- Турсунбай агай, президенттин жана Министрлер кабинетинин ишкерлерге женилдик берилет, ашыкча текшерүү болбойт дегени ишкерлерге колдообу?

- Мамлекеттик кызматта иштеп, байыймын, үйлүү, унаалуу боломун, алтынга, долларга чөмүлүп жүрөмүн деген шылуундар негизинен ишкерлерден пара алып же алардын кызыкчылыгын өкмөттүк, министрлик деңгээлде 10-35% үлүшкө отуруп коргоп баючулар. Ошон үчүн ишкерлердин текшерүүдөн баштары көтөрүлбөчү. Текшерүүлөрдү азайтып, ажобуз ишкерлерди колдогонун далилдеди.

- Башкы прокурор баш болуп, Кыргызстана эч ким өзгөчө статуса ээ эмес, ишкерлерге тийишкен адам ким болбосун жазасын алат дешти. Ушундан улам ишкерлерди мамлекеттик деңгээлде колдоо башталды деп үмүт артсак болобу?

- Цивилизациялуу өлкөлөрдө мамлекет бизнести эмес, а бизнес мамлекетти колдоп турат. Болгону мамлекет тарабынан бизнести колдоочу жакшы мыйзамдар иштеп турушу абзел. Жана сот бийлиги ишкерлерди атканминерлердин мыйзамсыз иштеринен колдоп турушу керек. 

Кыргызстанда чынчыл жол менен байыгандар эсептелүү эле. Калгандар ыктыярдуу же мажбур түрдө мамлекеттик кызматкерлерге пара берип, бизнесин ачууда же өнүктүрүүдө, башка сөз менен айтканда - мамлекеттик кызматтагылар бизнесмендерге «крыша» болуп беришет. 

- Ишкерлерди колдоо, экономиканы жогорулатуунун аракетиби?

- Мамлекеттик кызматтагы шылуундар бизнеске тоскоолдук беришпесе эле Кыргызстанда бизнес мыкты өнүгүп кетет! Өзгөчө азыр, чет өлкөдөн инвесторлордун келүүсү проблема болуп жатканда, ата-мекендик ишкерлерди мамлекет колдоп турууга милдеттүү. Анткени, алар биздин ички инвесторлорубуз.