 60,5 млрд. сомду түзптүр. Бул 2019-жылдагыга салыштырганда 7 эсеге көп дегенди билдирет.

2020-жылы реалдуу сектордогу экономикада 22 миң ишкана иштеп, алардын кирешеси 10,6 млрд. сомду түзгөн. 2019-жылы бул көрсөткүч 4,5 эсеге көп болчу.

Жогорудагыдай көрсөткүчтөр эмнеден кабар берет? Мамлекет жаман менеджер дегенге далилби же өлкөдөгү пандемиялык кырдаал таасирин тийгиздиби? Эмне үчүн мамлекеттик ишканалардын ишинде жеке менчик ишканалардыкындай өсүш, натыйжа болбойт?

Албетте, килейген мамлекеттин, бүтүндөй өкмөттүн ишканаларды иштете албайт дегени болбогон сөз. Болгону мамлекеттик катуу көзөмөл, талап болбой жаткандыгын билдирет. Буга кошумча коррупциялык көрүнүштөр да ишти артка тартып жатканы талашсыз.

Булак: “Майдан. kg”  гезити